Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
1 Бардыгы / Темасы: 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ Максаты: Балдарга эне тилдин улуулугун жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жеткирүү. Кыргыз тилине болгон сүйүүсүн, урматтоосун арттыруу. Балдардын көркөм окуу жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү. Керектелүүчү материалдар: Кыргыз желеги жана сүрөттөр. Улуттук кийимдер (каалоочулар үчүн). Макалдар жазылган плакаттар («Энетил – элдинбайлыгы»\) Сценарий 1-бөлүк: Киришүү бөлүгү (Зал улуттук […]
2 Бардыгы / Темасы: 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ Максаты: Балдарга эне тилдин улуулугун жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жеткирүү. Кыргыз тилине болгон сүйүүсүн, урматтоосун арттыруу. Балдардын көркөм окуу жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү. Керектелүүчү материалдар: Кыргыз желеги жана сүрөттөр. Улуттук кийимдер (каалоочулар үчүн). Макалдар жазылган плакаттар («Энетил – элдинбайлыгы»\) Сценарий 1-бөлүк: Киришүү бөлүгү (Зал улуттук […]
21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
24.02.2025 / Автор anarkan_kg

3 Бардыгы /
Темасы: 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
Максаты:
Балдарга эне тилдин улуулугун жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жеткирүү.
Кыргыз тилине болгон сүйүүсүн, урматтоосун арттыруу.
Балдардын көркөм окуу жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү.
Керектелүүчү материалдар: Кыргыз желеги жана сүрөттөр.
Улуттук кийимдер (каалоочулар үчүн).
Макалдар жазылган плакаттар («Энетил – элдинбайлыгы»\)
Сценарий
1-бөлүк: Киришүү бөлүгү
(Зал улуттук кооз буюмдар менен жасалгаланат. Балдар улуттук кийимдерди кийип чыгышы мүмкүн. )
Мугалим:
– Саламатсыздарбы, урматтуу биздин ата-энелер, мугалим эжей-агайлар, жана окуучулар! Бүгүн биз сиздер менен “Эл аралык эне тили күнүн белгилөө үчүн жолугуп турабыз. Дүйнө жүзүндөгү ар бир улуттун өз эне тили бар. Эне тили – бул биздин ата-бабаларыбыз сүйлөгөн тил, биздин жүрөгүбүздүн тили.
Кыргыз элининэне тили – кыргыз тили.
Бүгүнкү күндү 25 жылдан бери бүтүн дүйнө жүзү белгилеп келет.
ЮНЕСКО 1999-жылы 21-февралды “Эл аралык эне тили күнү,”-деп жарыялап, бул күн жыл сайын белгиленип келет. Бул күн ар бир улуттун өз эне тилин сактоосу, өнүктүрүүсү жана коргоосу үчүн маанилүү.
Кыргыз тили ырдан, күүдөн жаралган
Кыргыз тили нурдан, күндөн тараган
Ал дүйнөдө теңдеши жок улуу тил
Ай ааламга “Манас” болуп тараган, демекчи улуу тилибизди Манассыз, Манасты кыргыз тилисиз элестетүүгө мүмкүн эмес.
Анда эмесе кезекти биздин баатыр, эр журөк, намыскөй жигиттерге беребиз. Манас айтуу
Адилет:
Сыргак:
Эмир:
Кыргыз тили аябай бай тил эмеспи? Уулуу муундарыбыз бир эле сөздү бир канча сөз менен көркөмдөп, куюлуштуруп айтып келген. Кезекти ата-бабадан калган, бир сүйлөмгө бир чоң маанини камтыган макалдарга берсек.
Нурдана: Эне тилин билбеген эси жогун аныктайт
Али: Эне тилин сүйбөгөн элин сүйүп жарытпайт
Эмир: Өнөр алды-кызыл тил
Эрлан: Эне тил- элди сактайт
Нурислам: Тил-улуттун жан дүйнөсү
Аделя: Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун
Аруузат: Элди эл кылып турган анын тили
Аруузат: Дили адептүүнүн, тили адептүү
Айыма: Тил- ойдун сандыгы
Адеми: Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил бири дилиң жүрөктөгү
Аруузада: Тил адамды бакытка бөлөп салат, тил адамды шорлотот башын алат
Жуманур: Ачуу тил- жыландын заары, таттуу тил- жүрөккө дары
Айжанай: Адамдын даамы- тилинде
Нуржигит: Бассаң бутуңа этият бол, сүйлөсөң тилиңе сак бол
Абыл: Бутунан жыгылган турат, тилинен жыгылган турбайт
Алихан: Жайдак тилден чаң чыкпайт
Адинай: Жакынга көз жеткирет, алыска тил жеткирет
Алымбек: Ичтегини тилден бил, тилдегини түрдөн бил
Нурсен: Тил-кылычтан өткүр
Адилет : Кыйнаган да тил, сыйлаган да тил
Айганыш: Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт
Бексултан: Кылычынан кан тамганды, тилинен бал тамган жеңиптир
Нурзаман: Ооз-айгак, тил- тайгак
Сыргак: Тил менин тууганым, тил менин душманым
Айлин: Тилде сөөк жок
Тил жөнүндө айта берсек сөз бүтпөшү анык. Жогоруда окуучуларайткан бир сүйлөмдөн турган макалдарда бир барак ой жаткансыйт.
