Аймак

ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАНДАРДЫН МАХАБАТЫ

ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАНДАРДЫН МАХАБАТЫ

 2,349 Бардыгы /

Көркөм дүйнө ааламында эркин куштай көктө сызып, тарыхта өчпөс из калтырып кеткен чыгаан акын жана прозик, көп кырдуу таланттын ээси Азада Бегимкулованын чыгармачылыгы жөнүндө дараметибиздин барынча жаздык окшойт. Маркумду көргөнүбүз, жүзмө-жүз сүйлөшкөнүбүз, сүйлөшпөгөнүбүз арноо ырларын аябай эле жаздык окшойт. Күйүмүш, калп эле кайгырымыш болдук. Бир жагынан бул жакшы көрүнүш, бирок ашыктыктын азабына кептелгени туурасында ооз ачпадык. Эмнеге? Бул суроого ким жооп бере алат?

Азаданын 60 жылдыгы ЖАМУда белгиленип жатканда Эркин акенин жубайы Чолпон эже, “Азат барпылык бир жигитке турмушка чыккан. Кайын сиңдимди кадырлаган, кастарлаган жигит болчу!” Чолпон эже сүйлөп жатканда эле мен: ”Барпынын Чокморунан аты Надир, фамилясы Төрөбеков”- дедим. Залда олтургандар баары мени карап калышты. Мен дагы балп эттирип, бакылдаган жокмун. Надир деген ким? Бул суроого мүмкүн болушунча жооп издеп, терең ой жүгүртүп көрсөм. Надир нарктуу да, барктуу да жигит.

Надир Төрөбеков 1946-жылы Барпы айыл өкмөтүнүн Чокмор айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Элеттеги орто мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, 1970-жылы Бишкек шаарындагы политехникалык институтка кирип, 1975-жылы аталган окуу жайды бүтүрүп инженер-куруучу адистигине ээ болгон. Алгачкы эмгек чыйырын Ош шаардык архитектурасынан баштаган. Жоопкерчиликти жогору сезген жаш адис келечекке ишенимдүү карагандыгы профессионал адис болууга жасаган кадамы аброй, кадыр-барк алып келди. Айрыкча студент мезгилинде жердештерине берген жардамы борбор калаага барып калышса жатакана таап берип, тамак-ашына каралашканы чыныгы адамгерчиликтин үлгүсү эмеспи. Ондогон жердештерин жогорку окуу жайларга өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү эмдигиче айтылып келет.

Урматтуу окурман, тулпар тушунда, күлүк күнүндө демекчи, Надирдин сүрөтүнө назар салып көрсөңүздөр, балким жаштык мезгилиңиздер эске түшөөр. Надир, Надир болуп турганда артынан нечендеген ай чырайлуу кыздар ээрчигендиги эмнени каңкуулайт? Кебетеси тулку бою боюнча жараша ою, ала көөдөндүгү, албетте жөнөкөйлүгү сезимди кытыгылап, ашыктыктын отун алоолонтконго жол ачкандыр. Надир сокулуктук Жамал, чоң-арыктык Ырыс менен түтүн булатып бирге жашаган. 1980-жылдын күз айы. Надирдин да, Азаданын да башы бош. Экөөнүн тең жары жок. Болочоктогу жубайлар бири-бирин көрүшө да, оозмо-ооз сүйлөшө элек. Жети айдан бери ар кандай шылтоолорду айтып, Азада жөнүндө божурап берүүнү уламдан-улам артка калтырып келаткан Надир Төрөбеков кантип торго түшкөнүн да өзү аңдабай калды. Ошко барып сүрөтүн алып келиптир. Биз ага сүйүндүк, кубандык. Канткен менен Барпыдан эмеспи. Сөз жагынан, ыр жагынан аксап калбастыр деген таризде ашыктыктын купуя сырларын өзү айтып бергенин туура көрдүм.

