Аймак

ЛЕНИН РАЙОНДУК СОТУНУН СУДЬЯСЫ ДИПЛОМДУ МЫЙЗАМСЫЗ АЛГАН ДЕП ШЕК САНАЛУУДА

ЛЕНИН РАЙОНДУК СОТУНУН СУДЬЯСЫ ДИПЛОМДУ МЫЙЗАМСЫЗ АЛГАН ДЕП ШЕК САНАЛУУДА

 918 Бардыгы /

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы (Т.М.) жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алган деп шек саналып жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, бул факты 4-июлда аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголду.

УКМК ал 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз тапшырганын кабарлады.

Судья өзү жана Жогорку сот азырынча комментарий бере элек.

Атайын кызмат ушул тапта мамлекеттик кызматкерлердин, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын дипломдору менен жарандыгын текшерип жатат.

Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документине байланыштуу буга чейин да чыр-чатактар чыккан.

Айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жуугандар, жасалма диплом алганы билинип калып, айып төккөндөр да болгон.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17