Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

 3 Бардыгы /

Кечээ, 6-октябрда Манас шаарында жана Ноокен районунда бир катар социалдык обьектилердин ачылуу аземи болуп өттү. Алгач Манас шаарындагы Жолболду Болотов атындагы №21 жалпы билим берүү мектебинин 375 орундуу кошумча корпусу пайдаланууга берилди.
Социалдык объектинин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн форматта катышып, жаңы имаратты пайдаланууга берди. Иш-чарага жеринен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов катышты.
Ачылыш аземинде облус башчысы Тилек Текебаев мектептин жамаатын жаңы кошумча корпустун пайдаланууга берилиши менен куттуктап, билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
Ошондой эле окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга шарт түзүү, мугалимдердин эмгегин баалоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жумуштары үзгүлтүксүз улантылып жатканын белгиледи.
“Жаңы имарат менен бирге мектептин жамаатына чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Негизги максат – окуучуларга сапаттуу билим берүү менен бирге алардын жөндөмүн ачып, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо турган татыктуу адистерди тарбиялоо”, – деди Тилек Текебаев.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 5 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алардын үчөө Манас шаарында жайгашкан. Атап айтканда, Ак-Тилек конушундагы 375 орундуу Э. Арапбаев атындагы №16 мектеп, Б. Осмонов атындагы №5 мектептин 375 орундуу кошумча корпусу жана Ж. Болотов атындагы №21 мектептин 375 орундуу кошумча корпусу пайдаланууга берилди.
Мындан тышкары, Ноокен районунун Сары-Сыя айылындагы Б. Абдрахманов атындагы №22 мектептин 275 орундуу кошумча корпусу жана Кудук-Сай айылындагы 50 орундуу бала бакчанын имараты пайдаланууга берилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17