Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
2,218 Бардыгы / Тарбия- жашоо эрежелерин үйрөтүү, а билим – таалим-тарбиянын куралы. Билим берген мугалим менен билим алган окуучу жана тарбиялап өстүргөн ата-эне – ырыс-дөөлөт шериктери сыяктуу. Балага тарбия берип аны туура жолдон барууга үгүттөп, татыктуу таалим-тарбия берүү жашообуздун бир бөлүгү болгон соң, ага чоң маани берген абзел. 2022-жылдын 19-мартында Жалал-Абад облусунун Ала- Бука […]
2,219 Бардыгы / Тарбия- жашоо эрежелерин үйрөтүү, а билим – таалим-тарбиянын куралы. Билим берген мугалим менен билим алган окуучу жана тарбиялап өстүргөн ата-эне – ырыс-дөөлөт шериктери сыяктуу. Балага тарбия берип аны туура жолдон барууга үгүттөп, татыктуу таалим-тарбия берүү жашообуздун бир бөлүгү болгон соң, ага чоң маани берген абзел. 2022-жылдын 19-мартында Жалал-Абад облусунун Ала- Бука […]
СЕМИНАР – ЖАРАТМАНДЫК, ЖЕТИШКЕНДИК ЖАНА ИЙГИЛИК
12.05.2022 / Автор anarkan_kg2,220 Бардыгы /
Тарбия- жашоо эрежелерин үйрөтүү, а билим – таалим-тарбиянын куралы.
Билим берген мугалим менен билим алган окуучу жана тарбиялап өстүргөн ата-эне – ырыс-дөөлөт шериктери сыяктуу.
Балага тарбия берип аны туура жолдон барууга үгүттөп, татыктуу таалим-тарбия берүү жашообуздун бир бөлүгү болгон соң, ага чоң маани берген абзел.
2022-жылдын 19-мартында Жалал-Абад облусунун Ала- Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы №10 А.Юсупалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде райондук деңгээлде социалдык педагогдордун семинары болуп өттү. Семинарга РБББнүн адистери, ИДН кызматкелери жана 45 мектептен социалдык педогогдор катышышты. Семинарга мектебибиздин эмгекчил, изденүүчү, жаратман, мектептеги ар бир мугалиминин, окуучусунун тагдырына кайдыгер карабай, жанкеч болгон чыгармачыл директорубуз Сотиволдиева Сайера Олимжановна тарабынан уюшкандыкта даярдыктар көрүлдү. Соц.педагогдордун семинары атайын план жана регламентке таянып өткөрүлдү.
Семинардын темасы: Инсандын руханий – адеп-ахлактык өнүүгүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү концепцияны ишке ашыруу максатында ”Бала тарбиясында мектеп жана ата-эне байланышынын ролу”, “ Бала тагдыры кайдыгерликти кечирбейт”
Максаты: Үй-бүлөнүн жана ата-эненин жаш муундун алдындагы негизги милдетин, терең жана ар тараптуу руханий – адеп-ахлактык негиздерин түптөө жана татыктуу мекенчилди тарбиялоо.
Үй-бүлө – инсандын руханий – адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн пайдубалы жана татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү – инсандын өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат. Коюлган максаттардын негизинде катышуучулар менен биргеликте семинардын ачылышы болду. Ачылышта РБББнүн башчысынын орун басары Т. Өмүрова сөз алып, семинардын жакшы жактарын, пайдалуулугун, мектептеги соц.педагогдорго аябай чоң мааниге ээ болушун айтып, иш-чаранын темасы, регламенти менен тааныштырды жана төмөнкүлөргө токтолду.
Саламатсыздарбы, семинардын катышуучулары! Баарыбызга белгилүү болгондой эле Аскаралы Юсупалиев мектеби районубуздагы алдыңкы метептердин бири. 2021-жылдын 30-апрелинде Республикалык семинарга жамаат менен уюшкандыкта даярдыктар көрүлүп, эң мыкты деңгээлде өткөрүлгөн болчу. Кыргыздарда мындай макал бар : “Эшигин көрүп, төрүнө өт”. Кире бергенден адамдын көңүлүн көтөргөн нерсе бул – тазалык, мугалимдеринин жылуу мамилеси, бирдей формасы, мамлекттик тилди сыйлап, ушул тилде эркин сүйлөөсү жана коллективдин ынтымактуулугу. Мындан мектепте дайым эле жакшы иштер, жетишкендиктер болору анык. Бүгүнкү семинарды уюштуруудан максатыбыз, учурда барыбызды ойлондуруп, түйшүккө салган маселе, бала тарбиясы, билим алуусу, коомдогу ордун таба алуусу. Биз бул маселеде балдарыбыздын тагдырына кайдыгер карап тура албайбыз. Канткенибизде, бала тарбиясын туура жолго кое алабыз, билим алууга кызыгуусун күчөтө алабыз?- деген суроолорго жооп табуу үчүн ушундан жыйындар уюштурабыз. Балдар биздин келечегибиз, улантуучуларыбыз, Мекенибиздин чыныгы атуулдары. Ар бир инсан өзүнүн дүйнө таанымына жана жеке жөндөмдөрүнө ылыйык өнүгүүгө тийиш экенин унутпастыгыбыз керек.
