Аймак

ЭАУ ЖАНА TIKA ТҮРК АГЕНТТИГИНИН КЫЗМАТТАШУУСУ МЕНЕН КӨЛӨМДҮҮ ИНВЕСТИЦИЯЛАР ТАРТЫЛДЫ

ЭАУ ЖАНА TIKA ТҮРК АГЕНТТИГИНИН КЫЗМАТТАШУУСУ МЕНЕН КӨЛӨМДҮҮ ИНВЕСТИЦИЯЛАР ТАРТЫЛДЫ

 33 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 20-октябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке TIKA – Түрк кызматташуу жана координациялоо агенттигинин вице-президенти жана анын Бишкектеги координатору, орун басары ЭАУнун Кыргыз-Түрк колледжинин “Коомдук тамактанууда тейлөөнү уюштуруу” адистиги боюнча окуу борборунун ачылышына катышышты.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматынын маалыматына ылайык, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) TIKA – Түрк кызматташуу жана координациялоо агенттигинин (Türk İşbirliği ve Koordinasyon Ajansı) вице-президенти мырза Умит Наси Йорулмаз жана анын Бишкектеги координатору мырза Осман Уста, орун басары мырза Али Южел келип, ЭАУнун жаңыланган ашканасы жана ашкана алдында жаңы уюштурулган ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин “Коомдук тамактанууда тейлөөнү уюштуруу” адистиги боюнча окуу борборунун ачылуу аземинде болушту.

 Айтылган ашкананын жаңылануусуна, жаңы жабдыктарына, ашкана алдындагы окуу борборуна айтылган агенттиктен 161 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган.

“Бул долбоор ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун директору, э.и.к., доц. Чагры Эргезердин аракети менен жүзөгө ашырылып, университеттин инфраструктуралык өнүгүүсүнө чоң салым кошулду. Буйруса, аталган агенттик менен кызматташуулар уланат жана жаңы көлөмдүү инвестициялар тартылат”, – дейт аталган окуу жайдын ректораты.

 Иш-чаранын аягында ЭАУ ректораты, жамааты жана студенттери TIKA агенттигине терең ыраазычылык билдиришти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17