Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
784 Бардыгы / ОШ. Алай районунда аймактык тескөөчүнү туулган күнгө барган жеринен чогуу отурган кишилер сабап өлтүрүп коюшкан. Маркумдун сөөгү дарыядан табылды. Бул жөнүндө Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады. Ошентип, Алайда милиция кызматкерин өлтүрүүгө шектүүлөр акыры кармалды. Маалыматка караганда, 28-январь күнү, саат 16:30дар чамасында Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кыркол айылындагы Гүлчө дарыясында жашы […]
785 Бардыгы / ОШ. Алай районунда аймактык тескөөчүнү туулган күнгө барган жеринен чогуу отурган кишилер сабап өлтүрүп коюшкан. Маркумдун сөөгү дарыядан табылды. Бул жөнүндө Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады. Ошентип, Алайда милиция кызматкерин өлтүрүүгө шектүүлөр акыры кармалды. Маалыматка караганда, 28-январь күнү, саат 16:30дар чамасында Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кыркол айылындагы Гүлчө дарыясында жашы […]
ОШТО МИЛИЦИОНЕРДИ АДЕГЕНДЕ ӨЛТҮРҮШҮП, АНАН СӨӨГҮН СУУГА АГЫЗЫП ИЙИШКЕН
29.01.2021 / Автор aymak

786 Бардыгы /
ОШ. Алай районунда аймактык тескөөчүнү туулган күнгө барган жеринен чогуу отурган кишилер сабап өлтүрүп коюшкан. Маркумдун сөөгү дарыядан табылды. Бул жөнүндө Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады.
Ошентип, Алайда милиция кызматкерин өлтүрүүгө шектүүлөр акыры кармалды. Маалыматка караганда, 28-январь күнү, саат 16:30дар чамасында Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кыркол айылындагы Гүлчө дарыясында жашы 30-35тердеги жарандын сөөгү табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин жардамы аркасында суудан алып чыккан учурда маркум Алай РИИБинин 32 жаштагы аймактык тескөөчүчү Э.Н. экендиги аныкталды.
- Сөөктү карап чыкканда башынын арткы тарабында, оң кулагынын
үстүндө, оң колунда жана бел тарабында жарааттары бар экендиги байкалып, киши колдуу болгону аныкталды. Көп узабай Ош ОИИБдин жана Алай РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр дароо кармалды, — деп кошумчалады Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев.
Күмөндүүлөр Алар Алай районунун Будалык айылынын 54, 32 жана 31 жаштагы тургундары экен. Ал эми 31 жаштагы шектүү мурда Орусияда дагы каракчылык боюнча соттолгону айгинеленди. Милициядан билдиришкендей, маркум 27-январь күнү 21:00гө чейин жумушунда болгон экен.
КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ИНДИЯДАГЫ «ДХАРАМШИЛА НАРАЯНА» АТАЙЫН ГОСПИТАЛЫНЫН ДАРЕГЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
НЬЮ-ДЕЛИ. Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асейин Исаев Нью-Дели шаарындагы «Дхарамшила Нараяна» («Dharamshila Narayana Superspeciality») аталган жогорку даражада адистештирилген госпиталдын Түштүк аймагы боюнча директору Навниит Бали жана бул оорукананын башкы дарыгерлери менен жолугушту.
Өз ара сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы Индияга барышкан жарандардын дарылануу акысын төмөндөтүү, мээни, бөйрөктү жана кабырганы трансплантациялоону жеңилдетүү туурасында макулдашышты. Мындан тышкары жакынкы арада Кыргызстандын жана Индиянын дасыккан дарыгерлеринин тажрыйбасын алмаштыруу жана квалификациясын жогорулатуу максатында эки тараптуу иш сапарларын уюштуруу чечимине токтолушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нью-Дели шаарындагы «Дхарамшила Нараяна» аталган жогорку даражада адистештирилген госпиталдын Түштүк аймагы боюнча директору Навниит Бали Кыргыз жарандарын дарылоо үчүн алгачкы процедураны Кыргызстандын өзүндө эле Индия докторлорунун онлайн-кеп-кеңеши аркасында эле уюштурууга болоорун сунуш этти. Андан ары Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асейин Исаев аталган госпиталдын иши менен жеринде кенен-чонон таанышып, медицина кызматкерлери операциядан кийин заманбап технологияларды кантип урунуп жатышкандыгына кызыкты.
Нью-Дели шаарын жайланышкан «Дхарамшила Нараяна» («Dharamshila Narayana Superspeciality») аталган жогорку даражада адистештирилген госпитал – заманбап жана ар тараптуу дүйнөлүк түзүмдөгү эң ири оорукана. Мында иштин көзүн билишкен кесипкөйлөр гана эмгектенишет. Булардын кардиология, онкология, сөөк мээсин трансплантациялоо, интенсивндүү терапия, неврология, бөйрөктү жана кабырганы трансплантациялоо жаатындагы дасыккандыгы операциялардын натыйжасынан кийин гана бааланат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
-
16.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШКО ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАЛПЫ 200 ТОННАЛЫК ГУМЖАРДАМ КЕЛДИ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.