Жогорудагы айтылган ой-пикирлерге Райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы өспүрүмдөр инспекциясынын башчысы – милициянын майору Нематуллаева Раъно Журабаевна, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Акпаралиев жана бөлүмдүн усулчусу Х.Талиповдор да кошумча пикирлерин билдиришти. Семинар катышуучуларына ийгилик каалап, иш-чараны баштоого уруксат берилди.
№10 А.Юсупалиев мектебинин социалдык педагогу Нигора Байдадаеванын “Инсандын руханий – адеп-ахлактык өнүүгүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү концепциясын” ишке ашыруунун ар тараптуу өнүккөн, өз элинин руханий – адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын терең сиңирген , эне тилин негизги баалуулук катары сыйлаган, билимдүү, мекенчил инсан катары тарбиялоо максатында концепцияда колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер боюнча төгөрөк столу болуп өттү.
Төгөрөк столго РБББнөн келген адистер жана соц.педагогдор катышышып, 4 топтон турган команда жарандык бирдейлик, руханий – адеп-ахлактык, дүйнөлүк экологиялык маданият, улуттук баалуулуктар, этнос, улуттук бирдейлик жана жалпы адамзаттык баалуулуктар жөнүндө ойлорду талкуулашып, кызыктуу маек курушту. Топтор өздөрүнүн ой-пикирлерин берилген суроолорго жооп катары батманга жазышып, талкуулап түшүндүрүп беришти. Суроо-жооптор менен кызыктуу болуп, жыйынтык чыгарылды.Т.Өмүрова, Б.Акпаралиев, Д.Молдошбаевалар төгөрөк столдо айтылган маалыматтардын, ой-пикирлердин таасирдүүлүгү мектептеги балдардын тарбиясында, билим алуусунда кайдыгер болбоого, аларга ата-эне сыяктуу мамиледе болуулары керектигин уктурушту.
Р.Нематуллаева: Ооба,балдарды тарбия кылуу оңой нерсе эмес. Сиздердин иштериңиздерде бала тагдыры биринчи орунда турат, сиздер алар үчүн экинчи ата-энесиздер. Тарбия багытында дин жана дүйнө эки тарапты тең эске алуу керек. Балага биринчи тарбия үйдөн, үй-бүлөдөн баштап берилет. Баланын турмушка даяр болушунда – ата-энеден кийинки орунда мугалим тураары белгилүү. Ар бир баланын келечегине, жашоого болгон көз карашына, турмушка болгон даярдыгына мугалимдин жана ата-эненин берген туура таалим-тарбиясы өбөлгө болот. Ошондуктан, мугалимдин, ата-эненин берген тарбиялары бала турмушунда эбегейсиз, -деп оюн жыйынтыктады. Андан соң, мектеп директору сөз алып,ардактуу кесиптин ээлери болгон мугалимдер жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып кетти.
Мугалим – бүтүндөй бир муунду, келечекти калыпка салган кеменгер.Мугалимдик кесип – дүйнөдөгү эң жоопкерчиликтүү, түйшүктүү кесип. Андыктан мугалимди мамлекеттин, андагы социалдык жана маданий абалдын өнүгүүсүнө түрткү болчу күч катары карасак болот.Мектепке жаңы келген окуучунун адептик аң-сезиминин өнүгүүсү, рухий дүйнөсүнүн тазалыгы, көз карашынын туура калыптанышы – бул тарбияланган окуучулардын гана эмес, мамлекеттин эртеңки келечегин аныктайт. Дал ушунун негизинде семинар катышуучуларына дагы эле пайдалуу кеп- кеңештер “Мугалимдер”, “Ата-энелер” жана “Окуучулар” тайпасынан куралган топтордо “Бала тагдыры кайдыгерликти кечирбейт” ураанынын (темасынын) астында талкууланды. Төгөрөк столдун планы төмөнкүчө түзүлдү :
1. Киришүү.
