Аймак

2020-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫ 8,6% ТӨМӨНДӨДҮ

2020-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫ 8,6% ТӨМӨНДӨДҮ

 1,452 Бардыгы /

2020-жылдын январь-декабрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 598 миллиард сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 8,6% артка кетти. Бул тууралуу «Азаттык» 14-январда Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановго шилтеме берүү менен кабарлады.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эске албаганда ИДӨнүн 12 айдагы көрсөткүчү 9% артка кетип, 530 млрд. сом болду.

Жалпы көрсөткүчтүн ичинен курулуш (15,6%), дүң жана чекене соода (16,1%) жана өнөр жайы (6,6% ) артка кетти.

ИДӨ – өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

Өкмөт Кыргызстандын ички дүң өнүмү алгач 2020-жылга 5% өсөт деп божомолдогон. Коронавирус пандемиясына байланыштуу көрсөткүчтөр кайра каралгандан кийин, тескерисинче 6,8-7 % артка кетет деп расмий эсептелген.

Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 10% чейин төмөндөй турганын эскерткен. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) төмөндөө 7,5% болот деп баалаган.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде 2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү 590 млрд. сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд. сомдон, 2018-жылы 569 млрд. сомдон жогору болгону такталган

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17