“Азадага алгач жолукканда 1980-жылдын күз айы. Пахта терим кызыган мезгил. Азаданын көздөй көргөн курбусу Улук, анын казак жубайы Рахматулла үчөөбүз Азаданы көргөнү баратканбыз. Кара-Суунун Карл-Маркс атындагы колхозуна жигули менен баратканда Улук:

-Азаданын атасы Иманкул кыргыз, Аксынын Могол айылында жашайт. Өрөөндөн чыккан тың чыкмалардын бири, жашы алтымышта. Апасы Турсунай улуту-уйгур. Алардан Эркин, Азат.

-Курама темир курч болот деп бекеринен айтылбаса керек,- деди жолдошу.

Менин ой-санаам эле Азада туурасында кебете-кепшири, турпаты, албетте фигурасы, ушуларды ойлоп өзүмчө эле кыжалатмын. Оштон пахтазарга да жетип келдик.

-Сиздин колуктуңуз тетиги пахта терип жаткан периште, башында тумак, үстүндө куфайка, бутунда өтүк,- деди Улук.  Этегинде толтурулган пахтаны арык жээгине коюп Азада бизди көздөй басты. Кол алышып баарыбыз учураштык.

Азада үстү-башын карап коюп Улукка:

-Бүгүн келе турганыңарды айтып койсоңор болмок экен. Каракчыдай болуп турганымды көргөн күйөө балаңар коркуп кетпесин.

-Коркпойт, кеп чүпүрөк-чапыракта эмес. Шыңча бойлуу, терең ойлуу Надир, эркекти ээрчитип ийчүүдөй Азада,- деди Улук.

Ушул сөздөрдү көтөрүңкү үн менен айтканда башы бош жүрүшкөн бойдоктордун күнү тууду окшойт. Арыдан бери кыздар бригадасынын мүчөлөрү дүрбөшүп, талаа станына топтолушту. Майрам күнкүдөй көрүнүш өкүм сүрдү. Көз ирмемде эле Азада экөөбүздүн көрүбүз бири-бирибизге кадала түшөт. Үч-төрт ырын окуп берди. Баардыгын жатка билет экен. Эсимде калганы:

“Аялыңмын тоюм болбогон,

Азабымсың жүрөк толгогон.

Бир кемдигин көрчү дүйнөнүн,

Бир өзүңө буйруп койбогон.”

Азаттын жандай көргөн курбусу, бир жагынан сырча эрдеми Улуктун кулагыма куйган сөздөрүнүн бардыгы чын экендигине ынандым. Мен Азаттан, Азат менден көзүн албайт. Ашыктыктын кемесине чогуу түшүп калгандайбыз. Сөзү деле, өңү деле тамшандырат, бир жагынан таң калтырат. Көздөрүбүздөн от чачырагандай болот. Сезимтал, жөнөкөй экендиги уламдан-улам өзүнө тартат. Туңгуюктан жол, чукугандай сөз тапкан Азаттын көктөн издегени жерден табылгансып өзүн коёрго жер таппайт. Шарактайт да, туйлайт да кулундай болуп. Бир оокумда Азат:

-Мен бир шиңгил ыр айтып эле токтоп калбадымбы? Уланткым келип турат.

-Улант, улант каршылык жок, -деди Улук.

Аялыңмын никем кыйбаган,

  Арманымсың жаным кыйбаган.

  Сараңдыгын көрчү тагдырдын,

  Жашооңдо жолдош кылбаган…

Бул саптар ансайын ойго салгандай болду. Өзүнө имерилип жаткандай таасир калтырды. Азат токтолбой эле ырларын кагаз карабай этпей эле кыраатын келтирип айтып атат:

Колумда кош-кош билерик,

Кошулсак деп тиледик.

Кошуп бир койсо кудайым,

Армансыз ойноп күлөлүк.

-Ашыкпай коё тургула, каалашыңарча ойноп күлө турган күнгө да аз калды. Сабыр кылгыла. Азат ырын баштаса, токтошу кыйын. Тормузуңду 60ка бас,- деп Улук сөзгө аралашканда төртөө тең каткырып күлүштү. Шыйпаңдын алды жагындагы  чарпаяга багыт алышты. Азат кыздар бригадасынын мүчөлөрүнө кайрылып:

-Конокторго чай куйгула, паин унутуп койбогула,- деди.

