Аймак

ОШТУда АСПИРАНТТАРГА СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

ОШТУда АСПИРАНТТАРГА СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Академик Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде аспиарантураны аяктаган аспиранттарга окууну бүтүргөндүгүн ырастаган сертификаттар тапшырылды.

Ошентип, мамлекеттик үлгүдөгү атайын сертификаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы №358-токтому менен бекитилген Жобонун негизинде 2025-жылдын 25-декабрында аттестациялык сынактан ийгиликтүү өтүшкөн аспиранттарга гана ыроолонду. Аталган сертификаттарды ээлерине – аспиранттарга ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев кезектеги Административдик Кеңештин жыйынында салтанаттуу түрдө тапшырды.

Ушуга улай эле 2025-2026-окуу жылында РГАИС программасы боюнча аспиранттар үч айлык он-лайн курстан өтүштү.  Жыйынтыгында 4-курстун аспиранты Жазгүл Каратаева Интеллектуалдык менчик боюнча республткалык эссе сынагында биринчи орунду багындырып, Орусиянын Сочи шаарында өтүүчү Аспиранттардын Эл арлык жайкы Академиясына бир апталык жолдомо утту. Мындан тышкары атайын курсту ийгиликтүү аякташкан аспиранттар дагы тиешелүү сертификаттарга татышты.

АЛИШЕР ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17