Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

ӨЗГӨНДӨ TOYOTA IST АВТОУНААСЫ СУУГА ЧӨГҮП, ЭКИ ЖИГИТ ИЧИНДЕ КАЗА ТАПТЫ

ӨЗГӨНДӨ TOYOTA IST АВТОУНААСЫ СУУГА ЧӨГҮП, ЭКИ ЖИГИТ ИЧИНДЕ КАЗА ТАПТЫ

 99 Бардыгы /

ОШ. Аталган автоунаа кырсыгынын кесепетинен автоунаа ичиндеги эки жигит жеринде эле каза тапты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, Өзгөн районуна караштуу Ана-Кызыл кыштагында “Тойота Ист” автоунаасынын айдоочусу машинасын башкара албай калып, кулап барып ошол жердеги дарыяга чөгүп кеткен. Мунун кесепетинен андагы 1965-жвылы туулушкан Т.Б.  жана М.А сууга тумчугушуп жандалбастап, анан өмүрү менен кош айтышты.

Кырсык баскан жерге Өзгөн райондук өрт коопсуздугу жана куткаруу кызматынын үч куткаруучусу жетип барышып, тилекке каршы, эки жигиттин өмүрүн сактап калууга үлгүрүшпөй калды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17