Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,327 Бардыгы / Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык коомунун өкүлдөрү эки өлкөнүн президенттерине кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча кайрылуу жолдошту. 30-апрелдеги онлайн жолугушууда даярдалган кайрылууда алар чек арадагы ок атууну тезинен токтотуп, агрессивдүү кадамдарга баруудан баш тартууга чакырышкан. Ошондой эле коңшу жашаган эки эл бир топ кыйынчылыкты ынтымакта башынан өткөргөнү, эки өлкөнү жалпы тарых эле эмес, келечек […]
1,328 Бардыгы / Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык коомунун өкүлдөрү эки өлкөнүн президенттерине кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча кайрылуу жолдошту. 30-апрелдеги онлайн жолугушууда даярдалган кайрылууда алар чек арадагы ок атууну тезинен токтотуп, агрессивдүү кадамдарга баруудан баш тартууга чакырышкан. Ошондой эле коңшу жашаган эки эл бир топ кыйынчылыкты ынтымакта башынан өткөргөнү, эки өлкөнү жалпы тарых эле эмес, келечек […]
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАНА ТАЖИКСТАНДЫН ЖАРАНДЫК КООМ ӨКҮЛДӨРҮ ПРЕЗИДЕНТТЕРГЕ КАЙРЫЛДЫ
03.05.2021 / Автор aymak

1,329 Бардыгы /
Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык коомунун өкүлдөрү эки өлкөнүн президенттерине кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча кайрылуу жолдошту.
30-апрелдеги онлайн жолугушууда даярдалган кайрылууда алар чек арадагы ок атууну тезинен токтотуп, агрессивдүү кадамдарга баруудан баш тартууга чакырышкан. Ошондой эле коңшу жашаган эки эл бир топ кыйынчылыкты ынтымакта башынан өткөргөнү, эки өлкөнү жалпы тарых эле эмес, келечек да бириктирип турары белгиленген.
Эки өлкөнүн жарандык активисттери президенттерге абалды жөнгө салуу үчүн бир нече сунуш жолдошту. Анда президенттерди чек ара маселелерин жөнгө салуу үчүн жоопкерчиликти алууну, чек араны тактоодо курал колдонбостон, дипломатиялык жол менен чечүүнү, сүйлөшүүлөрдө ачык-айкындыкты камсыз кылууну, эки өлкөнүн чек ара маселеси боюнча комиссияларынын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн, аялдарды кошууну сунушташты.
«Биз, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык коомунун өкүлдөрү азыркыдай оор кырдаалда өз салымыбызды кошкубуз келет. Биз айткан идеялар тез арада каралып, өлкөлөрүбүздүн тынч жана конструктивдүү өнүгүшүн камсыз кылабыз деген үмүттөбүз»,-деп айтылат кайрылууда.
Ошондой эле эки өлкөнүнүн жарандык коомуна да кайрылуу болду. Анда чек арада чыр-чатактын андан ары курчушуна жол бербөө үчүн жарандык коом өкүлдөрүнөн, эксперттерден, журналисттерден, активисттерден турган эксперттик топ түзү, ар кыл чагымчыл аракеттерге жол бербеш үчүн социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү, маалымат каражаттарында чек ара маселелелерин обьективдүү чагылдыруу жана эки өлкөнүн журналисттерин биргеликте иш алпаруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунушташкан.
Ошондой эле Тажикстандын аймагында жашаган этностук кыргыздарга жана Кыргызстанда жашаган тажик улутундагыларга басмырлоону же кастыкты болтурбоо үчүн жарандык коом өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү да каралган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталып, 29-30-апрелде уланган. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.
Эки өлкөнүн УКМК жетекчилери ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгаруу боюнча келишимге кол коюлганын билдирген.
Чек ара кызматы 2-майда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин маалымдады. Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
15.10.2025 / Автор anarkan_kg ТАЛАСТА ПЛАСТИК БАШТЫКТАРДАН БАШ ТАРТУУ КАМПАНИЯСЫ БАШТАЛДЫ
-
15.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда 1-КУРСТАРГА СТУДЕНТ НААМЫН ЫЙГАРУУ САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
-
20.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН КЫШКА КАРАТА ДАЯРДЫК ЧАРАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
-
11.12.2024 / Автор anarkan_kg ЫЛАЙ – ТАЛАА – ГҮЛЧӨ АВТОУНАА ЖОЛУНДА ЖЕР КӨЧКҮ ЖҮРҮП, ЖОЛ ЖАБЫЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.