Аймак

“ОШ—АНТИТЕРРОР-2021” КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУСУ АЯКТАДЫ

“ОШ—АНТИТЕРРОР-2021” КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУСУ АЯКТАДЫ

 912 Бардыгы /

ОШ. “Ош — Антитеррор-2021” аталышындагы командалык-штабдык машыгуусу ийгиликтүү аяктады.

“Манас” Эл аралык аэропортунун Ош филиалынын аймагында учакты басып алуу жана уурдоо боюнча терроризмге каршы атайын операцияны даярдоо жана өткөрүү боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун компетенттүү органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн күчтөрүн жана каражаттарын сынактан өткөрүү максатында “Ош — Антитеррор-2021” командалык-штабдык машыгуусу өткөрүлдү. Бул командалык-штабдык машыгуунун максаты — ведомстволор аралык туура координациялоо, иш жүзүндөгү өз ара аракеттенүү, ошондой эле атайын бөлүктөрдүн күжүрмөн даярдыгын жана алардын аракеттеринин ырааттуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Аталган машыгуулардын алкагында аймактык Ыкчам Штаб түзүлүп, анын көзөмөл астында террористтик коркунуч келип чыккан учурда терроризмге каршы иш-аракеттердин субъекттеринин жана башка мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын координациялоо жана өз ара аракеттенүү маселелери иштелип чыкты. “Ош—Антитеррор-2021” командалык-штабдык машыгуунун жыйынтыктоочу этабында Ош шаарынын аэропортунда КР УКМК атайын бөлүмү тарабынан учакты уурдоого аракет кылган шарттуу кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюу жана барымтадагыларды бошотуу операциясы дагы ийгиликтүү аткарылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17