Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,126 Бардыгы / Жаңы-Өзөн шаарында “Озенмунайгаз” компаниясына кызмат көрсөткөн “ТрубРемЦентр” ишканасынын жумушчулары иш таштаганына 10 күн болду. Алар маянаны жогорулатууну, коопсуздук жана эмгек шарттарын жакшыртууну, буга чейинки иш таштоонун катышуучуларына карата куугунтукту токтотууну жана мыйзамсыз иштен кетирилгендерди кайра жумушка алууну талап кылууда. “ТрубРемЦентрдин” жумушчулары ишкананын Жаңы-Өзөндөгү кеңсесинин алдына эки боз үй тигип алышкан. — Бүгүн 10 […]
1,127 Бардыгы / Жаңы-Өзөн шаарында “Озенмунайгаз” компаниясына кызмат көрсөткөн “ТрубРемЦентр” ишканасынын жумушчулары иш таштаганына 10 күн болду. Алар маянаны жогорулатууну, коопсуздук жана эмгек шарттарын жакшыртууну, буга чейинки иш таштоонун катышуучуларына карата куугунтукту токтотууну жана мыйзамсыз иштен кетирилгендерди кайра жумушка алууну талап кылууда. “ТрубРемЦентрдин” жумушчулары ишкананын Жаңы-Өзөндөгү кеңсесинин алдына эки боз үй тигип алышкан. — Бүгүн 10 […]
ЖАҢЫ-ӨЗӨНДӨ “ТРУБРЕМЦЕНТР” КОМПАНИЯСЫНЫН ЖУМУШЧУЛАРЫ ИШ ТАШТАГАНЫНА 10 КҮН БОЛДУ
24.05.2022 / Автор anarkan_kg

1,128 Бардыгы /
Жаңы-Өзөн шаарында “Озенмунайгаз” компаниясына кызмат көрсөткөн “ТрубРемЦентр” ишканасынын жумушчулары иш таштаганына 10 күн болду.
Алар маянаны жогорулатууну, коопсуздук жана эмгек шарттарын жакшыртууну, буга чейинки иш таштоонун катышуучуларына карата куугунтукту токтотууну жана мыйзамсыз иштен кетирилгендерди кайра жумушка алууну талап кылууда.
“ТрубРемЦентрдин” жумушчулары ишкананын Жаңы-Өзөндөгү кеңсесинин алдына эки боз үй тигип алышкан.
— Бүгүн 10 сутка болду. 13-майдан бери боз үйдө отурабыз. Бизге бийликтен да, жумуш берүүчү тараптан да эч ким келген жок. Азыр бул жерде 112 жумушчу бар. Алардын ар бири жумушчуларды иштен кетирүү үчүн басым жасап жаткан жетекчини жумуштан алууну, жабдууларды модернизациялоону жана маянаны жогорулатууну талап кылып арыздарды жазышты. Арыздар прокуратурага, Эмгек министрлигине жана жергиликтүү аткаруу органдарына жөнөтүлдү, — деди ишкана жумушчуларынын кесиптик кошуунунун төрагасы Бакытжан Меретаманов.
Анын айтымында, жумуш берүүчү алардын талаптарына көңүл буруунун ордуна ишканадагы жабдууларды модернизация кылуу үчүн анын иши убактылуу токтотуларын айтып, бул учурда жумушчулардын айлыгы 50% сакталып каларын убадалаган.
— Жумуш берүүчү айлыктардын 50% сактап калуу жана жабдууларды жаңылоо үчүн ишкананын ишин убактылуу токтотуу тууралуу буйрук чыгарды. Бирок иш жүзүндө эч нерсе жасалган жок. Өткөн жылы “Озенмунайгаз” бизге көбүрөөк жумуш берсе, маяналар жогорулай турганын айтышкан. Ал убадасы да аткарылган жок, — деди Меретаманов.
Анын айтымында, 24-мартта да жумушчулар жамааттык арыз жазып, талаптарын жумуш берүүчүгө жазуу түрүндө жөнөтүшкөн. Мындан тышкары макулдашуу жана арбитраждык комиссиялардын отурумдары да өткөн. Бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.
“ТрубРемЦентр” “Озенмунайгаз” компаниясы иштетип жаткан кендердеги мунай скважиналарын оңдоо жана тазалоо менен алектенет. Ишканада жалпысынан 150гө жакын жумушчу иштейт.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg “СЕЗИМ СЫРЛАРЫ” АТТУУ ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.10.2025 / Автор anarkan_kg БЕНАЗИР НУРЛАНОВА ЭКОНОМИКА МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
06.12.2025 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЭТТИН БААСЫ БОЮНЧА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.