Өлкө аймактары менен кубаттуу
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
697 Бардыгы / Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев Башкы прокуратурадан Financial Times гезитине жарыяланган макаладагы маалыматты текшерүүнү өтүндү. Бул тууралуу 8-декабарда Inbusiness.kz сайты жазды. 3-декабрда британиялык Financial Times басылмасы Тимур Кулибаев Борбор Азиядан Кытайга өтчү газ куурунун курулушуна байланыштуу долбоорду ишке ашырууга багытталган “сырдуу схеманын” эсебинен он миллион доллар тапканын жазган. Inbusiness […]
698 Бардыгы / Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев Башкы прокуратурадан Financial Times гезитине жарыяланган макаладагы маалыматты текшерүүнү өтүндү. Бул тууралуу 8-декабарда Inbusiness.kz сайты жазды. 3-декабрда британиялык Financial Times басылмасы Тимур Кулибаев Борбор Азиядан Кытайга өтчү газ куурунун курулушуна байланыштуу долбоорду ишке ашырууга багытталган “сырдуу схеманын” эсебинен он миллион доллар тапканын жазган. Inbusiness […]
НАЗАРБАЕВДИН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ FINANCIAL TIMES БАСЫЛМАСЫНДАГЫ МАКАЛА БОЮНЧА БАШКЫ ПРОКУРАТУРАГА КАЙРЫЛДЫ
09.12.2020 / Автор orozalieva699 Бардыгы /
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев Башкы прокуратурадан Financial Times гезитине жарыяланган макаладагы маалыматты текшерүүнү өтүндү. Бул тууралуу 8-декабарда Inbusiness.kz сайты жазды.
3-декабрда британиялык Financial Times басылмасы Тимур Кулибаев Борбор Азиядан Кытайга өтчү газ куурунун курулушуна байланыштуу долбоорду ишке ашырууга багытталган “сырдуу схеманын” эсебинен он миллион доллар тапканын жазган.
Inbusiness басылмасы жарыялаган маалыматта “Кулибаев накта фактылар менен далилденбеген, бири-бирине дал келбеген субъективдүү кортундуларга негизделген макалага макул эместигин билдиргени” белгиленген.
Ушул тапта Башкы прокуратурадан бул боюнча комментарий алганга мүмкүн болгон жок.
Financial Times гезитинин журналисти Том Бержес макаласын 2008-2014-жылдар аралыгындагы электрондук кат алмашууларга таянып жазган. Ал каттарды журналистке ысымы аталбаган булак берген. Басылма ырастагандай, каттар Кулибаевге ЕТК компаниясы менен түзүлгөн келишимдерден киреше табууга мүмкүнчүлүк берген схемаларды ачыктаган.
Басылманын маалыматы боюнча аталган компания Украина менен Орусиянын заводдорунан түтүктөрдү сатып алып турган. Ошондой эле ал бул заводдорго продукция өндүрүү үчүн кымбат баада болот металлын жеткирчү.
Бержес колундагы келишимдерди иликтеп көрүп, чийки зат болот өндүрүүчү Jiangsu Shagang деген кытайлык компаниядан тоннасы 935 доллардан сатып алынып, орус заводдоруна 1500 доллардан жеткирилип турганын жазган. Автордун эсебинде, ЕТК Сингапурдагы жана Бириккен Араб Эмираттарындагы компаниялар аралашкан бул схемадан 75 миллион доллар тапкан.
Документтерге караганда, бул акчанын көбү ЕТКнын башчысы, орусиялык ишкер Александр Кармановго эмес, Тимур Кулибаевге багытталып турган.
Бержес ал иликтеген документтер, Назарбаевдин небереси Айсултан өлөрдөн бир аз мурда айткан, жазган маалыматтарга “дал келерин” белгилейт.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын күйөөсү, 54 жаштагы Кулибаев 1990-жылдардын аягынан бери мунай тармагындагы жогорку кызматтарды ээлеп келген.
FT басылмасы белгилегендей, Кулибаевдин таасири Казакстандын аймагы менен гана чектелбейт. 2011-жылдан бери ал “Газпром” орусиялык газ гигантынын директорлор кеңешине да мүчө.
2011-жылы Кулибаев бюжети 80 миллиард долларды түзгөн, квазимамлекеттик тармактагы компаниялардын башын бириктирген “Самрук-Казына” фондун жетектеген. Фондго караштуу “КазМунайгаз” компаниясы кытайдык CNPC компаниясы менен Азия газ куурунун долбоорун иштеп чыккан.
WWW
Автор orozalieva
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
-
24.11.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО БЕЙБАШТЫККА ШЕКТЕЛИП ЖАТКАН БЛОГЕРДИН СОТУ БАШКА КҮНГӨ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ
-
-
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.