Аймак

ОРУСИЯ ИИМи ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР ҮЧҮН ҮЧ МИГРАЦИЯЛЫК РЕЖИМ КИРГИЗҮҮНҮ СУНУШТООДО

ОРУСИЯ ИИМи ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР ҮЧҮН ҮЧ МИГРАЦИЯЛЫК РЕЖИМ КИРГИЗҮҮНҮ СУНУШТООДО

 2,058 Бардыгы /

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) чет өлкөлүк жарандар үчүн үч миграциялык режим киргизип, өлкөгө келгенде аларга “лоялдуулук тууралуу келишимге” кол койдуруп алууну сунуштап жатат. Бул тууралуу ИИМ башчысынын биринчи орун басары Александр Горовой билдирди.

Анын айтымында, кыска мөөнөттүү режим чет өлкөлүк жаранга Орусиянын аймагында 90 күн жүрүүгө укук берет. Эгер ал өлкөдөн мындан узак мөөнөткө калууну кааласа, анда атайын уруксат алып, болбосо мамлекеттен чыгып кетиши керек болот.

Узак мөөнөттүү режим чет өлкөлүк жаранга Орусиянын аймагында алты айга чейин жүрүүгө укук берет. Бул режим өлкөдө убактылуу жашап турууга болгон уруксатты алмаштырат. Горовойдун айтымында, бул үчүн чет өлкөлүк жаран мамлекеттик маалыматтык системадан санарип профиль жана электрондук маалыматтарды камтыган бирдиктүү документ алышы керек болот.

Туруктуу жашоо режими мөөнөтсүз жана өлкөдө жашап туруу укугун алууга мүмкүндүк берет. Мындай укукка ээ чет өлкөлүк жаран Орусиянын жарандыгын алса болот.

ИИМ бүгүнкү күндө Орусиянын аймагынан чыкпастан эле бир режимден экинчисине которулуу механизмдерин иштеп чыгууда.

Мекеме мындан тышкары жумуш берүүчүлөр менен мигранттардын реестрин түзүүнү жана салык режимдерин оптимизация кылууну сунуштап жатат. Ошондой эле “жумушчуларды миграцияга чейин даярдоо” иштерин (биометрикалык каттоого туруу, медициналык камсыздандыруунун полисин жана башка документтерди алууну) мигранттын мекенине которуу каралууда.

Ошол эле маалда Орусияда мигранттарга көзөмөл жүргүзүү жана “алдын алуу чараларын жакшыртуу” сунушталууда. Мындай чаралардын бири катары “лоялдуулук тууралуу келишимге” кол койдуруу болушу мүмкүн. Мигранттар аталган келишимге кол коюу менен өзү тууралуу ачык маалымат берүүгө, орус өкмөтүнө зыян келтирбөөгө жана мыйзамдарды так сактоого милдеттүү болот. Келишимдин шарттары сакталбаган учурда мигрант Орусиянын аймагынан чыгарылат жана бардык чыгымды өзү көтөрөт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17