 Шыйпаңдын айланасы пакиза гүлзарга айланыптыр, тим эле көздүн жоосун алат. Азат бир бөлмөгө кирип кетип 10-15 мүнөттөй көрүнбөй калды. Чачын майдалап өргөнгө үлгүрүптүр. Боюна улуттук кийим укмуштуудай жарашыптыр.

-Адамга окшоп калыптырмынбы?

-Окшобогондочу, чүрөк болуп калыпсың,- деди Улук.

-Чүрөктөн эмнем кем? Бой десең бой, ой десең ой бар. Азыркы ашыгымдан, эртеңки күйөөмдөн корунуп, бир жагынан ийменип жатпаймбы!

-Эмнеге?

Менин жаныма келип, боюн теңештирип:

-Накенин жарымынан келип турбаймбы? Баарыңар ортомчу болуп, боюнун жарымын алып бергиле, ошондо теңелип калабыз,- деди Азат. Бул сөзгө бардыгыбыз каткырып күлдүк. Казан асылып, от жагылып, майрам күлкүдөй көрүнүш өкүм сүрүп жатканына мындагылар курстан. Күрүч демделгенден кийин  Азат колуна челек алып пахтазар тарапка басты. Заматта эле жаңы помидор, бадыраң үзүп келип калды. Кыздар арыдан бери шакарап даярдашып, дасторконго коюшту. Ошол маалда колхоздун раиси Сатыбалды Ажыкулов окуядан кабардарбы же жокпу билбейм, шыйпаңга келип калды. Аны утурлап чыккан Азат:

-Тилеги, пейили жакшы адам тамак үстүнөн чыгат турбайбы. Девизра күрүчкө демделген палоо да бышып калды. Конокторду тааныштырып коёюн:

-Улук менин курбум, Рахматулла курбумдун жолдошу, бою эки метр келген Надир мага ашык болгон жигит. Менин жигитим сизге жактыбы? Сатыбалды аке?

-Абдан жакты. Тектүү жердин кулуну экени байкалып турат:

Мени карап кубангандай болду. Бирок тегимди сураштырган жок. Акылгөй, тажрыйбасы жетишерлик, такшалган жетекчи экендиги байкалып турду.

Ошол күндүн эртеси эле ЗАГСка чыктык. Нике тууралуу күбөлүк алдык. Айылдык кеңештин төрайымынын аты эсимде калбаптыр. Азаттын колуна алтын шакек тактым. Болгондо да тандап жүрүп тазасын. Бирок бир жумадан кийин жоготуп жибериптир. Кыздары менен эки күн, түн да издешиптир, таба алышпаптыр. Ошого капа болгон Азат:

-Башка жоголсо да, шакек жоголбош керек эле. Сиздин белегиңиз мен үчүн ушунчалык кымбат экенин ойлосом кыжаалат болуп кетем. Бир күн болбосо, бир күн табылып калар деп дагы эле үмүт үзбөйм.

-Ага анчалык кайгырба, санаа тартпа Азат. Жаңысын алып берем. Аны оюңдан чыгарып койсоң деле болот.

Мага кайра-кайра эле айтканы – бешенеге бүткөн жалгыз баласы Султандын тагдыры.

Султан биздин уулубуз

Султан бир жашка чыга электе эле Ош областтык төрөт үйүнөн алган. Ошол учурда Азаттын тааныштары, санаалаштары, калемдештери Султандын тагдырына кызыкдар болушкан. Бир тууган агасы Эркин акенин, сиңдиси Сабиранын баласы болсо керек деп болжолдошкон. Бирөөсү да Азатка ачык айта алышкан эмес. Балким татаал да, катаал да тагдырга кептелген Азаттын көңүлүн чөктүрүп албайлы дешкенби, айтор мага бүгүнкүгө чейин бүдөмүк бойдон калып келет. Азат Султанды жанынан да артык көрчү. Тамак-аштан, кийим-кечектен өксүтпөдү. Көбүнчө:

