Аймак

АНЖИЯНДА МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНАН “АБИЙИР КАТТАРЫН” ЖАЗУУ ТАЛАП КЫЛЫНУУДА

АНЖИЯНДА МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНАН “АБИЙИР КАТТАРЫН” ЖАЗУУ ТАЛАП КЫЛЫНУУДА

 1,158 Бардыгы /

Анжияндагы мектеп директорлору пара албоого ант берип, “абийир каттарын” жазууга мажбурланууда. Бул маалыматты аймактагы директорлордун бири”Озодлик” радиосуна ырастады.

– 3-февралда Анжияндагы №41 мектептин директору 500 доллар өлчөмүндө пара алып жатканда кармалган. Бул окуядан кийин аймактагы мектептердин баарынын директорлорунан облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин атына “абийир катын” жаздыруу буйругу келди. Мен да ушундай кат жазып, абийирдүү иштөөгө жана эч качан пара албоого ант бердим”, — деди аты-жөнүн айткысы келбеген директорлордун бири.

Анын бул айткандарын Анжияндагы дагы бир мектептин директору ырастап, бул жетекчилердин жөн гана жогору жакка “иштеп жатканын көрсөтүү” үчүн жасап жаткан аракети экенин билдирди.

– Бул жөн гана шоу болууда. Мындай каттар жогору жактагы жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын көрсөтүү үчүн алынууда. Бул каттардын эч кандай баалуулугу жок, аларды эч ким окубайт”, — деди ал.

Быйыл январдын башында жарыяланган Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, Өзбекстанда билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын кызматкерлери эң аз айлык алышат.

Президент Шавкат Мирзиёев 2020-жылы сентябрда өлкө Эгемендигинин 29 жылдыгына карата сүйлөп жатып, Өзбекстандагы мугалимдердин айлыгын 1000 долларга жеткирүүнү убадалаган. Бирок андан бери өзбек мугалимдеринин маянасы сезилээрлик өзгөргөн жок.

Анжияндык мугалимдердин айтымында, бүгүнкү күндө категориясы жок педагог бир ставка үчүн 2 миллион 300 миң сум айлык алат. Салыктарды чыгарып салганда мындай мугалимдер колуна 200 доллардан алышат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17