Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,567 Бардыгы / Ташкентте динчилдер тобу китеп дүкөндөрүндө рейд жүргүзүп, Да Винчи менен Рембрандттын эмгектерин өзбек эли үчүн “жат” чыгармалар деп табышты. 28-июнда Өзбекстан ислам академиясынын ректору, Дин иштери боюнча комитеттин төрага орун басары жана Ислам цивилизациялар борборунун кызматкерлери баштаган топ Ташкенттин борборундагы китеп дүкөндөрүн кыдырып, анда сатылып жаткан китептер канчалык деңгээлде ислам идеологиясына туура келер-келбесин […]
1,568 Бардыгы / Ташкентте динчилдер тобу китеп дүкөндөрүндө рейд жүргүзүп, Да Винчи менен Рембрандттын эмгектерин өзбек эли үчүн “жат” чыгармалар деп табышты. 28-июнда Өзбекстан ислам академиясынын ректору, Дин иштери боюнча комитеттин төрага орун басары жана Ислам цивилизациялар борборунун кызматкерлери баштаган топ Ташкенттин борборундагы китеп дүкөндөрүн кыдырып, анда сатылып жаткан китептер канчалык деңгээлде ислам идеологиясына туура келер-келбесин […]
ДИНЧИЛДЕР ТОБУ ТАШКЕНТТЕГИ КИТЕП ДҮКӨНДӨРҮНДӨ РЕЙД ЖҮРГҮЗҮШТҮ
05.07.2021 / Автор anarkan_kg

1,569 Бардыгы /
Ташкентте динчилдер тобу китеп дүкөндөрүндө рейд жүргүзүп, Да Винчи менен Рембрандттын эмгектерин өзбек эли үчүн “жат” чыгармалар деп табышты.
28-июнда Өзбекстан ислам академиясынын ректору, Дин иштери боюнча комитеттин төрага орун басары жана Ислам цивилизациялар борборунун кызматкерлери баштаган топ Ташкенттин борборундагы китеп дүкөндөрүн кыдырып, анда сатылып жаткан китептер канчалык деңгээлде ислам идеологиясына туура келер-келбесин текшеришти.
“Озодлик” радиосунун редакциясына жөнөтүлгөн видеодо Дин иштери боюнча комитеттин төрага орун басары Музаффар Камиловдун сатуучулардын бирине кайрылып жатканын көрүүгө болот.
«Бул китептерде биздин динибизге каршы келген жерлер бар. Алар биздин коомдогу айрым диний маселелерди бузат. Бул китептер эң алгач биздин диний ишенимдерибизге, андан соң салттарыбызга туура келиши керек», — деген ал.
Андан соң сатуучуга Ислам цивилизациялар борборунун кызматкери Аброр Абдуазимов кайрылып, сатыкка коюлган китептердин бардыгында “көйгөйлөр бар экенин” айткан.
«Бажыда өлкөгө кирип жаткан китептерге катаал көзөмөл керек. Бул китеп алып келүүгө тоскоолдук кылуу дегенди билдирбейт, болгону айрым китептердеги туура эмес түшүнүктөргө бөгөт коюу зарыл. Биздин өлкөдө кирип жаткан китептерге көзөмөл жүргүзүү системасы так иштебейт. Муну ачык айтышыбыз керек. Азыр силердин дүкөндө сатылып жаткан китептерди барактап чыктым. Алардын ар биринде көйгөйлөр бар. Айрым китептерде жылаңач кишилердин сүрөттөрү тартылган. Да Винчи, Рембрандттын чыгармаларында. Кимдир бирөө муну искусство деп эсептейт. Бирок мунун баары улуттун негизине терс таасир берип жатат. Биз идеолог катары мындай ишмердүүлүктөрдү чектешибиз керек», – деген Абдуазимов.
Андан соң ал Юваль Ноа Хараринин «Sapiens. Адамзаттын кыска тарыхы» аттуу китебин «окууга зыяндуу» чыгарма деп баалаган.
Мындан тышкары рейддин жүрүшүндө аталган топтун өкүлдөрү “Бермуд үч бурчтугу” аттуу китепти “козголоң” деп, Лариса Буракованын китебин – «учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга чакырган жана өзбек окурмандарына тыюу салынган адабият” деп аташты.
Талдоочулар дин мамлекеттен ажыратылган Өзбекстанда акыркы жылдары социалдык-саясий жана маданий жашоону диний көз караш менен баалоо учурлары көбөйгөнүн айтып келишет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
10.10.2025 / Автор anarkan_kg РАЙОНДО ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫ КАТЫШКАН 3 КҮНДҮК МАШЫГУУ ӨТҮҮДӨ
-
04.11.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОР МЕНЕН ЗАВОД КУРУУ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
26.12.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫ РАЙОНУНДА 150 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.