Аймак

ОШМУда ДОСТУК, УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАК ЖАНА ТОЛЕРАНТТУУЛУК БОРБОРУ ИШКЕ КИРИШТИ

ОШМУда ДОСТУК, УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАК ЖАНА ТОЛЕРАНТТУУЛУК БОРБОРУ ИШКЕ КИРИШТИ

 2,871 Бардыгы /

          ОШ. Ош мамлекеттик университетинин алкагында Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борбору ачылды. Иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн саясат департаментинин башчысы Раймондс Вингрис, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, профессордук-окутуучулук курам, шаар жаштары жана коноктор онлайн, ошондой эле оффлайн форматта катышышты.

ОшМУнун Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборузаманбап жабдуулар менен жабдылып, виртуалдык жана реалдуу мейкиндиктерди айкалыштыруу аркылуу маданият аралык диалогдун көпүрөлөрүн түзүүчүсүнө, заманбап чыгармачыл билим берүү чөйрөсүнө айланат. Мындан тышкары онлайн, офлайн жана гибриддик форматта вебинарларды, сабактарды өткөрүүгө, видео материалдарды санариптик технологияларды колдонуу менен сапаттуу тартууга дагы өбөлгө жаратат. Ошондой эле студенттерге, жалпы эле жаштарга сапаттуу видео, фото тартып социалдык тармактарды активдүү пайдаланууга дагы шарт түзүлөт. Мындан тышкары аталган борбор стереотиптер, ишенимди калыптандыруу жана толеранттуулукка көмөктөшүү, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн, аларды активдүү коомдук иштерге тартуу жана адамдардын ортосундагы байланышты тереңдетүү үчүн, анын ичинде мугалимдерди, журналисттерди жана жергиликтүү коомчулукту тартуу аркылуу трансчекаралык жана сектор аралык диалогду баштоо үчүн онлайн жана оффлайн мейкиндигин бириктирген активдүү жана туруктуу иштеген көп функциялуу билим берүү аянтчаларынын бирине дагы айландырылат. Буга улай аталган жайда студенттер, мугалимдер жана бардык кызыкдар тараптар үчүн аймактар аралык дебаттык турнирлерди, дискуссиялык клубдарды, аймактык эксперттик форумдарды жана башка кызыктуу иш-чараларды өткөрүү жагы пландаштырылган .

ОшМУнун Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борбору Европа Биримдиги каржылаган «Борбордук Азиядагы толеранттуулук менен тынчтыкты көздөгөн трансчекаралык көп тараптуу диалог» долбоору алкагында жана “БИОМ” экологиялык кыймылы (Кыргызстан), “Юксалиш” жалпы улуттук кыймылы (Өзбекстан) жана “Гендер жана Өнүгүү” коомдук уюму (Тажикстан) менен биргеликте жүзөгө ашырылды. Борборго жалпы суммасы 1,5 миллион сомдук эң акыркы үлгүдөгү уникалдуу санарип технологиялык жабдуулар жайгаштырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17