-Султан менин таянар тоом, калкалар зоом, эрмегим да, эртеңки эргүүм да. Ансыз мага жашоо жоктой. Күлүп же жылмайып койгону мага чоң кубат. Мээримине магдырап, күлкүсүнө көңүл кушум чабыттап турганы турган. Бармактайынан баккан үчүнбү бири бирибизге болгон урмат-сыйыбыз жуурулушуп, бири-бирибизди көрбөсөк сагынышып калар элек.

Укта уулум, укта жалгызым,

Улуу туткан чолпон жылдызым.

Сага айтпаган сырым жүрөктө,

Сыдырылып сыздайт тымызын.

Эсине кирип калганда Азат ушул ырын Султанга окуп бергенде көпкө чейин токтоно албай буркан-шаркан болуп ыйлаптыр. Сооротом деп апасынын шайы ооп, бир жагынан сызылып жүргөнүн көп айтчу. Азат Султанды төрөт үйүнөн кандайча алды?

Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин балдызы Бурул Алмазбекова Ош областтык төрөт үйүнүн башкы дарыгери аркылуу Султанды алат да, апасындай карайт. Бапестеп өстүрүп, балакатка жеткирет. Окутат, чокутат дегендей. Албетте Азаттын бир тууган агасы Эркин Бегимкулов колдоо көрсөтөт, камкордукка алат. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө Бегимкулов Султан Надирович делип жазылат. Көп жылдардан бери Москвада жашайт, Россиянын атуулдугун алган. Ишкерлик менен алектенет. Менчик үйү, кафеси, рестораны бар. Бирөөнүн көзүн карабайт, кубанычтуусу маркум апасынын арбагын сыйлайт, мээнетин жогору баалайт. Мага келип жолукту. “Атамдын, апамдын ким экенин билүүгө көмөк көрсөтсөңүз соопчулук иш жасаган болор элеңиз” дегенде боорго тарттым, кеңешимди, акыл-насаатымды айттым. Бир кызынын атын Азат коюптур. Ага абдан кубандым. Ак дилимден, чың пейилден чыккан батамды бердим. Бири-бирибизден кол үзбөйлү, катташып, байланышып туралы айланайын, -дедим. Ата дегенде көзүмө жаш алдым, жашып кеттим…

Султандын азыркы сөздөрүн укканымда анын тагдырын, кандайдыр бир нерсеге өзөгү өрттөлгөндөй болгонун эстедим. Унутулгус, эстен чыккыс окуялар кино лентасындай чуурулуп көз алдымдан өтүп жатты. Бардык кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңип турмуштан ордун таап, өз алдынча түтүн булатканына кубансам, ар-намысты да улуттук дөөлөттөрдү жогору баалаганына сыймыктандым. Көрсө Азат татыктуу тарбия берген экен. Султанды өз колум менен үйлөсөм, тоюн тойлосом, тойго катышкандарды сумсайтып койбосом, өнөрүмдүн бардыгын опегейине жеткире турган таризде көрсөтсөм арманым болбос эле, деп көп жолу айтчу. Азыр да ошол сөзүн эске салып жатпайлыбы. Тагдырга арга жок туура! Азат 46 жашында чын дүйнөгө чыркырап кете берди…

Ыйык тутуп чындыкты,                                                                                                                        Ыймансызга чырдаган.                                                                                                 

Ыйлап ичи турса да,                                                                                                               

Ырдаганы, ырдаган!..

