Өлкө аймактары менен кубаттуу
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
28 Бардыгы / Жашырып не. Кыргызстандын билим берүү системасы ушул чакта олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда гана турат. Анткени, өлкөбүз эгемендүүлүктүн адепки жылдарынан тартып эле аталган тармакты кендирди куп гана кескен көйгөйлөр улам тооруп келатат. Бул жөнүндө кабарчыбызга курган ат жалындагы маегинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жаңы жетекчиси Салтанат АМАНОВА деле танган жок! – Салтанат айым, баарынан […]
29 Бардыгы / Жашырып не. Кыргызстандын билим берүү системасы ушул чакта олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда гана турат. Анткени, өлкөбүз эгемендүүлүктүн адепки жылдарынан тартып эле аталган тармакты кендирди куп гана кескен көйгөйлөр улам тооруп келатат. Бул жөнүндө кабарчыбызга курган ат жалындагы маегинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жаңы жетекчиси Салтанат АМАНОВА деле танган жок! – Салтанат айым, баарынан […]
Салтанат АМАТОВА: «ЖРТнын СУРООЛОРУ АМЕРИКА УСУЛУНУН НЕГИЗИНДЕ ГАНА ТҮЗүЛГӨН. ОШОЛ СЕБЕПТҮҮ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАЛАҢ «5КЕ» ТАПШЫРГАНДАР ДЕЛЕ БОСОГО БАЛЛДАН ӨТҮШПӨСТӨН, КУЛАП КАЛЫП ЖАТЫШАТ»
03.03.2025 / Автор anarkan_kg30 Бардыгы /
Жашырып не. Кыргызстандын билим берүү системасы ушул чакта олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда гана турат. Анткени, өлкөбүз эгемендүүлүктүн адепки жылдарынан тартып эле аталган тармакты кендирди куп гана кескен көйгөйлөр улам тооруп келатат. Бул жөнүндө кабарчыбызга курган ат жалындагы маегинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жаңы жетекчиси Салтанат АМАНОВА деле танган жок!
– Салтанат айым, баарынан мурда жаңы кызматыңыз
ылайым кут болсун! Ушугезде болочок муунубуздун заманбап өсүп-өнүгүүсү жана толук кандуу билим алуусу үчүн кандай аракеттер жасалып жатты экен?
– Эң ириде Сиздинкуттуктооңузга абдан чоооң ыракмат! Жаңыдан гана башталган 2025-жылыбыз баарыбызга тең ылайым акжолтой болсун!
Баса, ушугезде окуучуларды комплекстүү (ар тараптуу) өнүктүрүү – бүгүнкү заманыбыздын эч кечиктирилгис талабы!Ошол себептүү билимдин сапатына, таалим-тарбиянын жугумдуулугуна, жаш муундарыбыздын коопсуздук ишмердүүлүүүгүнө (активдүүлүгүнө), спорт жана икусство менен үзгүлтүксүз алектенүүсүнө, психологиялык жана философиялык жактан бекем коопсуздугуна биз абдан зарыл гана өбөлгөлөрдү жаратууга милдеткербиз! Чынын айтканда, биздин мындан башка жолубуз дагы жок!
– Ошентсе дагы, бул өңүттө Сиздердин ыкчам жана дагы ырааттуу аракетиңиздер дегеле байкалбайт ко?
– Кантип? Ушул учурда республикалык жана дагы дүйнөлүк даражадагы аябай дасыккан усулчулар менен өз ара сүйлөшүүлөрдү өтө кызуу жүргүзүп жаткан чагыбыз. Жакын арада мектеп директорлорунун корпусу менен жапжаңы усулдарды үйрөнүү жана өздөштүрүү жаатында семинарларды дагы байма-бай өткөрмөкчүбүз. Ошондой эле мектеп директорлорунун окуу-тарбиялык жагынан орун басарларын, буга эле улай усулкана башчыларын дагы сөзсүз түрдө кайрадан тегиз окутабыз.
– Салтанат айым, Сиздин жеке пикириңизче, Кыргызстандын билим берүү системасы акыркы мезгилде дегеле эмнеден өксүп жатты экен?
– Танууга акыбыз жок! Буга чейинки окуучуларыбыз Советтер Союзунун эң эле эски жана тажрыйбасы мол усулу менен гана окутулуп келген. Албетте, Советтик Система деле мыкты, фундаменталдуу жана классикалык мүнөздө эле. Тилекке каршы, биз окуучуларыбызды СССРдин калыптанып калган дал ошол жакшы системасы менен окутуп, бирок, жалпы республикалык тестти (ЖРТны) Американын (АКШНын) бизге таңууланган таптакыр жат (өөн) усулу менен жүргүзүп келе жатабыз.
Танып не. Дал ушунун кесепетинен Кыргызстандын бардык мектептеринде жалаң «5ке» окушкан окуучуларыбыз деле кашайып ЖТРдан кулап калып жатышпайбы. Ошондуктан, биз айлабыз таптакыр куруганда бизди бул жарга тапкаган кырдаалдан эптеп жана дагы биротоло кутулуу максатында агартуу журттарына МОНИТОРИНГ СИСТЕМАСЫН МИЛДЕТТТ// түрдө киргизип олтурабыз.
МАЕКТЕШ ЖӨН/НДӨ МААЛЫМАТ
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Салтанат АМАНОВА 50 жашта. 1975-жылдын 19-июнунда Ош облусуна караштуу Алай районундагы Сопу-Коргон кыштагында туулган. 1992-жылы ОшМУнун филология факультетин аяктаган. Кесиби – кыргыз тили жана дабияты мугалими. 2014-2015-жылдарда Ош шаар мэриясынын тышкы байланыштар жана бизнести өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары, мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси кызматтарын аркалаган. Соңунда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дагы иштеген.


Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg КРдин БАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫНДА 3 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.