Аймак

ПОЛИЦИЯ ТОКАЕВДИ ТУУЛГАН КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАМАКЧЫ БОЛГОН ИПОТЕКАЧЫЛАРДЫН ЖОЛУН БӨГӨДҮ

ПОЛИЦИЯ ТОКАЕВДИ ТУУЛГАН КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАМАКЧЫ БОЛГОН ИПОТЕКАЧЫЛАРДЫН ЖОЛУН БӨГӨДҮ

 1,213 Бардыгы /

17-май – Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин туулган күнүндө бир топ үлүшчү “президентти куттуктоо үчүн” Акордону көздөй бет алышкан. Бирок алар депутаттар отурган блокко жакындаганда полициянын атайын бөлүгү чогулгандардын жолун бөгөдү.

Үлүшчүлөрдүн колунда шарлар жана “Туулган күнүңүз менен куттуктайбыз”, “Карызыбызды кечиңиз” деген жазуулар болгон.

“Биз бүгүн ушундай жакшы ниет менен келдик. Биринчиден, президенттин туулган күнүн куттуктайбыз. Экинчиден, бизди кабыл алууну сурайбыз. Себеби көйгөйлөрүбүз алигиче чечиле элек” дешти нааразы үлүшчүлөр.

Окуя болгон жерге Есил райондук акимчилининин өкүлү келип, алардын акциясы мыйзамсыз экенин эскертти.

Алар кеткен соң полициячылар Акордонун айланасына турникет коюп, жолду жаап салышты.

Казакстанда ипотеканы кайра каржылоо программасы 2015-жылы жазда иштей баштаган. Программанын биринчи айлампасы 2004-2009-жылдары насыя алган, үйлөрү жок жарандарга багытталып, бул үчүн 130 миллиард теңге бөлүнгөн. Расмий маалымат боюнча бул программа боюнча 28,3 миң киши жардам алган.

Программанын экинчи бөлүгү чет өлкөлүк валюта менен 2016-жылдын 1-январына чейин берилген ипотекалык насыяларды каржылоого багытталган. 1-сентярга карата 9,2 миң арыз келип түшсө, алардын 7,9 миңи канааттандырылган.

Буга чейин ипотекачы-кардарлар кайра каржылоо маалында алардын карызы эки эсеге көбөйүп кеткенине даттанышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17