Аймак

КӨК БӨРҮ ЧЫРЫ

КӨК БӨРҮ ЧЫРЫ

 960 Бардыгы /

Көк бөрү чырын чыгаргандарды кармоо иштери улантылып, андагы коомдук тартипти бузган 65 жаран бүгүнкү күндө кармалып, анын 5өө 2 айга камакка калтырылды. Оштогу Төлөйкөн ат майданындагы “Көк бөрү” оюнунан кийинки чырга байланыштуу 9 кишиге иш козголуп, эки айга камакка алынгандыгы облустук милициядан билдирилген. Маалыматка ылайык, жаңжалга байланыштуу жалпы 65 киши суракка алынган. Алардын 9уна «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал эми 56 тургунга «Майда бейбаштык» беренесинин негизинде административдик протокол түзүлүп, коё берилгени айтылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

31-августта өлкөнүн көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына карата Ош облусунда “Көк бөрү” оюну өткөрүлүп, анын финалында Таластын «Ынтымак» командасы Оштун «Достук» командасын 2:1 эсебинде жеңип алган. Оюн аяктар алдында жыйынтыкка нааразы болгон көрүүчүлөр калыстарды ур-токмокко алып, анда жалпы алты киши жабыркап, бир милиция кызматкери ооруканага жеткирилген.

Окуя боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечинде кайрылуу жасап, чыр-чаттакка тиешеси бар ар бир тургун мыйзам чегинде жазаланарын билдирген.  Мына ушул окуяга байланыштуу “Көк бөрү” оюну тууралуу аксакалдардын көз карашын жарыялоону туура көрдүк.

Сейдалы ЖАНАЛИЕВ, Жалал-Абад областынын ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары:

“КӨК БӨРҮ – ЖАПАЙЫЧЫЛЫКТЫН ОЮНУ”

-Кыргыздар “Көк бөрү” оюнун улуттук оюндарыбыздын катарына кошуп жүрүшөт. Негизи бул оюн кыргыздын улуттук оюнуна кирбейт, бул жалпы көчмөн элдеринин оюну. Муну тарыхчылар жалган деп айтпайт.

Кечээги эгемендик майрам күнү ушул оюндун артынан чыккан чыр бизди дүйнөнүн булуң-бурчуна уяткарды. Бул “Көк бөрү” оюнуна мамлекет башка улуттук оюндарынан өзгөчөлөнтүп чоң көңүл буруп, шарттарды түзүп жиберишти. Бул оюн чынында аягы талаш-тартыш менен бүтө турганы белгилүү. Ошону менен бирге андагы оюнчуларда да ден соолугуна доо кеткен учурлар көп катталат. Бул оюн элдерди достоштурбайт. Тескерисинче элди эки жаатка бөлүп, аягы кандуу окуялар менен бүтөт. Сөзүм курук эмес, мындан 3 жыл мурда Сузак районунда өткөрүлгөн ушул оюндун арты менен эки тараптуу уруш чыгып, бир улакчы баланын өлүмү менен аяктаган. Ошондуктан биздин жетекчилер бул оюнду ыгы менен ойнотууну колго алышы керек. Анын ордуна башка улуттук спортту жандандырганы дурус болот.

Көк бөрү – илим билимдүүлөрдүн оюну эмес. Ал маданияттуу да оюн эмес. Илгертеден жапайычылыктын оюну болуп келген. Анын арты менен жабыр тарткандар бизде эсепке алынбайт. Жыйынтыгында канчалаган жаш балдар ден соолугунан ажырап мүмкүнчүлүгү чектелип, кырсыктар болуп жатат. Ошону менен бирге бир бүтүн элди жаакташтырып, жаатташтыруу деңгээлине жеткирип жатат. Кыргызда “Эсиң барда этегиңди жый”- деген макал бар. Кечээги чырды чыгаргандарды күч органдары өтө катуу тартипке чакырып, жаза берүүсү зарыл.

