Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДАГЫ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР

ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДАГЫ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР

 30 Бардыгы /

Кызыл-Үңкүр токой чарбасында токойду сарамжалдуу пайдалануу жана табигый өсүшүнө көмөк көрсөтүү максатында «Когой» жамааты 2021- жылы 1045 га жерге 55 ижарачы менен түзүлгөн.

Кызыл-Үңкүр токой кызматы Кыргызстан токой пайдалануучуларынын жана жер пайдалануучуларынын ассоциациясы менен биргеликте «Когой» жамааты менен иш алып барат. Бул тууралуу Кызыл-Үңкүр токой кызматынын жетекчиси Зулумбек Семетеев билдирди. Анын айтымында учурда «Когой» жамаатын Кызыл-Үңкүр токой чарбасында көп жыл токой тармагында ар кандай кызматта иштеген Казбек Самидинов жетектейт. «Когой» жааматы 3 га аянт жерге жаңгак, алма, алча көчөттөрүн отургузуп жана тосмолорду жасап бергенге жардам берген. 3 га аянт жерге 600 даана кызыл алма (яблоня Недзевцкая), 250 даана алча жана 600 даана жаңгак көчөттөрү отургузулган.

“Кыргызстан токой пайдалануучуларынын жана жер пайдалануучуларынын ассоциациясы тарабынан 3 га аянт тосмолонуп, тосмого 600 даана темир угольник, 7 катар тикенек зым алынып берилди. Ошондой эле Германия кызматташтыгы тарабынан 2000 метр 30 мм жана 200 метр 150 мм желим түтүктөр алынып, токой чарбанын Кара-Үңкүр токой бөлүмүнүн Тараша коктусунда 5 га аянттагы көчөттөргө тамчылатып сугаруу системасы киргизилди”,- дейт Зулумбек СЕМЕТЕЕВ.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17