Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,258 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында райондук прокуратуранын демилгеси менен үй бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо жана анын алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өттү.Кеңешмеге район акими Жуманалы Накетаев, район прокурору Сыргабек Акылбек уулу жана айыл өкмөт башчылары, айыл өкмөттөрүнүн, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, райондук оорукананын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, РИИБдин тиешелүү кызматкерлери катышты.Кеңешмени өткөрүүнүн негизги […]
1,259 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында райондук прокуратуранын демилгеси менен үй бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо жана анын алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өттү.Кеңешмеге район акими Жуманалы Накетаев, район прокурору Сыргабек Акылбек уулу жана айыл өкмөт башчылары, айыл өкмөттөрүнүн, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, райондук оорукананын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, РИИБдин тиешелүү кызматкерлери катышты.Кеңешмени өткөрүүнүн негизги […]
ҮЙ БҮЛӨЛҮК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ БОЛТУРБОО ҮЧҮН КЕҢЕШМЕ БОЛУП ӨТТҮ
10.03.2021 / Автор aymak

1,260 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында райондук прокуратуранын демилгеси менен үй бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо жана анын алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өттү.
Кеңешмеге район акими Жуманалы Накетаев, район прокурору Сыргабек Акылбек уулу жана айыл өкмөт башчылары, айыл өкмөттөрүнүн, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, райондук оорукананын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, РИИБдин тиешелүү кызматкерлери катышты.
Кеңешмени өткөрүүнүн негизги себеби-райондо үй бүлөлүк жана жаш балдар арасындагы зомбулуктун алдын алуу иштеринде мекемелер ортосундагы биргеликте иш алып баруу төмөндөп кеткен. Февраль айында райондук прокуратура тарабынан РИИБ, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгын текшерүү учурунда үй бүлөлүк зомбулук көрсөтүү окуялары мурдагы жылдарга карата көбөйгөндүгү белгилүү болгон. Район боюнча 2019-жылы бир факт, 2020-жылы алты факт, ал эми жыл башынан бери үч факт катталган.
Жыл башында спирт ичимдиктерине ууланып каза болгон жарандар тууралуу билдирүү ыкчам иш алып барылбагандыктын себебинен райондук ооруканадан РИИБге кеч жеткен.
Райондо жыл башында жүз берген жаш балдар арасындагы бачабаздык окуясы буга чейин тиешелүү соцкызматкерлердин жаш балдардын жеке жашоосуна көңүл буруп, алдын алуу иштерин жүргүзбөгөндүктөн келип чыккан.
Кеңешменин жүрүшүндө айыл өкмөт башчылары, соцадистер, РИИБдин жашы жете электер менен иштөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, райондук оорукананын өкүлү, Кыргыз Республикасынын “Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамынын алкагында кандай иш алып барып жаткандыгы суралып, такталды.
Кеңешмеде үй бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууда райондогу айыл өкмөттөр баш болгон тиешелүү мекемелер тарабынан биргеликте тыгыз алып барылбагандыгы белгилүү болуп, район акими Ж. Накетаев жана район прокурору С. Акылбек уулу бул маселени тез колго алып, мекемелердин биргеликте тыгыз иш алып баруусун талап кылышты.
Кеңешме соңунда үй бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча райондогу тиешелүү мекемелер, аялдар кеңештери, аксакалдар кеңештери, дин кызматкерлери менен биргеликте тыгыз иш алып баруу жана өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасаган соцкызматкерлерге кызматтык чараларды көрүү боюнча чечим кабыл алынды.
“АЙМАК”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
06.06.2024 / Автор anarkan_kg “АУТИЗМ ДЕГЕН ЭМНЕ? БАЛДАРЫБЫЗГА КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАБЫЗ”
-
13.06.2024 / Автор anarkan_kg НООКЕНДЕ ЖӨӨ АДАМДАР ӨТҮҮЧҮ КӨПҮРӨНҮН КУРУЛУШУ АЯКТАДЫ
-
26.06.2024 / Автор anarkan_kg БОРБОРДУК СТАДИОН ТОЛУК РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.