Аймак

АРА ЖОЛДО КАЛГАН МЕКТЕП

АРА ЖОЛДО  КАЛГАН МЕКТЕП

 1,500 Бардыгы /

Сузак районунун Ынтымак айылындагы М. Төрөмаматов орто мектебинин абалы менен таанышып чыктык. Мектеп барачный типтеги салынган эскилиги жеткен имарат болгон. Заманбап жаңы мектепти куруу үчүн 2018-жылы баасы мамлекеттин бюджетине кирип, анын салына турган орду даярдалган боюнча токтоп калган.

Айнагүл БЕКМУРАТОВА, М. Төрөмаматов орто мектебинин директору:

“АБАЛЫБЫЗ ООР БОЙДОН КАЛУУДА”

– Бул мектеп жөнүндө айтсам мектептин акыбалы аябай начар. Мектептин терезелери кичине, жарык толук түшпөйт. Полдору түшөйүн деп калган. Кааналары аябай тар. Бул мектеп болгонго чейин бала бакча болгон экен. Ошону эле мектеп кылып окуучулар окуп жатышат. Жыл өткөн сайын окуучулардын саны да өсүүдө. Себеби жер көчкү түшкөн айылдарга Ынтымак айылынан жер берилип жарандар үй салып, мектеп окуучулардын саны жыл санап көбөйүүдө. Азыркы учурда мектебибизде 800 окуучу билим алууда. Жалпысынан 35 класс комплектибиз болсо, сабак өтө турган 15 эле канаабыз бар. Айрым учурда үч смена менен окуган учур болот. Жыйындар залыбызды эки бөлүп окуу канаасы кылганбыз. Ачыгын айтыш керек, окуучуларды англис тили жана орус тили сабагында тайпаларга бөлүп окутканда коридордо сабак өткөн учурлар болот. Бул акыбалды көрүп мен райондук, облустук жетекчилерге, Жогорку Кеңешке чейин абалды түшүндүрүп тынымсыз  кат менен кайрылып 2019-жылга мамлекеттин бюджетине киргизгенбиз.

Мектепти куруу иштери боюнча долбоор жазылып, “Файси” ЖЧКтын курулуш компаниясы тендерден утуп, 2019- жылы ноябрь, декабрь айларында мектебибиз башталып, орду даярдалып казылган. Куруучулар суук түшүп калды деп токтотуп кошкан. Ошондон бери кабар жок. Жаңы мектеп түшө турган жерде беш класс окуй турган канаабыз да бар эле. Аны да бузуп таштаган. Кайрылбаган жерим калбады. Акча болсун, ана караштырабыз деген гана жоопту угам. Ата-энелер тынбай мага кайрылат. Быйылкы жылы дагы биздин мектепке акча бөлүнбөй калыптыр. Мектебибиздин курулушу качан башталары да белгисиз. Бюджетти бекиткенде биздин айылдагы мектепти да кошо бекитишсе деп суранабыз. Ушул мектептин көйгөйү чечилсе, балдарыбыз заманбап, жаңы мектепте билим алышса экен. Тилегеним эле ушул.

Гүлнара ИСМАИЛОВА, ата-эне:

“ОКУУЧУЛАРДЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ”

-Мен ата-эне катары ачыгын айтайын жүрөгүм ооруйт. Айла жоктон бул мектепке балдарыбызды окутуп жатабыз. Шаарга күнүгө каттап окутканга шартыбыз жок. Мамлекет тарабынан мектептер салынып жатат дейт, бирок биздин мектеп бүтпөй жатат. Азыркы учурда окуучунун саны көп, мектеп тар болуп жатат. Мектептин абалы начар. Окуучуларга шарт жок. Жаңы мектептин курулушу башталды дегенде баарыбыз сүйүнгөнбүз. Эмнеге токтоп калганын деле түшүнбөйм. Жаштар биздин келечегибиз дейбиз, бирок жаштарга көңүл бурулбай келе жатат. Айрым жерлердеги жер көчкү боло турган айылдарга ушул айылдан жер берилип, үй салышып жашагандар жылына көбөйүүдө. Жер бергенден кийин алардын балдары каякка барып окуйт деп жашоочулардын да шартын ойлонушпайбы. Азыркы күндө сабактар онлайн болуп толук келбегенинен да окуучулардын саны аз. Эгер окуучулар толук келсе батпай калмак. Кыштын күнү балдарыбыз кантип окушат билбейм. Мамлекеттеги чиновниктер саясат менен эле алектенбестен элдин жашоосун, окуучулардын келечегин ойлонушса жакшы болмок.

ЖЫЛДЫЗБЕК УУЛУ Шайырбек, Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары:

“БӨЛҮНГӨН АКЧА ТОЛУК ИШТЕТИЛГЕН”

-2018-жылы – Сузак районунун Ынтымак айылына 500 орунга ылайыкташкан мектептин долбоору мамлекеттик бюджеттин эсебинен курула турган болгон. Мектептин курулуш иштерине 2 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат төмөндөгү иштердин аткарылышына жумшалган. Долбоорду “ТНК Арк” ЖЧК компаниясы жазып 349500 сом төлөгөн. Мамлекеттик экспертизага 89400 сом берилип технозорго 44 миң сом төлөнгөн. Ал эми курулуш иштерине 1517000 сом которулган. Жасалган жумуш боюнча айта турган болсок, “Файси” ЖЧК курулуш компаниясына 320 миң сом биз карызбыз, себеби алардын жасаган иши 1837 миң сом болгон.  Айрым учурда  “Эки миллион сомго бир чуңкур казылды”- деген туура эмес маалыматтар кетип калып жатат, чындыгында андай эмес. Курулуш ишинде ар биринин эрежеси жана кайсыл канча сомго жасалыш керек деген баалары бар. Курулуш иштери башталгандан кийин ар бир ишке этабы менен акча которулуп турат. Бул мектепке биринчи акча каражатынан башка которулган эмес.  2020-жылы, 2021- жылы дагы мамлекеттин бюджетинде каралган эмес. Качан каралары да белгисиз. Себеби мамлекеттик казынада акча жок. Азыркы учурда облус боюнча бүтүрө турган 100 обьектибиз бар. Биз деле тынымсыз кат жөнөтүп, билдирүүлөрдү жазып жатабыз. Эгер мамлекет тарабынан акча бөлүнсө эле иш башталмак.

Кеңешбек  ШАБДАНОВ, “Файси” ЖЧКтын курулуш компаниясынын директору:

“АКЧА БӨЛҮНСӨ ИШТИ БАШТАЙБЫЗ”

-Бул мектеп боюнча бизге чейин дагы тендер жарыяланып кайра бузулган экен. Экинчи тендер жарыяланганда биздин “Файси” ЖЧК курулуш компаниясы тендерден утуп, 2019-жылы ишти баштаганбыз. Ушул күнгө чейин 1517 миң сом бизге которулуп, биз андан да ашыкча ишти жасаганбыз. Азыркы учурда бизге мамлекет 320 миң сом карыз. Мектеп жөнүндө сөз болсо эле бизге кайрылышат. Биз дагы качан акча каржаты бөлүнөт экен деп күтүп жатабыз. Кайсы күнү акча которулса, ошол күнү ишти баштамакпыз.

Уметбек САТЫБАЛДИЕВ, областтык өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация боюнча сектор башчы:

Сталбек КАРАСАРТОВ, “Аймак”    

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17