Аймак

КЫРГЫЗСТАН СОХ АНКЛАВЫНА ЖОЛ АЧАТ, АЛ ЭМИ ӨЗБЕКСТАН ҮҢКҮР-ТОО АЙМАГЫН БЕРҮҮГӨ ДАЯР

КЫРГЫЗСТАН СОХ АНКЛАВЫНА ЖОЛ АЧАТ, АЛ ЭМИ ӨЗБЕКСТАН ҮҢКҮР-ТОО АЙМАГЫН БЕРҮҮГӨ ДАЯР

 870 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз бийлиги Кыргызстан аймагында жайланышкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр. Ал эми Сохтун жашоочулары чек ара аркылуу ары-бери ээн-эркин каттай алышат.Баса, Өзбекстан буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын Кыргызстанга берүүгө дапдаяр.

Кыргыз Президенттинин басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдашынча, жакынкы күндөрү эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасында жети өткөрмө бекети иштеп, Өзбек тарап аны керектүү жабдуулар менен камсыздоону катууубадалады. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо дагы бар. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик бекети жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймакты өзүнүкү деп тааныган. Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин жакын арада, эң кеч дегенде үч айда чечмей болуп жатышат. Бул тууралуу 12-мартта Ташкентте Кыргызстандын Президент Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин Өзбек Президенти Шавкат Мирзиёев ачыктады. Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (дээрлик 85 пайызы), андан бери дагы он пайызга жакыны такталды. Чек ара тактала элек тилкелерде жергиликтүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар дагы катталып келатат.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2016-жылдан кийин, Шавкат Мирзиёев бийликке келгенде гана жакшыра баштады. Ага дейре чек ара бекеттеринин көпчүлүгү жабылып, өз ара кызматташтык дагы дээрлик токтогон. Кыргыз Президенти Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга атайын сапарлады. Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 22 документке кол коюлду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17