Учурда кыргыз элинин алдыңкы көз караштагы маданияттуу катмары элди бириктирип, улут катары бир муштумга биригип, маданиятыбызды, тарыхыбызды, тилибизди сактап калуу аракетинде жүрсө, тиги жаш балдардын чыр кылганы өтө өкүнүчтүү болууда. Жаштар деп шылтоо кылуу керек эмес. Аларды тарбиялоо биздин милдет. Азыркы жаштарды патриоттуулук духта тарбиялоо да экинчи орунга сүрүлүп калды. Жаштарды мектепте жакшы окутуп тарбия бере албай же мечитке алып барып намазга жыга албай жатабыз. Азыркы жаш муундарда улуттук биримдик, ынтымактык деген түшүнүк жок болууда. Жаштардын эси дарты биринчи кезекте акча гана болуп калды. Мектепти толук окубай акча табуу үчүн мигрант болуп кетип жатышат. Ушул маселелерден учурда мамлекет жыйынтык чыгарып калуусу керек. Илгери идеология бөлүмү болгон. Алар үгүт-насаат иштерин колго алып келген. Баарыбыз эле келечек жаштардыкы деп айтканыбыз менен алардын келечегине кам көрбөй жатабыз. Бул маселеге мамлекеттик деңгээлде кам көрүү керек. Азыр стабилдешип калдык деп айта албайбыз. Анткени жаштардын 50 пайызы тарбиясыз калууда. Ата-энелери тиричиликтин айынан мигрант болуп кетип, алардын балдары мектепке барбай, натыйжада сөз таасир кылбаган башкача муун өсүп келе жатат.

Мамлекеттин пайдубалы түз, бекем болуш үчүн жаштардын таалим-тарбиясына мамлекеттик деңгээлде колго алуу зарыл.

Бекболот ИБРАГИМОВ, учурунда “Көк бөрү” федерациясынын түштүк аймагын 15 жыл жетектеп келген ардагер:

“КӨК БӨРҮ- УЛУТТУН БЕТКЕ ТУТАР ОЮНУ”

-Көк бөрү алмуздактан бери кыргыздарда ойнолуп келе жаткан оюн. Бул оюн дүйнөнүн 24 мамлекетинде айрыкча Орто Азияда ойнотулат. Айрым жерлерде торпок, айрымдары теке улак тартышат. Бизде бул оюнга 1996-жылдан баштап жакшы көңүл бурулуп, негизги идеяны Болот Шамшиев көтөрүп, Аскар Салымбеков коштоп “Көк бөрү” оюнун кандайдыр бир деңгээлде эрежелүү кылып, ал дүйнөгө тарай тургандай атайын программаны түзүп чыгышкан. “Көк бөрү” федерациясы 1997-жылы түзүлүп, анын президенти Болот Шамшиев болгон. Ал эми 1998-жылы аталган оюн улуттук оюндардын катарына кирип, программасы кабыл алынган.

2003-жылы өлкөдө эл аралык спортакиада болуп өттү. Ага дүйнөдөн 8 мамлекет келип катышты. Анын негизинде дүйнөлүк “Көк бөрү” федерациясы түзүлүп, ага генералдык секретары болуп Болот Шерниязов шайланган. Бул оюндун көтөрүлүп, ушул деңгээлге жетишине раматылык Болот Шерниязовдун салымы чоң.

Негизи көк бөрү чырлуу оюн. Кыргыздын бетке тутаар улуттук оюну. Муну өркүндөтүшүбүз керек. Азыр кичине эрежелештирилип, оюнчулар бири-бирин сыйлап калды. Чырдын чыгуу себеби калыстан болот. Калыс калыстыгын туура жүргүзбөсө, кыргыз эч тим тура турган калк эмес. Кечээги оюндагы чыр да калыстын туура эмес жүргүзгөн калыстыгынын айынан чыгып олтурат. Ошол жерде калыс эреже бузулган учурда (оюнчулар алмашып жаткан мезгилде эреже бузулган) оюнду токтотуш керек эле.

Баарынан да ошол күндөгү чырдын чыкканы жакшы иш болбоду. Ал жерде ажобуз баштаган бийлик өкүлдөрү, күч органы турган. Аларды көзгө илбей чыр чыгаргандар колу менен кылган ишке башы менен жооп беришсин. Бул жерде тартип сакчыларынын да күнөөсү бар. Алар оюн талаага биринчилерден болуп чыккан 15тей баланы кармап сыртка сүрүп таштаганда эле мынчалык болмок эмес. Күч түзүмдөрү карап туруп алышты. Өз милдетин аткарышкан жок. Бизде кайдыгерлик күч алып кетти. Негизгисинен алганда калыстын да, тартип сакчыларынын да өз иштерин туура, так аткарбаганынын кесепети болду деп эсептейм.

Бизде трайболизм калбайт окшойт. Бири-бирибизди сыйлабай, жаатташып жүрүп улутту жок кылып албайлы?! Келгиле ынтымак, биримдик баарын жеңет.

Аэлине АЛИШЕРОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17