2. Суроолор (3топко)
3. Муз жаргыч ( видеоролик- тарбия )
4. Макалдарды чечмелөө.
5. Тарбия таразасы.
6. Батмандагы сурөттү талкуулоо.
7. Мотвация берүү.
8. Жыйынтыктоо.
Төгөрөк столду мектеп директору Сайера Алимжанавна алып барды. Ар бир топто берилген тапшырмалар актуалдуу аткарылып, так, даана жооптор алынды. “Бала тарбиясы ата-эненин бурчу” жана “Бала тагдырына кайдыгер болбоңуз” аттуу видеороликтер үстүндө 3 топтун ой-пикирлери менен талкуулар жүргүзүлдү. Окуучулар үчүн “Адепти адепсизден үйрөндүм”, Окуй берсең – көзүңдү ачат, отура берсең – жалкоолук басат” деген макалдар берилди. Окуучулар өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин ортого таштап, керектүү жоопторду алууга, тарбия багытында ата-энелерге оңой эместигин, алар айткан жолдон барса туура болорун, мектепте билим алуу менен бирге тарбиялануусу тууралуу пикирлерин макал чечмелөөдө талкууга алышты. Келген ата-энелер да бала тарбиясындагы кыйынчылыктар, мигрант ата-энелердин балдарынын тагдыры, телефон маселеси, окуудагы төмөндүк, тарбиянын начарлап баруусу тууралуу”Тарбия башаты үй-бүлөдөн башталат”, “Балаңды элиң мактаса, андан ашкан бакыт жок” деген макалдарды чечмелөө аркылуу айтып өтүштү. Мугалимдер келечек муун үчүн балдарга билим берип гана калбай, кези келгенде, ата-энедей мээримдүү, боорукер болуп, бала тагдырына кайдыгер болбой тарбиялоону өзүнүн бурчу экенин
“ Чечендин сөзү алтын, устанын колу алтын”, “ Билимдүүнүн сөзү өткүр” деген макалдарды талкуулоо учурунда билдиришти. Учурда бала тарбиялоодогу тең укуктук жоголуп, бардык басым мугалимдин мойнуна түшүп баратканын “ Миң жолу уккандан, бир жолу көргөн жакшы”,- деген макал астында “мугалим жана ата-эне” таразасында көрсөтүп берилди. Чындыгында, мугалимге мигрант ата-энелердин балдары, күндөлүк, форма, уюлдук телефондор, мектептин эрежелерине баш ийбестиги, билим алуусу деги койчу баарысы жүктөлүп калган. Ушундай басымдан мугалимди жеңилдетүү үчүн ата-энелерге суроолор менен кайрылышты.
Төгөрөк столдун ар бир топу өздөрүнүн символдору менен бири-бирине жакшы тилектерди, мотивацияларын билдиришти. Мындан сырткары топтор өздөрү тартып келген сүрөттөрүн чечендик менен чечмелеп беришти. Иш-чара катышуучулары жана соц.педагогдор төгөрөк столдогу талкууланган маселе, макалдардын заман талабындагы көйгөйлөргө дал келгени, эң туура ой-пикирлер айтылганын далилдешти.Дагы бир белгилеп кетчү катары мугалимдердин, окуучулардын кыргыз тилинде так , даана пикирлөөсү. Айтайын деген оюн кыргыз тилинде айта алышты. Бул үчүн мектеп жамаатына да чоң ыраазычылык билдирилди. РБББнын жетектөөчү адиси Б.Акпаралиевден жана милициянын майору Нематуллаева Раъно Жоробаевнадан өткөрүлгөн семинар тууралуу интервьюлар алынды. Алдыда келе жаткан эл аралык Нооруз майрамы менен семинарга келген конокторду куттуктоо үчүн башталгыч классынын окуучулары сахнага чыгышып, Нооруз жөнүндөгү улуттук ырларды Мамлекеттик тилде көркөм окушту.
Семинар катышуучулары тарабынан кол чабуулар менен тосуп алынды. Ушундай жагымдуу маанай менен соц.педагогдордун семинары жыйынтыкталды жана семинарды уюштурууда олуттуу салым кошкон мектеп директору Сайера Алимжановнанын иштерине ийгилик каалап, ыраазычылык билдиришти.
Маалыматты даярдаган: №10 А.Юсупалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебин кыргыз тили жана адабияты мугалими Сабиржанова Гулнора Гапуржановна
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
24.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАДДА КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН БОЛДУ
-
-
-
14.12.2023 / Автор anarkan_kg ЖАНЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ ЖАЛЫНСЫЗ ӨТСҮН
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.