Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,276 Бардыгы / Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) 20-майдагы жыйынында Орусия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бардык мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого квоталар менен бажы төлөмдөрүн киргизиши керектигин талап кылды. Бул тууралуу орусиялык “Коммерсант” басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, Москванын бул талабына чет өлкөлөргө буудай экспорттоого кызыкдар болгон Казакстан каршы болууда. Орусияда 2022-жылы буудайдын түшүмү болуп көрбөгөндөй мол […]
1,277 Бардыгы / Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) 20-майдагы жыйынында Орусия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бардык мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого квоталар менен бажы төлөмдөрүн киргизиши керектигин талап кылды. Бул тууралуу орусиялык “Коммерсант” басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, Москванын бул талабына чет өлкөлөргө буудай экспорттоого кызыкдар болгон Казакстан каршы болууда. Орусияда 2022-жылы буудайдын түшүмү болуп көрбөгөндөй мол […]
КАЗАКСТАН ДАН АЗЫКТАРЫН ЭКСПОРТТООНУ ЧЕКТӨӨ ТУУРАЛУУ ОРУСИЯНЫН ТАЛАБЫНА КАРШЫ БОЛУУДА
24.05.2022 / Автор anarkan_kg

1,278 Бардыгы /
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) 20-майдагы жыйынында Орусия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бардык мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого квоталар менен бажы төлөмдөрүн киргизиши керектигин талап кылды. Бул тууралуу орусиялык “Коммерсант” басылмасы кабарлады.
Маалыматка караганда, Москванын бул талабына чет өлкөлөргө буудай экспорттоого кызыкдар болгон Казакстан каршы болууда.
Орусияда 2022-жылы буудайдын түшүмү болуп көрбөгөндөй мол болору күтүлүп жатканына карабастан, өлкө дан азыктарынын эскпортун ЕАЭБдин деңгээлинде да көзөмөлдөөгө аракет кылууда.
Басылманын маалыматына караганда, Орусия реэкспорттон чочулап, биримдиктин бардык мүчөлөрү дан азыктарына квоталар менен бажы төлөмдөрүн киргизишин каалап жатат.
Быйыл жазында Сибирден буудай сатып алуу активдешкендиктен Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө 30-июнга чейин дан азыктарын экспорттоого тыюу салган. Казакстан муну укуктарын чектөө катары кабыл алып, жооп катары буудай менен ундун экспортуна квоталарды киргизген.
“Коммерсант” гезитинин маалыматына караганда, ЕАЭКтин жыйынында орус тарап кабыл алынган чаралар жетишсиз болуп жатканын, анткени Казакстанда арпа менен жүгөрүнү сыртка чыгарууда бажы төлөмдөрү жок экенин белгилеген. Жыйынтыгында эки өлкөнүн ички базарларындагы баалардын кыйла чоң айырмачылыгы жаралган.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөр 2021-жылы августта буудай, арпа, жүгөрү, күнкарама өңдүү бир нече товардын экспортуна чектөөлөрдү киргизүү үчүн бирдиктүү аракеттерди көрүүнү пландап жатканы кабарланган. Бирок ал идея ишке ашкан жок.
Бүгүнкү күнгө карата Беларус буудайды сыртка чыгарууга толугу менен тыюу салды. Армения менен Кыргызстан бажы төлөмдөрү жана квоталар тууралуу чечимин даярдап жатат. Казакстан бажы төлөмдөрүн киргизүүгө каршы болууда. Анткени бул жергиликтүү айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткаруусуна тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
“Коммерсанттын” булагы Казакстандын бул позициясынан улам Орусиянын Айыл чарба министрлиги дан азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт кылууга киргизген чектөөлөрдү узартышы мүмкүн деп эсептейт. Казакстан үчүн орус буудайын июль айына чейин сатып алуу маанилүү, анткени өлкөдөгү жазгы буудай августта гана жыйнала баштайт.
Украинадагы согуш башталгандан кийин киргизилген Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларынан улам Орусия айрым азык-түлүк товарларын, анын ичинде буудай менен кумшекерди экспорттону чектеген. Буга байланыштуу Казакстанда айрым товарлар кымбаттаган. Мартта өлкөдө кумшекердин баасы жогорулап, бир нече аймакта анын тартыштыгы жаралганы айтылса, апрелде ун кымбаттаганы кабарланган.
13-майда Казакстандын Айыл чарба министрлиги 23-майдан тарта жарым жылга чейин өлкөдөн ак жана камыш кантын алып чыгууга тыюу салынарын билдирген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
11.06.2025 / Автор anarkan_kg ТИЛЕК ТЕКЕБАЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ КУРУЛУШ ОБЪЕКТИЛЕРИН КЫДЫРДЫ
-
11.06.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ЖАҢЫ БАТИРЛЕРГЕ ЭЭ БОЛУШТУ
-
10.06.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ИЮНЬ КООГАЛАҢЫНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ
-
-
-
09.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЦЕМЕНТ ЗАВОДУНУН МАРТТЫГЫНА ЧЕК ЖОК!
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.