Бул ыр замандашы жана кылымдашы, КРдин эл артисти Ж. Алыбаевдин калемине таандык. Акыркы мезгилдерде Азат көбүнчө сай-сөөктү сыздаткыдай, кээ бир жашык адамдарды ыйлаткыдай армандуу да, азаптуу да ырларды негедир көп жаза турган болду. Көңүлү эч нерсеге чаппай, чечилип курбулары менен да сырдашпай калды. Азаттын мындай абалын көргөн сайын мени да ой басат. Сезимиңде тоңгон музду эритким келет. Кантип? Эритүүнүн кандайдыр жолу барбы? Ушул суроолордун тегерегинде ой калчап олтуруп, өзү дайыма оозунан түшүрбөй жүргөн “Өлүм дагы кетсинчи, өкүнүчтөр кетсинчи” -деген сөзүн көтөрүңкү үн менен айтканымда жылмайгандай, кыжаалатчылыктан бир аз болсо да арылгандай дили тазаргандай болду. Бири-бирин жактырышкан жубайлардын ой-максаттары мезгил өткөн сайын өргө багыт алып баратканынан улам бардыгы жайында боло тургандыгын ачык тастыктады.

Айтышка азгырылган жубайлар

Азат айтышты көп оозана турган. Анын үстүнө айтыш өнөрүнүн өйдө-төмөнүн,  оош-кыйышын беш манжасындай билет. Ошондон улам сүйгөнүнө ишенимдүү айтып жатпайбы.

-Баса, айтышканча санжыра туурасында сайрап алалы,-деди Азат.                                                                                                                           –Сенин айтканың мен үчүн мыйзам, макул.

-Жети атаңызды билесизби?

– Өзүңчү?

-Билем, билген үчүн айтып жатпаймбы? Атам Иманкул, чоң атам Бегимкул, бабам Сатымкул, бубам Акмырза, кубам Наркозу, жотом Тойчубек, жетем Жайчыбек, анын атасы Теменбий. Болобу, айта берейинби?

-Болот, болот, жетишет.

-Кезек сизде?

-Атам Төрөбек, чоң атам Жолболду, бабам Байимбет, калганын…                                                                                                                                                                                                                                                         (башын кашып, ойлонуп туруп калды Надир).

-Ушуга чейин эле билесизби?                                                                        -……..

Сабакты начар билген окуучунун кейпин кийген Надир жооп да бере албай, жалдырап туруп калды. Абитуриенттен экзамен алып жаткансып Азат “эки” деди. Оозуна сөз кирбеген Надир накаут болгондой болду. Азат кайрадан чыйралып:

-Жети атасын билбегенди эмне дечү эле?                                         

-Кул, муну билет экенсиз. Эми айтышты баштайлы. Сиз баштайсызбы же менби?                                                                             -Кыздын кырк чачы улук эмеспи. Мага жол берип жаткан турбайсызбы!

Азат:

Томсоруп калдым жалдырап,                                                                                 

Тоголок калган жетимдей.                                                                     

Толгончу болдум эрте- кеч,                                                                        

Толкуну күчтүү кезимдей.

Туңгуюкка кептеген,                                                                                

Тунарган көзүм ирмебей.

Ашыктыктын азабын,                                                                                       

Аябай тартчу мен белем!

Азгыра бербе алтыным,                                                                                

Ажалга кетем сиз менен!                                                                        

Чындыкты айткан дилимден,                                                                          

Чын дүйнө койну кеп кенен!

Надир:

Жарга мени такаба,                                                                                    

Жанымдай көргөн Азада.                                                                                   

Баш ийебиз баарыбыз,                                                                                    

Буйтап өтпөй тагдырга.   

Жолго сени калтырбайм,                                                       

Жалындаган Азада!

Жан дүйнөмдү гүлдөтүп,                                                                                  

Жетем дайым баркыңа.

Туурасын сөздүн айтканда,                                                                      

Түнөгүбүз жанаша.                                                                                

Жылдызыбыз күйүшсө,                                                                             

Жыргалы биз тарапта.                                                                               

Асылым менин периштем,                                                                               

Аста, ак жолуңдан адашпа!

Азат:

Какшай берсек болбостур,                                                                   

Кымбатым Надир токтоткун!

Айтор, Надир ушул сөздү самап жатканбы акырын жылмайып койду. Жылдызы күйүшкөндөрдүн сөзү негедир түгөнбөй койду. Азат чочугансып:

-Шеф,(мени ушинтип эркелетчү) жети атамды го айтыптырмын, бирок уруумду унутуп коюптурмун.

