Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,633 Бардыгы / Жакында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагына караштуу № 40 Ч.Айтматов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин өркүндөтүлүшүн күчөтүү, Тарбиялоо концепциясынын негизинде кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу, “Манас” эпосун тереңдетип окутуу менен балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, сүйлөө кебин өстүрүү, окуучулардын китеп окууга болгон […]
1,634 Бардыгы / Жакында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагына караштуу № 40 Ч.Айтматов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин өркүндөтүлүшүн күчөтүү, Тарбиялоо концепциясынын негизинде кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу, “Манас” эпосун тереңдетип окутуу менен балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, сүйлөө кебин өстүрүү, окуучулардын китеп окууга болгон […]
АКЫЛ МЕНЕН БИЙИК БОЛУП, АДАМГЕРЧИЛИК МЕНЕН КЕЛЕЧЕКТЕ КЫРГЫЗДЫН КЕРЕГИНЕ ЖАРАЙБЫЗ
12.05.2022 / Автор anarkan_kg1,635 Бардыгы /
Жакында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагына караштуу № 40 Ч.Айтматов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин өркүндөтүлүшүн күчөтүү, Тарбиялоо концепциясынын негизинде кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу, “Манас” эпосун тереңдетип окутуу менен балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, сүйлөө кебин өстүрүү, окуучулардын китеп окууга болгон кызыгууларын арттыруу максатында айыл аймактагы 8 мектептин билимдүү,чыгаан окуучуларынын катышуусунда “Акыл ордо” интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү.
“Акыл ордо” интеллектуалдык таймашын №40 Ч. Айтматов атындагы орто мектебинин директору Н.Кудайбердиева алып барды жана иш-чаранын негизги максаты окуучулар арасындагы ынтымакты,достукту бекемдөө, билим деңгээлин, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү, “Манас” эпосун окууга окуучулардын кызыгуусун арттырууменен жаш муундардын жан дүйнөсүн,патриоттук сезимин ойготуу, мекенчилдикке тарбиялоо, иш-чараны кыргыз тилинде өткөрүү менен улуттук мектептерде мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө салым кошуу, мугалимдер ортосунда тажрыйба алмаштыруу жана ишмердүүлүгүн өстүрүү экендигин баса белгилеп өттү. “Акыл ордо” таймашы айыл аймакка караштуу маданият үйүндө уюштурулуп, райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары Хабибила Талипов, Дариха Молдошбаева, айыл өкмөт башчысынын социалдык иштер боюнча орун басары Өскөн Төрөбеков жана А. Юсубалиев атындагы №10, Т. Жоробаев атындагы №9, А. Атамов атындагы №12 , №46 Багы-Шамал, №8 Октябрь орто мектептеринин жана №35 Сафед-Булан гимназия мектебинин, ошондой эле, Т. Балтагулов айыл аймагына караштуу Д. Осмоналиев атындагы №13 орто мектебинин мугалимдери келип катышты.
Таймаштын 1-бөлүгүндө “Бийиктик акылында, тереңдик адамгерчилигинде, акыл менен бийик болуп,адамгерчилик менен келечекте кыргыздын керегине жарайбыз” деген ураанды туу тутуп келген 8 мектептин окуучуларынын башын бириктирип, “Акыл ордо” таймашын уюштуруп жаткан Ч.Айтматов атындагы орто мектепте билим-тарбия алып кеткен окуучубуз Камчибеков Бакыт жөнүндө видеослайд көрсөтүлүп, 20 жаштагы жаш жигитке баа берилди.
Камчибеков Бакыт 2008-жылы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин босогосун аттаган. “А” тамгасын биринчи мугалими Кудайкулова Жамила эжекеден тааныган. Кичинесинен эле Бакыттын колунан китеби түшчү эмес.Мектептеги бардык иш-чараларды уюштурууда мугалимдерге жакындан жардам берип, 8-класста окуп жатканда КТКРнын “Акыл ордо “ интеллектуалдык оюнуна катышып келген. Азыркы учурда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин табият таануу факультетинин география адистигине бюджеттик негизде кабыл алынып, учурда 2-курста окуп жатат жана студенттик ийгиликтерди багындырып келүүдө:
- Кыргыз Республикасынын “Мыкты студент-2021”, КМШнын “ Мыкты студент- 2021” китептерине киргизилген;
- КР Президентинин “Үмүт” стипендиясынын ээси;
- “Билерман ордо” интеллектуалдык телеоюнунун мүчөсү;
- Бир нече конкурстардын жана интеллектуалдык оюндардын жеңүүчүсү;
- Көптөгөн дипломдордун жана грамоталардын ээси;
- Учурда табият таанууфакультетинин жаштар комиттетинин төрагасы;
- Учурда Ош мамлекеттик педагогикалык университеттинин акыйкатчысы.
Таймаштын 2-бөлүгүндө Камчибеков Бакыт оюндун шарттары менен тааныштырды:
1- раунд Тарых жана адабият-10 суроо
2-раунд Логикалык суроолор-10 суроо
3 -раунд “Сыр сандык” -10 суроо
4- раунд “Манас” эпосу-10 суроо (Саякбай Каралаев варианты боюнча)
5- раунд Эң, эң, эң… – ар бир окуучуга бирден суроо
Таймаш тез арада уюштурулганына карабай, окуучулар абдан жакшы даярдык менен келишкен. Айрыкча, тарых жана адабият предметтери, логикалык жана “Манас”эпосу боюнча суроолорго такалбай жооп берип жатышты. Натыйжада, №9 Т. Жоробаев 1-орунду, №40 Ч. Айтматов 2-орунду, ал эми, №12 А. Атамов жана №35 Сафед-Булан 3-орунду ээлешти. 1-орундун ээси, №9 Т. Жоробаев атындагы орто мектебинин командасы областтык “Акыл ордо” интеллектуалдык таймашка катышууга жолдомо алды.
Таймаш окуучулардын жигердүү аракети жана кызуу талкуу менен өтүп, өз максаттына жетти.Чакырылган коноктор таймашты уюштурган мектепке, мектептин директоруна, жалпы жамаатына жана Бакыт Камчибековгоалбан ийгиликтерди каалап, элибиздин керегине жараган уул-кыздарга терең билим, татыктуу тарбия берип, уядан учура беришин каалашты.
Жаштар, китептин тагдыры силердин колуңарда, а силердин тагдырыңар китепке байланыштуу, китепти сүйгүлө,китепке жакын болгула!
Ч.Т. Айтматов
Ала-Бука райондук билим берүү
бөлүмүнүн методисти Д. Молдошбаева
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.