Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,809 Бардыгы / Хамидулла МАДАЛИЕВ Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтүнүн жашоочуларына дегеле жат эмес. 2009-жылдан тартып бир гана жерде – аталган Айыл Өкмөтүндө үзгүлтүксүз эмгектенип, ушул жерден баар таап, а түгүл агарып-көгөрдү. Андыктан, жергиликтүү Кеңеш депутаттары зор ишеним артышып, жер адиси Хамидулла МАДАЛИЕВди бир добуштан Айыл Өкмөт башчылыгына дагы шайлап тынышты. Кааарманыбызды алгачкы жумуш күнүндө […]
2,810 Бардыгы / Хамидулла МАДАЛИЕВ Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтүнүн жашоочуларына дегеле жат эмес. 2009-жылдан тартып бир гана жерде – аталган Айыл Өкмөтүндө үзгүлтүксүз эмгектенип, ушул жерден баар таап, а түгүл агарып-көгөрдү. Андыктан, жергиликтүү Кеңеш депутаттары зор ишеним артышып, жер адиси Хамидулла МАДАЛИЕВди бир добуштан Айыл Өкмөт башчылыгына дагы шайлап тынышты. Кааарманыбызды алгачкы жумуш күнүндө […]
Хамидулла МАДАЛИЕВ: “КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК АЙМАК ТҮЗҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР ЖЕТИШТҮҮ!”
11.08.2021 / Автор anarkan_kg

2,811 Бардыгы /
Хамидулла МАДАЛИЕВ Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтүнүн жашоочуларына дегеле жат эмес. 2009-жылдан тартып бир гана жерде – аталган Айыл Өкмөтүндө үзгүлтүксүз эмгектенип, ушул жерден баар таап, а түгүл агарып-көгөрдү. Андыктан, жергиликтүү Кеңеш депутаттары зор ишеним артышып, жер адиси Хамидулла МАДАЛИЕВди бир добуштан Айыл Өкмөт башчылыгына дагы шайлап тынышты. Кааарманыбызды алгачкы жумуш күнүндө кеңсесинде кепке тарттык.
- Хамидулла мырза, адатта жаңы жетекчи аппаратты дагы
жаңылап, буга улай өзүнчө команда күтчү эле. Сиз деле ошенткендирсиз?
- Жо-жок! Мен 2009-жылы Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак Айыл
Өкмөтүнүн жер адиси кызматына орношкомун. Ошондон бери ушул ушул жамаатта гана үзгүлтүксүз эмгектенип келатам.
Бирок, талапкерлигимди койгонумда Кызыл-Кыштак Айылдык Кеңешинин депутаттары мени бир добуштан Айыл Өкмөт башчылыгына кубатташат деп таптакыр күткөн дагы эмесмин! Эми бул ишеним кредитин мөөнөтүм түгөнгүчө толук кандуу актаганга гана аракет жасаймын.
- Айыл Өкмөттүн экономикасын азыркындай кыйчалыш заманда
деги кантип көтөрмөкчүсүз?
- Кызыл-Кыштак чоң Айыл Өкмөтү болгону менен бизде айдоо
аянтттары абдан эле тартыш. Дал ушул маселе менин башымды азыр куп
оорутуп жаткан чагы. Ошого карабастан ички жана тышкы инвесторлор менен ийиндеше иштешүү аракетибиз абдан күч!
Биринчиден, Ата Мекендик инвесторлорго заманбап шарттарды жаратканга биздин толук кудуретибиз жетет. Алар чакан ишканаларды курушса, сөзсүз ар тараптуу көмөктөшөбүз. Экинчиден, Дүйнөлүк Уюмдардын бизге кызыгуусу абдан күч! Андыктан, тышкы инвевсторлорго бир катар заманбап долбоолорубузду сунуш этмекчибиз. А түгүл булардын баары тең колдоо табаарынан үмүтүбүз чоң!
- Тээ Союз маалындагыдай пахта экпей калыпсыздар. Эмнеге?
- “Ак атындын” наркы бизде өтө эле арзан. Короткон чыгымды таптакыр
актабайт. Жер ээлерин мурдагыдай мажбурлап эктиргенге биздин эч акыбыз жок!
Кыргыз Өкмөт башчысы Улукбек Марипов алдыбызга абдан чоң милдеттерди койбодубу. Анан дагы “ак алтын” баасын көтөрүүнү дагы катуу убадалады. Ошол себептүү биз деле бара-бара пахтанын аянттарын көбөйтүүнү чечтик.
- Дегеле азыркы кирешеңиздер анда эмнелерден куралып жатат?
- Эң башкысы: салыктын бардык түрлөрү Айыл Өкмөтүбүздүн
казынасына үзгүлтүксүз жана эч кечеңдетилбестен гана төгүлүп келатат. Мындан тышкары чакан ишканалар дагы биринин артынан экинчиси жумушка түшүрүлүп, экономикабызды өйдөлөтүп жаткан чагы.
- Баса, ошол жергиликтүү дыйкандарга жана жеке ишкерлерге
жеңилдетилген кредиттер, ошондой эле аз пайыздуу ссудалар жагы кантти экен?
- Дыйкандарга жана жеке ишкерлерге мыйзам чегинде олуттуу
жеңилдиктер каралган. Андыктан, ссуда жана кредит таратууда бизде жемкорлук дегеле жок! Анан жеңилдик дагы абдан арбын.
- Сиз тажрыйбалуу адис сыңары Кыргызстанда Айыл Өкмөттөрүн
ирилештирүү демилгесин кубаттайсызбы?
- Ооба, бул – бүгүнкү күндүн кечиктирилгис талабы. Аны дагы да
жылдырууга дегеле мүмкүн эмес!
- Хамидулла мырза, Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтүн Ош жергесинде
эркин экономикалык аймакка (СЭЗге) айландыруу идеясы жүзөгө ашчудайбы?
- Мен бул демилгени кош колдоп гана кубаттаймын! Анткени, биздин
Айыл Өкмөтүбүздөн алкагында эркин экономикалык аймак (СЭЗ) түзүүгө бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Анан дагы шартыбыз дагы абдан туура келет. Болгону идеяны жүзөгө ашыруу гана абзел!
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтү Кызыл-Кыштак, Анжиян, Жаңы-Турмуш, Коммунизм, Ишкаван, Кызыл-Байрак жана Керме-Тоо айылдарынан куралган. 39 миң 100 калк байырлайт. Он бештен ашуун улуттун өкүлдөрү ынтымакчылыкта гана жансакташып, бири-бирине кыз берип, уул үйлөгөндөр өтө арбын.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
21.05.2026 / Автор anarkan_kg МАРКУМ ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВГО “ЭЛ БААТЫРЫ” ЭҢ ЖОГОРКУ ДАРАЖАСЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
-
-
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА 2010-ЖЫЛДАГЫ ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ ЭСКЕРИЛДИ
-
21.07.2025 / Автор anarkan_kg МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ АЛГАЧКЫ БЕТТЕШИНДЕ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.