-Айт, шакылыктайсың го чиркиним.

-Наал энемдин уругунанбыз, адам затынын тунугунанбыз. Уругубуз Орто Азияга, коңшулаш мамлекеттерге чейин тараган кан тамырдын артериясындай болуп.

-Ушул маселенин тегерегинде кандидаттык диссертация жактап алсаң да болчудай.

– Эмне, кандидаттардын эки башы бар бекен же мен алардан кем бекем!

Аман турсак ал деле колдон келет. Көксөөм бар, тилегим бар. Ишке ашчу күн да келип калар.

-Башканыкынан келбесе да, сеникинен келет, мен буга ишенем.

-Куйкум сөздүү курч акын Мидин Алыбаев, классик акын Алыкул Осмонов да Могол уруусунан.

-Улуттук адабияттын дөө-шаалары, корифейлери могол уруусунан турбайбы көрсө, мактана да, даңктана да турган жөнүң бар экен.

-Албетте жөнүм бар. Мидике мага окшоп гүлдү өлө жакшы көрчү экен. Эсимде калган ырынан бир шиңгил айтып берейин:

Жаңыдан чыгып келгенде,

Жарадар болдуң белиңден.

Суу куюп анда тургуздум,

Суналып жаткан жериңден.

Талаада куурап калганча,

Тагынсам кантет сени мен!

                  ТОЙГО КАМЫЛГА

Эмгек ыргагы күч алып, жаш-кары дебей пахтазарда. Көчүк басарга да убакыт жок. Азат он күндөй уйку бетин көрбөй бир жагынан жүдөсө, экинчи жагынан санаа, ой басат. Аны байкаган Надир:                                                                                                                                        -Мынчалык эле сыгылып атасың Азат. Той буйругандай өтөр. Ага кыжаалат боло бергендин кереги деле жок.

-Ошентсе да өзүнчө бушайман болот экенсиң. Той-тойдой өткөнү жакшы эмеспи. Азырынча айтышты токтото туралы, шеф.

-Туура айтасың, айтыш бизден качмак беле!

-Экөөбүздүн тең башыбыз көрүнүп калган.

-Акын катары айрыкча сенин (күлүп).

-Сеники, меники деп бөлүнбөй туралы. Кимдерди чакырабыз?

-Кантсе да башынан көп иш өткөн, көптү көргөн, көптү билген Чолпон жеңеден кеңеш алалы. Тектүү жердин кызы, улуттук дөөлөттөрүбүздү, нарк-насилибизди беш манжасындай билет. Өзү да чечкиндүү.

-Күүчүү,чоорчу, ырчылардан кимдерди чакырабыз?

-Бригадаңдагы кыздардын өнөрү эл шайырларынын ашса ашат, кем калбайт. Алар турганда башкалардын кереги деле болбосо керек.

-Күндө шыйпаңда репетиция өткөрүп жатам. Сценарийин да өзүм жаздым. Режиссор да, көркөм жетекчи да өзүммүн. Андан көрө мага орун басар болуп албайсыңбы?

-Анда тамак-ашты ким тейлейт?

-Чын эле аны ойлобоптурмун. “Сөзгө-сөлтүк, кепке-кемтик” болбосок эле болду. Кыздарга бирдей форма тиктирип жатам. Кийип чыксам тааныбай каласың.

Жылдызы күйүшкөн ынак жубайлар тойдун тегерегинде көпкө чейин масилет курушуп, түн жарымга чейин божурашып уйкуга киришти…

Эрте ойгонгон Азат туш-тарапка көз чаптырып, асмандан томуктай да булут көрүнбөгөнүнө кубангандан улам секелек кыздай секиргиси келип кетти.

-Той болор күнү күндүн чайыттай  ачыктыгын карасаң, Алла Таалага шүгурчүлүк! Бүгүн той, бардык ишиңди кой,- шеф деп адатынча күлүп койду Азат.

