Аймак

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ УКМКГА КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮП КАРМАЛГАНДАРДЫН ЖАЗАСЫН КАРАП КӨРҮҮНҮ УБАДАЛАДЫ

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ УКМКГА КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮП КАРМАЛГАНДАРДЫН ЖАЗАСЫН КАРАП КӨРҮҮНҮ УБАДАЛАДЫ

 1,770 Бардыгы /

БАТКЕН. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районунун Самаркандек айылында атайын кызматтын операциясына куралдуу каршылык көрсөткөн маалда кармалган шектүүлөрдүн жазасын жеңилдетип берүүгө аракет кылаарын убадалады. Бул жөнүндө УКМК башчысы Баткен районунун Самаркандек айылынын тургундары менен жолугушуусунда өзү ачыктады.

  • Чындыгында, алар деле өзүбүздүн балдарыбыз. Алыстан келген

баскынчылар эмес. Бирок, аларга туура түшүндүрүп айтып, анан ачык жеткириңиздер? Мындан кийин мындай болбосун! Болугушууда облус прокурору, УКМКнын жана ИИБнын облустук башчылары олтурушат. Ушул кишилерден мен суранамын, айтамын? Мыйзам бузган балдардын жазасын силер сурангандай жеңилдетип бергенге сөзсүз аракет кылам.Бирок, мындан кийин андай болбосун. Мындан кийин мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтире турган болсо, мыйзам чегинде бардык катаал чараларды токтоосуз түрдө көрөбүз! – деп агынан жарылды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районунун Самаркандек айылындагы жолугушуусунда жергиликтүү тургундар кармалгандардын окуясы үчүн кечирим сурашып, Мамлекеттик атайын кызматтын башчысынан балдардын жазасын жеңилдетип берүүнү абдан өтүнүштү. Анткени, Баткенде ушул жылдын 11-мартында аткезчиликке каршы операция маалында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин эки кызматкери жеңил жараат алган. УКМК атайын кызматтын өкүлдөрү Баткен районунун Самаркандек айылында ыкчам тергөө иш-чараларын аткарып жатышкан учурда Маширап Абдусаламов аттуу тургун баштаган жыйырмадан ашуун адам аткезчилик жүктүн кармалышына катуу каршылык көрсөтүшүп, а түгүл кадимкидей курал дагы колдонушкан деп билдирген.

Баса, ушул жылдын 15-мартынан 18-мартынга дейре Тажикстандын Согдий облусуна караштуу Кожент шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык комиссиясы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынын өткөрүп жатат.  Кыргыз делегациясына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчилик кылууда. Ал эми Тажик тараптан бул өлкөнүн атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов катышып жатат. Бул – эки мамлекеттин атайын кызматынын жетекчилери катышкан чек ара боюнча эң алгачкы жолугушуусу.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17