Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,570 Бардыгы / ТАЖИКСТАН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев менен Тажик Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Гулистон шаарында жолугушту. Аймак жетекчилери чек аралаш тилкелерде акыркы убакта орун алган окуяларды, эки тараптан тең чек араны мыйзамсыз басып өтүү боюнча кармалган жарандардын маселелерин […]
1,571 Бардыгы / ТАЖИКСТАН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев менен Тажик Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Гулистон шаарында жолугушту. Аймак жетекчилери чек аралаш тилкелерде акыркы убакта орун алган окуяларды, эки тараптан тең чек араны мыйзамсыз басып өтүү боюнча кармалган жарандардын маселелерин […]
БАТКЕН ЖАНА СОГДИ ОБЛУСУНУН БАШЧЫЛАРЫ ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА ПРОТОКОЛГО КОЛ КОЮШТУ
19.03.2021 / Автор aymak

1,572 Бардыгы /
ТАЖИКСТАН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев менен Тажик Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Гулистон шаарында жолугушту.
Аймак жетекчилери чек аралаш тилкелерде акыркы убакта орун алган окуяларды, эки тараптан тең чек араны мыйзамсыз басып өтүү боюнча кармалган жарандардын маселелерин дагы кенен-чонон талкуулашты. Ошондой эле буга чейинки кол коюлган протоколдор менен нормативдик-укуктук документтерди кыйшаюусуз аткаруу жагын баса белгилешти. Ошондой эле Баткен облусу менен Согди облусунун ортосундагы чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү, аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кошуна элдердин ынтымагын мындан ары дагы бекемдөө менен чектеш аймактардын кызматташуусун жакшыртууга өзгөчө маани берилди.
Жыйынтыгында тараптар, облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго дагы кол коюшту. Анда буга чейинки Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык комиссиясы тарабынан бекитилген макулдашуулар, келишимдер жана протоколдорду аткарууга алууну тийиштүү органдарга тапшыруу, Баткен, Лейлек райондору менен Тажикстандын Исфара, Бабоджон Гафуров райондорунун башчылары, чектеш Айыл Өкмөт башчылары, жергиликтүү Кеңештин депутаттары, чек аралаш аймакта чыр чатактардын алдын алуу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону активдештирүү, чек аралаш аймакта орун алган маселелерди чечүү боюнча жумушчу топ түзүү, терроризм, экстримизм менен күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу, эл арасында аткезчиликке (контрабанда) бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек аралаш аймактагы соода жүргүзүүнү жөнгө салуу, суу ресурстарын пайдаланууда буга чейинки документтердин алкагында кызматташууну активдештирүү, жайыт жерлерин пайдалануу боюнча макулдашууларды кароо, чек аралаш аймактын жашоочуларынын ортосунда массалык-маданий, спорттук иш чараларды уюштуруу жагы баса белгиленди.
Ошондой эле эки тарап мындан ары облустар аралык кызматташууну ого бетер жандандыруу, жаралган көйгөйлөрдү бир тууган, коңшу калк катары, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө ишеним артышаарын билдиришти. Облус башчылары таажы илдетине байланыштуу чек аралардын жабылышы, жергиликтүү элди турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелерде бир топ кыйынчылыктарга дуушар кылгандыгын, мындан улам конкреттүү кадамдарга баруу керектиги боюнча дагы бир пикирге келишти. Анткени, таажы илдетинин шартында жашоого, кызматташууга үйрөнүү, учур талабы дейт жетекчилер. Мындан улам Лейлек районундагы “Кулунду”, “Кайрагач”, Баткен районундагы “Кызыл-Бел” чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларын ачуу, жандантуу, жогорку бийлик органдарына сунуш берүү дагы макулдашылды.
Соңунда чек аралаш аймакта аткезчилик (контрабанда)м аракеттери күч түзүмдөрү тарабынан дыкат көзөмөлгө алынаары, мыйзамсыз иш аракеттерге катуу чаралар көрүлөөрү дагы убадаланды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ 479 МЕКТЕПТЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ҮЧ АЙ ИЧИНДЕ ОЛУТТУУ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОРДУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
28.07.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫ ЖАНА КАРА-КУЛЖА РАЙОНДОРУ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.