             ЧОКМОРДОГУ ЧОҢ ТОЙ

Надирдин бир тууган агасы Ашымдын үйүнүн айланасы, короосу пакиза. Тияк-быяктан келишкен байбичелер, келиндер жана жаш балдар дүрбөшүп жаңы келиндин келишин зарыга да, сагына да күтүшкөндөй. Адегенде Алима байбиче:

-Ашым, той маарек болсун!

-Болсун, айтканыңыз келсин!                                                                                                                                   Түмөнбай акындын келини Жаркын:                                                                                                                                                                                                                                                                       -Үкөңдүн бактысы бар экен, бай колуктуга туш болуп.

-Байбы, кембагалды келин келгенде көрөбүз да, азырынча ашыкпай да, шашылбай да коё тургула, сабыр кылып.

Уулбүш байбиче сөзгө аралашып:                                                                

 -Себин көргөндө бай экени ачык болот. Жаңы келиндин бир тууган агасы түштүктүн соода министри имиш.

-Аны кимден уктуң,- деди Катча ишенип-ишенбей.

-Андай болсо Ошту көчүрүп келет окшойт жаңы келиниң Салма,-деди Ырыс кайненесине.

Айылдагы кексе кемпирлер өз ара кобурашып, албетте жаштыгын эске түшүрүшкөн тапта жаш балдар дүрбөп калышты. Көрсө, убап-чубап келаткан автоунааларды көрүшкөн балдар утурлашып, ал түгүл ураалашып айлананы заматта шаңга бөлөп жиберишти. Эркектер да, айымдар да, улан-кыздар да коңшу айылдардан келе башташты. Адегенде жаңы келинди нан, май менен оозантышты. Бардыгы, айрыкча кемпирлер келинди көргүсү, бетинен өпкүсү келет, жеткени өөп, жетпегени кезек күтүп маанайлары жаркыйт. Бардыгы эле келин менен алек болуп жатышканын баамдаган, бир жагынан байкаган Чолпон жеңе Ашын акеге кайрылып:

-Куда септи түшүрүүгө аракет болбой жаткандай. Себибизди бизди кайра Ошко алып кетелиби?

-Жок андай болбойт, балдар даяр азыр түшүрүшөт. Септи көргөндөрдүн көпчүлүгү шаардагы заңгыраган чоң дүкөндү элестетишкендей болот. Келинди көргөнү деле, көрө элеги деле каруусу күчтүү жигиттердин кыймыл- аракетине сарасеп салып, түрдүү түркүн буюмдарды көрүп эле коюшпастан кармалап да көрүшөт. Он чакты жигит эки сааттай убакытта септи араңдан зорго түшүрүп бүтүштү. Ашым акенин короосуна батпай калды, биринин үстүнө бири коюлуп эптеп жайгаштырышты. Жаңы жаркыраган диван-кроваттар, креслолор чет элдик гарнитур, жууркан-төшөктөр, килемдер көз жоосун алат. Аны көргөн кексе кемпирлер биринен сала бери:

-Ашым Чокморго бир универмаг куруп кой. Келиндин себи батмак түгүл ашып калат.

-Сиз айткандай, дайым эле ашып-ташып жүрөлү,- деди коммунист бригадир Ашым. Көшөгөдө кычырап отурган жаңы келинди көргөндөрдүн, өпкөндөрдүн, башына ак жоолук салышкандардын аягы суюлчудай эмес. Мына ушуларды көрүп, байкап олтуруп күйөө баласы Надирдин айылында, туулуп өскөн жеринде кадыр-баркы зор экенине жеңеси Чолпон кубанганын билдиргиси келбейт, сыр сактайт. Азаттын агасы Эркин Бегимкулов байбичелер боолголоп айткандай министр эмес, Ош областтык соода башкармасынын кожоюну экен. Бул министрликке тете эле кызмат.  

