Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
955 Бардыгы / Түркмөнстандын Лебап облусунда калктан электр энергиясы үчүн карыздарын, анын ичинде 2021-жылдын калган айлары үчүн да алдын ала төлөө талап кылынууда. “Бүгүн электр түйүндөр ишканасынын жумушчулары үймө-үй кыдырып, 2022-жылдан тартып электр энергиясы үчүн төлөмдөр 130% кымбаттай турганын айта башташты. Мындан тышкары алар электр жарыгы үчүн быйылкы карыздары жабылбаса, кийинки жылы аны жаңы, жогорулатылган тариф […]
956 Бардыгы / Түркмөнстандын Лебап облусунда калктан электр энергиясы үчүн карыздарын, анын ичинде 2021-жылдын калган айлары үчүн да алдын ала төлөө талап кылынууда. “Бүгүн электр түйүндөр ишканасынын жумушчулары үймө-үй кыдырып, 2022-жылдан тартып электр энергиясы үчүн төлөмдөр 130% кымбаттай турганын айта башташты. Мындан тышкары алар электр жарыгы үчүн быйылкы карыздары жабылбаса, кийинки жылы аны жаңы, жогорулатылган тариф […]
ТҮРКМӨНСТАНДЫН ЧЫГЫШЫНДА КАЛКТАН ЭЛЕКТР ТӨЛӨМДӨРҮН АЛДЫН АЛА ТӨЛӨӨ ТАЛАП КЫЛЫНУУДА
21.10.2021 / Автор anarkan_kg

957 Бардыгы /
Түркмөнстандын Лебап облусунда калктан электр энергиясы үчүн карыздарын, анын ичинде 2021-жылдын калган айлары үчүн да алдын ала төлөө талап кылынууда.
“Бүгүн электр түйүндөр ишканасынын жумушчулары үймө-үй кыдырып, 2022-жылдан тартып электр энергиясы үчүн төлөмдөр 130% кымбаттай турганын айта башташты. Мындан тышкары алар электр жарыгы үчүн быйылкы карыздары жабылбаса, кийинки жылы аны жаңы, жогорулатылган тариф менен төлөөгө туура келээрин эскертип жатышат”, — деди аты-жөнүн айткысы келбеген жергиликтүү тургун.
Лебап облустук электр түйүн ишканасынын кызматкери бүгүнкү күндө өлкөдө 100 киловатт электр энергиясынын баасы 2,5 манат болсо, 2022-жылдан кийин 4 манатка чейин жогорулатуу пландалып жатканын билдирди.
Түркмөн өкмөтү 2019-жылы калкка электр энергиясын, жаратылыш газын жана сууну бекер берүү тууралуу чейрек кылымдан бери иштеп келген жеңилдиктерди жойгон. Мындай чечим Халк Маслахатынын 2018-жылы сентябрда өткөн жыйынында кабыл алынган. Анда өлкө калкынын жашоо деңгээли болуп көрбөгөндөй жогорулаганы айтылган.
Ошол эле маалда “Азаттыктын” түркмөн кызматы өлкө тургундарынын экономикалык абалы кыйла начарлап кеткенин байма-бай кабарлап келет. Түркмөн бийлиги электр энергиясына болгон тарифтерди жогорулатууну пландап жаткан чакта, жашоочулардын көбү бир нече жылдан бери электр энергиясы тартыш шартта жашап келишет. Алсак, бир айдан бери Фарап жана Чаржев райондорунда электр жарыгы өчүрүлүүдө. Жергиликтүү тургундардын айтымында, көпчүлүк убакта жарык күнү бою жок болуп, кечки саат жетиден кийин гана берилүүдө.
“Бул бала бакчалар менен мектептердин жылытуу системасында көйгөйлөрдү жаратууда. Балдар класстарда кышкы кийим менен отурууга аргасыз болуп жатышат. Социалдык маанидеги имараттарда кошумча генераторлор жок”, деди жергиликтүү тургун.
Электр түйүн ишканаларынын жумушчулары мындай учурларды оңдоо иштери жана электр линияларындагы мүчүлүштүктөр менен түшүндүрүп келишет.
Ал ортодо түркмөн аткаминерлери 15-октябрдагы өкмөт жыйынында коңшу өлкөлөргө электр энергиясынын экспортун көбөйтүү маселесин дагы бир жолу талкуулашты.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
22.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖОЛ УРАП, А ТҮГҮЛ КАТТАМ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАДЫ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 323 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.