Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт

БАЗАР-КОРГОН: 3 АЙДА ТАРЫХЫЙ МУЗЕЙ ТҮПТӨЛДҮ

БАЗАР-КОРГОН: 3 АЙДА ТАРЫХЫЙ МУЗЕЙ ТҮПТӨЛДҮ

 2,535 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Базар-Коргон районунда 3 аралыгында тарыхый музей уюштурулду.

Базар-Коргон районунун тургундары тарабынан тапшырылган 300дөн ашык экспонаттар райондук маданият үйүнүн имаратына коюлду. Буга чейин район аймагында музей болгон эмес. Маданият үйүнүн жетекчиси Улан Абдрахимовдун айтымында, музейди уюштурууда райондогу мекеме-ишканалар, демөөрчүлөр көмөктөштү. Аталган маданий жайда 12-13-кылымдардан берки баалуу буюмдар бар.

«Базар-Коргон районунда мындай тарыхый музей болгон эмес. Аны уюштуруу планыбыз буга чейин эле бар болчу. Ал үчүн райондогу мекеме-ишканаларга, райондук мамлекеттик администрациясына, Базар-Коргон шаардык мэриясына кат жүзүндө кайрылып, музейдин эшик-терезелерин, экспонаттарды коюу үчүн атайын текчелерди алууга көмөк көрсөтүүсүн суранганбыз. Баш аягы музейдеги бул керектүү буюм-тайымдарга 200 миң сомдон ашык каражат кетти.

Ал эми мында көргөзмө катары коюлчу экспонаттарды чогултуу үчүн сентябрь айынын баштап районубуздун тургундарына кайрылганбыз. Тарых үчүн кайдыгер карабаган жарандарыбыз үйүндө турган баалуу табылгаларды алып келип берди. Алардын баарын чогултуп, экспонат катары көргөзмөгө койдук. Бүгүнкү күнү чакан тарыхый музейге 12-13-кылымдарга таандык чоподон жасалган көзөлөрдү, ошол учурда колдонулган буюм-тайымдарды жана акчаларды, союз мезгилиндеги буюм-тайым, кийим-кечелерди койдук”, – деди У.Абдурахимов.

Алдыңкы күндөрү дагы экспонаттар чогулса, музейди кеңейтүү жагы пландалган. Музейди калыпка келтирүүгө Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинен атайын адистер чакырылган. Алардын айтымында элди, жаш муунду тарбиялоодо бул сыяктуу музейлердин ролу чоң.


Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, «Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17