ШАЙЫРЛАР ШАҢДЫ АТТЫРГАНДА     

Улуттук жарашыктуу кийим кийишкен периштедей кыздар чимирилип бийлешип, ырдашып, күүчүлөрү комуз чертишип, тойдун шааниси уланып, тойго келгендердин бардыгы кубанышып жарпы жазылды, көңүлү ачылды. Тойлордун репертуарынан түшпөй жүргөн “Анжиян полкасына”, “Кыргыз бийине” жаштар гана эмес байбичелер да түшүп, жаштыгын эске түшүрүшүп жашарып да алышкандай болушту. Тамак- аштан, мөмө-жемиштен эч ким өкүнгөндөй болбоду, тескерисинче дасторкону берекелүү болгонуна кубанышты. Бийлеп, ырдагандарга пул кыстармай бул чөлкөмдө жаңы эле башталган. Албетте пул кыстырмай, улуттук ар кандай оюндар, кызыктуу оюн-зооктор унутулгус, эсте каларлык окуя катары чокморлуктардын эсинде сакталып калды. Ак дилден, чын пейилден чыккан ак каалоолор, нөшөрдөй болуп төгүлгөн тилектер көккө учуп бараткан ак куулардай элес калтырганы жашоонун да, өмүрдүн да өлбөстүгун түбөлүктүү экендигин айгинелеп турбайбы. Жашоо ушунусу менен кызыктуу да, керемет да окшойт.

АТАКТУУНУН ДАҢКЫ,                                                                                                                      

АКЫЛМАНДЫН БАРКЫ       

Кайсы атактуу, кайсы акылман деп таң калып жүрбөңүздөр кымбаттуу окурмандар! Бардыгыбыз сыйлаган, чыгармачылыгы менен тарыхта өчпөс из калтырган, элди- жерди душмандардан коргоодо ченемсиз эрдиктерди, каармандыкты көрсөткөн, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Темиркул Үмөталиев менен жакшы алакада жүргөн Азада Бишкекке барганда шефи экөө үйүнө учуп- күйүп жетпейби. Саламдашып, ал-абалды сурашкандан кийин эле Темикеге кайрылып:

-Темиркул аке, көрүндүк бериңиз?

-Кандайча?

-Күйөө балалуу болдуңуз.

-Мобурэки жигитпи?

-Ооба, ушул жигит. Сизге жактыбы?

-Сага жакса, мага жакканы да.

-Өзү Сузактан болот. Аты Надир, фамилиясы Төрөбеков.

-Барпынын жеринен болот турбайбы,- деди да өңү-башына көз чаптырып койду. Күйөө баланы пайгамбар сыйлаган тура. Төргө өт күйөө бала. Көрүндүккө эмне берсем экен. Байбичесине белги берейин деди окшойт. Бирок олбурлуу, оор бойлуу айым, турса олтура, олтурса тура алгыдай эмес. Байбиченин аты Жамал экен. Горький көчөсүндө жашашчу. Темике өз колу менен Надирге суусар тебей кийгизди, карындашы, бир жагынан жердеши Азадага ак жоолук салып чөнтөгүнө пул салды. Суммасын айтпады. Тебетейди Азат кийип күзгүгө каранды, адатынча тамашага салып:

-Шеф, мага аябай эле жарашып турат, ишенбесең карап көргүн.

-Мен күйөө балага атап берип атпаймбы, талашпа.

-Мен шефиме эркелеп жатпаймбы!

Айсулуу чындыгында бир сулуу кыз,                                                                                                                 

Бир көрсөң эстен чыккыс унутулгус.                                                                                              Куюлуп аркасында кундуз чачы,                                                                                         

Дегенсийт он сегизде кыздын жашы.

Темике, мени жашартып 18ге чыгарып койдуңуз. Бул мен үчүн азатпаган карындашыңыз үчүн баа жеткис мурас. Ичер суум, көрөр күнүм түгөнгөнчө, жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө барганча Сизди унутпайм Темике!

Кагазга түшүргөн: Рысбай ЖУМАБЕКОВ, Ж.Бөкөнбаев атындагы сыйлыктын лауреаты

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17