Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
1 Бардыгы / Кыргызда бекеринен «Колдо бар алтындын баркы жок!» дешпейт. Болбосо, Араван райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Гүльмира АДЫРБАЕВА комузда гана кол ойнотпостон, кыяк, кыл кыяк, гитара чертип, фортепианодо жана чоор аспаптарда дагы ойнойт. А түгүл театрда мыкты ролдорду дагы жаратып, миңдеген шакирттерди белендегенге үлгүрдү. Анткени менен эмдигиче зор эмгеги бааланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген […]
2 Бардыгы / Кыргызда бекеринен «Колдо бар алтындын баркы жок!» дешпейт. Болбосо, Араван райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Гүльмира АДЫРБАЕВА комузда гана кол ойнотпостон, кыяк, кыл кыяк, гитара чертип, фортепианодо жана чоор аспаптарда дагы ойнойт. А түгүл театрда мыкты ролдорду дагы жаратып, миңдеген шакирттерди белендегенге үлгүрдү. Анткени менен эмдигиче зор эмгеги бааланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген […]
Гүльмира АДЫРБАЕВА: “АРАВАНДА ӨЗҮМ СЦЕНАРИСТ ЖАНА РЕЖИССЕР-КОЮУЧУМУН!”
03.03.2025 / Автор anarkan_kg

3 Бардыгы /
Кыргызда бекеринен «Колдо бар алтындын баркы жок!» дешпейт. Болбосо, Араван райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Гүльмира АДЫРБАЕВА комузда гана кол ойнотпостон, кыяк, кыл кыяк, гитара чертип, фортепианодо жана чоор аспаптарда дагы ойнойт. А түгүл театрда мыкты ролдорду дагы жаратып, миңдеген шакирттерди белендегенге үлгүрдү. Анткени менен эмдигиче зор эмгеги бааланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардак наамын ала элек.
– Гүльмира айым, адегенде Араван району «Сармерден» элдик таланттар сынагында Ош облусунда биринчи орунду багындырышы менен чын дилимден кутуктаймын!
– Чоооң ыракамат! Бул жеңиш, чындыгында, оңойго турган жок! Ош облусунун жети районунан өнөр сынашкандар менен теңтайлашуу, албетте. Өтө олуттуу камылганы талап кылды. Бактыбызга жараша калыстар тобу дагы адилеттиктен эч тайыбады.
– Биздин баамыбызда, Сиз деле көп кырдуу талант экенсиз?
– Ананчы! Буга менин өмүр бою кунт коюп окушум жана дагы талыкпаган изденүүм себепкер. Тогуз жашымдан комузда кол ойнотуп, Жалал-Абал облусундагы Кара-Көл шаарындагы балдар музыкалык мектебинде окудум. Андан соң 1987-1991-жылдарда Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайында билимимди уланттым. Ушуну менен гана чектелбестен 2000-2005-жылдарда Ош мамлекеттик унвиерситетинин искусство факультетинде чеберчилигимди ого бетер жогорулаттым.
– Сиз өзүңүз Жалал-Абад облусундагы Кара-Көлдүн кызы болосуз. Анан кантип Ош облусуна караштуу Араванга келин болуп кадыңыз?
– «Таш түшкөн жеринди – оор» дешет элибиз. Тагдыр экен, Араван жергесине келинмин.
– Демек, анда эки өрөөнгө кызматыңыз зор турбайбы?
– Ооба! Эмгек жолумду 1991-жылы Араван райондук балдардын искусство мектебинде мугалим болуп баштагамын. 1993-2000-жылдарда Кара-Көл шаардык балдардын музыкалык мектебинде мугалим, 2000-20043-жылдарда маданият үйүнүн директору, 2003-2010-жылдарда Араван райондук балдардын искусство мектебинде директордун орун басары, 2010-2013-жылдарда аталган мектептин директору кызматын абийирдүү аркаладым. 2013-жылдын 16-декабрынан бери Араван райондук маданият бөлүмүн гана башкарып келатамын.
– Араван райондук маданият бөлүмүндө сценарист жана режиссер-коюучу жок экен. А бул вазийпаны деги ким аткарат?
– Арбызаган айлыкка, чындыгында, эч ким келбейт экен. Айлам таптакыр куруганда ушул тапта мен өзүм сценарий жазамын. Анан дагы режиссер-коюучунун милдетин дагы кошо аткарам.
Булардан тышкары Араван райондук элдик тетрыныин ишин кайрадан жандандырдык. Ушуга улай куурчак театрын дагы ачтык. Материалдык-техникалык базабызды чыңдап жана чыгармачыл топторду заманбап улуттук аспаптар менен жабдыдык.
– Элет маданиятын көтөрүүдө каражат жагынан деги кантип атасыздар?
– Араван районунун жетекчилигин ынандырып, райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен бир нече маданий клубдарды жана маданият үйлөрүнө капиталдык ремонт жасаттык. Албетте, мында жеке демөөрчүлөрүбүздүн дагы салымы абдан чоң!
– Гүльмира айым, айып этпесеңиз, уюштургуч жөндөмүңүз күч экен. Эмгегиңиз деги бааланчуудайбы?
– Эмгек жамаатымдан айланайын!Мени булар «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардак наамына сунуш этишкен. Азырынча бул демилге президентибиз Садыр Жапаов тарабынан колдоо таба элек…










Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
03.03.2025 / Автор anarkan_kg Гүльмира АДЫРБАЕВА: “АРАВАНДА ӨЗҮМ СЦЕНАРИСТ ЖАНА РЕЖИССЕР-КОЮУЧУМУН!”
-
-
-
04.03.2024 / Автор anarkan_kg ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ ӨТКӨН ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
-
-
Маек
Гүльмира АДЫРБАЕВА: “АРАВАНДА ӨЗҮМ СЦЕНАРИСТ ЖАНА РЕЖИССЕР-КОЮУЧУМУН!”
Кыргызда бекеринен «Колдо бар алтындын баркы жок!» дешпейт. Болбосо, Араван…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.