Аймак

КЫЛМЫШ ТОБУ ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ АБАКТАН 6,5 МИЛЛИОН СОМ ЖЫЙНАГАН

КЫЛМЫШ ТОБУ ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ АБАКТАН 6,5 МИЛЛИОН СОМ ЖЫЙНАГАН

 885 Бардыгы /

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча алууга жардам берген деп к\мөндөлгөн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын С.у.Н аттуу мурдагы башчысы кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) басма сөз кызматынан кабарлашты.

          Ошентип, бул кылмыштуу жорукка тиешси бар кылмыштуу топтун эки мүчөсү – Ош шаарынын тергөө абагында «Положенец» макамы бар А.Т.К. жана Жалал-Абад шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында «Көзөмөлдөөчү» аталгшан М.М.А. кармалышты. Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери кызуу улантылып жатат. Тергөөнүн маалыматында, кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайдын ичинде эле ээн-эркин жүрүүгө шарт түзүлүп, а т\г\л абактагылардан ири суммадагы акча дагы талап кылышкан. Аргасыздан камалгандар тыштагы тууган-уруктарына электрондук капчык аркылуу акча которууну суранышкан. Убактылуу кармоочу жайдан 2023-жылы мындай схема менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жалпы жонунан 6,5 миллион сом топтошкон.

          Былтыр 31-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМКнын) төрагасы Камчыбек Ташиев бул жылы дагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш уланарын, эми абактар тартипке салынаарын катуу эскерткен. Ал эми быйыл 11-январда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) өлкөдөгү түрмөлөрдө, түзөтүү мекемелеринде жана тергөө абактарында криминалдык идеологияга каршы иш-чаралар өткөрүлө баштагандыгын ачыктагапн.

          Баса, былтыр октябрда Бишкекте уюшкан кылмыш тобунун анабашы аталган Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат аны менен байланышы бар кылмыштуу топтун өкүлү сыёары саналган 40тан ашуун адам кармалгандыгын, буга улай 1 миллиард долларлык актив камакка алынгандыгын жарыяланган. Уюшкан кылмыш топторуна тиешеси бар «220дан ашуун мамлекеттик кызматкер аныкталгандыгын, булардын басымдуулугу кызматтан алынгандыгын»  кабарлаган.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17