Өлкө аймактары менен кубаттуу
ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
КЫЛЫМ КАРЫТКАН МЕКТЕП
МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
790 Бардыгы / 15-июль күнү кечинде Москвада өткөн «Түбөлүктүү Путинге жол жок!» деген акциянын жүздөн ашык катышуучусу кармалды. Акция Орусиянын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы өнөктүк баштаган активисттер тарабынан уюштурулду. Иш-чара кечки саат жетиде Пушкин аянтында башталып, ага жүздөгөн киши катышты. Алгач акциянын уюштуруучулары Москва мэриясына митинг өткөрүү тууралуу билдирме жөнөтүшкөн. Алар Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча […]
791 Бардыгы / 15-июль күнү кечинде Москвада өткөн «Түбөлүктүү Путинге жол жок!» деген акциянын жүздөн ашык катышуучусу кармалды. Акция Орусиянын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы өнөктүк баштаган активисттер тарабынан уюштурулду. Иш-чара кечки саат жетиде Пушкин аянтында башталып, ага жүздөгөн киши катышты. Алгач акциянын уюштуруучулары Москва мэриясына митинг өткөрүү тууралуу билдирме жөнөтүшкөн. Алар Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча […]
МОСКВАДА «ТҮБӨЛҮКТҮҮ ПУТИНГЕ ЖОЛ ЖОК» АКЦИЯСЫНЫН ЖҮЗДӨН АШЫК КАТЫШУУЧУСУ КАРМАЛДЫ
16.07.2020 / Автор aymak

792 Бардыгы /
15-июль күнү кечинде Москвада өткөн «Түбөлүктүү Путинге жол жок!» деген акциянын жүздөн ашык катышуучусу кармалды.
Акция Орусиянын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы өнөктүк баштаган активисттер тарабынан уюштурулду.
Иш-чара кечки саат жетиде Пушкин аянтында башталып, ага жүздөгөн киши катышты. Алгач акциянын уюштуруучулары Москва мэриясына митинг өткөрүү тууралуу билдирме жөнөтүшкөн. Алар Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышмак. Бирок калаа бийлиги митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Мындан улам уюштуруучулар акцияны жарандардын жолугушуусу жана кол топтоо форматында өткөрүүнү чечишкен.
Акция башталгандан эки саат өткөндөн кийин катышуучулар Тверь көчөсүн бойлой жүрүшкө чыгышты. Алардын жолун Улуттук гвардиянын кызматкерлери менен ОМОН тосуп, кармай башташты. Күбөлөр укук коргоо органдары жарандарга карата катаал мамиле кылышканын билдиришти. Кармалгандардын көбү жараат алганын айтышууда.
«МБХ Медиа» басылмасынын маалыматына караганда, акция катышуучуларынын дагы бир бөлүгү «Москва, көчөгө чык!» деген ураан менен Петровка көчөсүн бойлой басышты. Полиция алардын ичинен ондогон адамды кармап кетти.
Жалпысынан Москва боюнча 103 киши кармалганы кабарланууда. Алардын арасында Коомдук байкоо комиссиясынын мүчөсү Марина Литвинович, «Ачык Орусиянын» аткаруучу директору Андрей Пивоваров, Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) илимий кызматкери Сергей Фёдоров, муниципалдык депутат Юлия Галямина жана анын кызы бар. Акцияга бир нече саат калганда Москванын Таган райондук соту Галяминаны митинг өткөрүү тартибин кайталап бузууга күнөөлүү деп таап, 200 миң рубль өлчөмүндө айып пул салган.
Москванын Пушкин аянтындагыдай акция Санкт-Петербург шаарындагы Нева проспектиси менен Садовой көчөсүнүн кесилишинде да өттү. Азырынча ал жакта кармалгандар боюнча маалымат жок.
Орусиянын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өлкө президенти Владимир Путин быйыл январда демилгелеген. Ал өзгөртүүлөр жалпы элдик добуш берүү менен жактырылышы керектигин айткан.
Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан расмий маалыматка ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгында Баш мыйзамды өзгөртүүнү орусиялыктардын 78% колдоп, 21% ашыгы каршы болгон. Добуш берүүгө өлкө жарандарынын 65% катышканы айтылган. Оппозиция көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдирип, добуш берүүнүн жыйынтыктарын таануудан баш тартууда.
Өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин Орусиянын Конституциясы эл аралык укуктан жогору болуп, өлкө башчынын буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат. Бул Владимир Путинге дагы эки жолу президенттик шайлоодо талапкерлигин коюуга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары президенттин ыйгарым укуктары азыркыдан кыйла кеңейет.
www.
Автор aymak
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДА БАШТАЛДЫ
-
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
-
-
-
26.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА ЖАЙЫТТАР ЖАНА ТОКОЙЛОР ЖАКШЫРТЫЛАТ
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.