Аймак

АНТИСАНИТАРДЫК ШАРТТАР ЖАНА ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЗОМБУЛУК

АНТИСАНИТАРДЫК ШАРТТАР ЖАНА ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЗОМБУЛУК

 798 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Сузактагы карылар үйүндө мыйзам бузууларды аныктады.

Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору (КР КАУБ) Сузактагы карылар жана майыптар интернатында болгон окуяга карата жооп берди.

Сузактагы карылар жана майыптар интернатында жүргүзүлгөн алдын ала мониторингдин жүрүшүндө КР КАУБ бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Мекемеде “изолятор” табылган. Директор Б.А.нын айтымында, COVID-19га шектелген адамдар, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичкендер ошол жерге жайгаштырылат. Бирок, социалдык мекеменин башчысы бул “изолятор” эмненин негизинде ачылгандыгын тастыктаган документти көрсөтө алган эмес. Коноктор анда канча убакыт сакталат деген суроого, ал алкогол ичимдигин ичкен мас адамдар, эсине келмейинче ошол жерде болушат – деп жооп берген.

«Атайын бөлмөнүн болушу жана анда адамдардын кармалышы – бул психологиялык зомбулук, басынтуунун жана ырайымсыз мамиленин бир түрү болуп эсептелеп. Андыктан, бул “изоляторду” уюштуруп, карыларды жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кармагандарга карата чара көрүү керек “, – деп эсептешет улуттук борбордун өкүлдөрү.

КАУБ билдиргендей, COVID-19га шектелген адамдарды “изоляторго” жайгаштыруу дагы мыйзамсыз. Оорунун белгилери байкалган кезде, мекеменин кызматкерлери тез арада аймактык саламаттыкты сактоо органдары менен байланышы керек, бейтаптарды обочолонгон бөлмөгө камап коюшу туура эмес.

Текшерүү учурунда ошондой эле мекемедеги дааратканалар санитардык нормаларга жооп бербестиги, көпчүлүгү иштен чыккандыгы аныкталды. Сырттагы даараткана жараксыз абалда жана аны колдонуу өтө кооптуу.

«Карылар үйүндөгү жашоо шарттар санитардык -гигиеналык стандарттарга жана талаптарга жооп бербейт. Директордун айтымында, мекемедеги дезинфекция кызматкерлер тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Бирок жумуш ордуларын системалуу түрдө кайрадан тазалап чыгуу иштери мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору (МСЭБ) менен биргеликте жүргүзүлүшү керек. Бирок, МСЭБ менен келишим түзүлгөн да эмес», – деп белгилейт КР КАУБнан.

Мекеменин имараттарынын биринде желдетүү системасы жок жана санитардык талаптар одоно түрдө бузулган. Бөлмөнүн ичинде адам чыдагыс жыт бар, бул дагы карыларга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата ырайымсыз, адамгерчиликсиз жана басынтуучу мамиленин бири болуп эсептелет.

Мындан тышкары, өз алдынча баса албаган тургундар үчүн мында тиешелүү шарттар каралган эмес. Имаратта алардын кыймыл аракетине карата ар кандай тоскоолдуктар орун алган, андыктан майыптардын арабасынын жүрүшүнө кошумча көйгөй жаралат.

“Тепкичтердин бийиктиги стандартка жооп бербегени сыяктуу эле, эскилиги жеткен линолеум, бийик босоголор мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн коркунуч жаратат”,-деп жыйынтыктады улуттук борбордон.

Улуттук борбордун өкүлдөрү облустук прокуратурадан бардык мыйзам бузууларды текшерип чыгып, мындай фактыларга жол берген кызмат адамдарына карата чара көрүүнү суранышты.

Эске салсак, бул мекеменин жетекчиси Эл аралык карылар күнүнө арнап материал даярдоо үчүн келген журналистке карата кысым көрсөткөн. ЖМК өкүлү карылар үйүнүн жашоочуларынын бири бир нерсе айтайын деп, жетекчиге кайрылып жаткан кезде, жатекчи тарабынан орой мамилеге кабылып жаткандыгын видеого тартып алган. Тасмага түшүп калганын байкаган директор тартылганын видеону өчүрүүсүн талап кылып, журналисттин камерасын жана телефонун тартып алган. Мындан тышкары, журналисттин карылар үйү тууралуу позитивдүү материал даярдоосун талап кылып, кызды сыртка чыгарбай койгон. Анын имараттан чыгуусуна, иш сапарга барып келүү үчүн редакция тарабынан жалданган таксист жардам берген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17