Аймак

ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

 2,178 Бардыгы /

Өмүр бизден өтүп кетсе,

эл эмгектен эскерсин

ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

      Кайсыл тармак болбосун, өз ишин мыкты билген, алдыңкылардын катарында  жүргөн адистин көзү өтсө да анын дарегине ар дайым жылуу сөздөр айтылат эмеспи.  Төмөндө мекенди коргоочулардын  күнү белгиленип жаткан ушул күндөрдө өз тагдырын аскер кызматына арнап,  көп жылдар бою өз ишин так аткарып, элдин сый-урматына, мамлекеттин   сыйлыктарына  татыктуу болгон  полковник Шайлообек Абдиев тууралуу баяндамакчыбыз.   

       Шайлообек Абдиев  аскердик окуу жайын бүтүргөндөн  кийин   Орто Азия аскер округундагы аскердик бөлүктөрдө, 1980-1982-жылдардын аралыгында Афганистандагы  Советтик аскерлердин чектелген  контингентинин курамында  кызмат өтөгөн, 1982-жылдан тартып бир катар райондук, облустук аскер комиссариаттарын жетектеген полковник Шайлообек Абдиев Коргоо министрлигинин  бул тармагында алдынкы кызматкерлеринин бири  болгон.

   Анын өмүр баянына көз жүгүртсөк,   1971-1975-жылдарда Алма-Атадагы И.С.Конев атындагы  жогорку жалпы командалык  аскердик окуу жайында окуган. Андан кийин Семипалатинск, Рыбачье шаарларындагы аскердик бөлүктөрдө взводдун, ротанын командири  болуп кызмат өтөгөн.

    Афганистанда интернационалдык милдети аткарган жылдарда ал 27 гана жашта болгон. Жаш офицер өзүнүн жоокерлерлери менен  Кабул, Кундуз, Кандагардагы  көптөгөн стратегиялык мааниге ээ болгон аскердик  операцияларга катышкан.

      1982-жылдан тартып Ала-Бука, Өзгөн райондорунун аскер комиссарынын орун басары, кийин Алай, Чоң-Алай, Өзгөн,Сузак райондорунун аскер комиссары болуп иштеген. Бул жылдардын аралыгында  өз ишин так жана тыкан аткарып, ага  жоопкерчилик  менен мамиле жасоо менен, Коргоо министрлигинин  бул тармагында алдынкы кызматкерлеринин бири  болгон. Ал кийинки жылдарда Жалал-Абад, Нарын, Баткен облустарынын аскер комиссары болуп эмгектенген.

      Жакшы адамдын көзү өтсө да анын жасаган эмгегин аны менен бирге эмгектенгендер  унутпайт тура. Анын  өзү иштеген аскер комиссариаттарынын имараттарынын ичине  Манас баатырдын айкелдерин койдурууга, Гүлчөдөгү Жеңиш аятына танктын орнотууга, Баткен облустук  аскер комиссариатына Баткен согушунда курман болгондорго арналган эстеликти жасатууга кошкон салымын баса белгилеп көрсөтүшөт.  Мына ушундай демилгелүү иштери үчүн жана жаштарды аскердик патриоттулукка тарбиялоого кошкон салымы үчүн Жалал-Абад, Баткен облустук мамлекеттик администрацияларынын Ардак Грамоталары менен сыйлангандыгын   дале айтып жүрүшөт.

             Кенже лейтенанттан полковник чинине чейин көтөрүлгөн Абдиев Шайлообектин алгачкы сыйлыгы Орто Азия аскер округунун командачынын Грамотасы болгон. Аскердик кызмат өтөгөн жылдары  СССР Коргоо министрлигин  “СССРдин  Куралдуу күчтөрдүн катарында үлгүлүү кызматы үчүн” I,II,III  даражадагы медалдары,  “Отличник погранвойск I степени” төш белгиси,  СССР Жогорку Советинин “За отвагу” медалы, Россиянын “ Жуков медалы”  Афганистан Демократиялык республикасынын Президентинин “Афган элинен ыраазылык” медалы, Россия Федерациясынын Ооган согушунун ардагерлер союзунун “Кызматы үчүн” ордени жана  “Каармандыгы жана күжүрмөндүүлүгү үчүн“” медалы  менен сыйланган.

  Кыргыз Республикасынын   Президентинин атынан Ыраазылык кат алып, Коргоо министрлигин  “I даражадагы мыкты аскердик кызматы үчүн”  медалына татыктуу болгон.

   Абдиев Шайлообек  2003-жылы  ардактуу эс алууга чыккандан кийин да жооптуу кызматтарды аркалоо менен  2014-жылдын ноябрына чейин Алай райондук   Куралдуу Күчтөрдүн жана Ооган согушунун ардагерлеринин союзунун  төрагасы болуп турган. Аны акыркы сапарына узатуу зыйнатына  райондун, облустун жетекчилери, Жалал-Абад, Баткен облусунда чогуу иштеген жолдоштору катышкан.

    Ал жолдошторунун арасында үлгүлүү үй-бүлөнүн ээси катары чоң кадыр-баркка ээ болгон, 2 баланы тарбиялап өстүргөн,  5 неберенин чоң атасы,таятасы эле.

   Анын өмүрлүк жары  /рнүса Асилованын кесиби мугалим. Ал өзүнүн педагогикалык эмгек жолу   Кара-Суу районундагы Баш-Булак орто мектебинен баштаган.  Жолдошу  аскер кызматкери болгондуктан, иш ордун көп жолу которууга туура келген.  Бир топ райондордун борборундагы мектептептерде мугалим, 1999-2004-жылдары  Жалал_Абад, Баткен мамлекеттик университеттеринде орус тилинин окутуучусу болуп иштеген.

 2004-жылдан тартып, Алай райондук М.Жакыпов атындагы борбордоштурулган китепканалар тармагынын директору болуп иштеп келе жатат.  Бул жылдардын аралыгында КР каржы министрлигин түрткү берүүчү гранты. АРИС, Айрекс фонддору менен кыматташып, китепкаананын матеиалдые-техникалык базсын чыңдоого, китеп окуучуларыдн санын арттырууга жетишкен. Анын  ак эмгеги эске алынып,   КР билим жана илим министрлигин “Билим берүүнүн отличниги”, “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы”, “Китепкана жылдызы” төш белгилери менен сыйланган.

    Кыргыз Эл акыны Аалы Токомбаев “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”  деп жазгандай  бул жашоону  өзүнүн үлгүлүү өмүрү, талыкпаган эмгеги, адамгерчиликтүү мамилеси менен өткөргөн  Шайлообек Абдиевдин элеси эч кимдин эсинен чыкпайт.    

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,

Эсенбай АДЫНОВ,
Кыргыз Республикасынын

журналисттер Союзунун мүчөлөрү,

КР билим берүү жана билим министрлигинин “Билим берүүнүн отличниктери.

 Алай району  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17