Өлкө аймактары менен кубаттуу
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,096 Бардыгы / “Азаттык” радиосунун тажик кызматы “Озоди” бүгүн, 17-майда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн кармалган үчтөн жараны сүйлөшүүлөрдөн соң бошотулганын кабарлады. Баткен облусттук администрациянын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова “Азаттыкка” азырынча кармалган жарандарды бошотуу ишке аша электигин, эки тараптын укук коргоо жана чек ара кызматтары сүйлөшүүнү улантып жатканын айтып, расмий маалымат бир аздан кийин берилерин […]
1,097 Бардыгы / “Азаттык” радиосунун тажик кызматы “Озоди” бүгүн, 17-майда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн кармалган үчтөн жараны сүйлөшүүлөрдөн соң бошотулганын кабарлады. Баткен облусттук администрациянын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова “Азаттыкка” азырынча кармалган жарандарды бошотуу ишке аша электигин, эки тараптын укук коргоо жана чек ара кызматтары сүйлөшүүнү улантып жатканын айтып, расмий маалымат бир аздан кийин берилерин […]
“ОЗОДИ”: ЧЕК АРАДА КАРМАЛГАН ЭКИ ӨЛКӨНҮН ЖАРАНДАРЫ БОШОТУЛДУ
17.05.2021 / Автор aymak1,098 Бардыгы /
“Азаттык” радиосунун тажик кызматы “Озоди” бүгүн, 17-майда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн кармалган үчтөн жараны сүйлөшүүлөрдөн соң бошотулганын кабарлады.
Баткен облусттук администрациянын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова “Азаттыкка” азырынча кармалган жарандарды бошотуу ишке аша электигин, эки тараптын укук коргоо жана чек ара кызматтары сүйлөшүүнү улантып жатканын айтып, расмий маалымат бир аздан кийин берилерин маалымдады.
Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында 17-майда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарын кармап алган окуя катталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев кабарлаган.
Тажикстандын Исфара районундагы тартип коргоо кызматкери эки тараптан кишилер кармалып турганын “Озоди” радиосуна ырастаган. Анын айтымында, 17-майда эртең менен Кожайло-Ворух жолу аркылуу бараткан эки тажик жараны кыргыз айылында кармалган жана аларды бошотуу үчүн барган тажикстандык бир коопсуздук кызматкери да кармалган. Аны улай Ворухтагы укук коргоо кызматкери анклавдан өтүп өтүп бара жаткан кыргызстандык эки айдоочуну автоунаасы менен кармашкан.
Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.
Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.
Автор aymak
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
-
-
11.12.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО ӨТКӨН ЭКО-АКЫЛ ОРДО СЫНАГЫНДА БАТКЕНДИН КОМАНДАСЫ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ
-
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.