Кыргыз тилин канча мактап, канча айтсак да аздык кылат. Анда кезек көркөм ырларда.
Айлин:
Буга чейин айтты далай акындар,
Антсе дагы айта турган акым бар.
Кыргыз болуп төрөлгөндөр,
Кыргыз тилин унутууга, айтчы, кандай акың бар?
Нурзаман:
Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт.
Адилет:
Казактарды карагыла, казакча го ырлары,
Өзбектерди карагыла, өзбекче эле ырдады.
Орусчалап бийлегин деп,
Орусчалап сүйлөгүн деп силерди ким кыйнады
Алихан:
Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон
Жуманур:
Ташты сыгып тарыхты тапкым келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!
Айыма:
Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн,
Өз баласын орусчалап тилдеген.
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн,
Арабызда кыз-уландар жок бекен,
Аруузат:
“Кыргызмын” дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп.
“Кыргызмын” дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.
Алымбек:
Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
Аделя:
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкынчанган, калкынынтилинчанган,
Кан болсо да кыргыздынбаласыэмес.
Эрлан:
Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
“Жылт” эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен,
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!
Али: Улут болсоң- тилиң менен улутсуң,
Улук болсоң- тилиң менен улуксуң.
Нурдана:
Эне тилин өгөйлөп жектегендер,
Эне тил элегинен өтпөгөндөр,
Кыргыздын өзүн чанып, сөзүн чанып,
Кыргызча кымыз ичип, эт жегендер,
Калайык, айткылачы, булар кимдер?
Кыргыз өзүнүн бай тили менен гана белгилүү болбостон өзгөчө кийимдери жана тамак ашы менен да белгилүү болуп келет.
Хор: Кыргыз улуттук кийимдери.
Заманыбыздын керемети кандай сонун, автомобилдин түрү чыгып, оорубузду жеңил кылууда. Ата-бабаларыбызга бир чети жук ташуучу машинаордун басып, жада калса азык-түлүктүн ордун баскан, адамга дос болуп, өз жанын аябаган кыргыздын оң колу болгон ат жана анын жабдыктары жөнүндө Нурислам айтып берет.
Нурислам:
Ат жабдыктары – токуп минүүгө керектелүүчү буюм-шаймандар. Ат жабдыктарына – ээр, үзөңгү (боосу м-н), канжыга, көмөлдүрүк, куюшкан (куткуну м-н), басмайыл (боосу, көрпөчө бастыргычы, тогоолору м-н), чаполоң, желдик, тердик, ичмек, жүгөн (тизгини м-н), нокто (чылбыры м-н), көрпөчө, ат жабуу, камчы ж. б. кирет.
Кийизден жасалган көшөгөсү
Күн тийсе нурун чачкан төбөсү
Түн ичинде жылдыздай жымыңдаган
Туткасы бар алтын түстүү өңдөгү- деп мен боз үйдү сүрөттөсөм, Эмир аттуу мырзабыз “Мен боз үй жөнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып берем,” – дейт.
Эмир: Боз үй жөнүндө маалымат:Боз үй — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген.
Кыргыздын улуттук оюндары
Сыргак улуттук оюндар
“Чүкө оюну” :Кыргыз эли мал менен өсүп-өнгөн эл. Ошондуктан малдын чүкөсүн (каржиликтин башына ашташкан кичинекей сөөк) байыртадан эле пайдаланышкан. Кыштын узак түндөрүн чүкө ойноо менен өткөрүшкөн. Оюнда элдин ички, тышкы душмандарынан коргонуу ыкмалары, аскердик өнөрдүн элементтери (таамай атууга көнүгүү, көздүн курчтугун өөрчүтүү ж.б.), тактык, тыкандык, тез эсептей билүүчүлүк, шамдагайлык, тапкычтык, кылдаттык, чеберчилик, устаттык, кыраакылык, кыймыл, адеп сактоо сыяктуу көптөгөн учурлар колдонулат.
Бексултан “ Кыз Куумай”:Кыз куумай оюну кыргыз элинин эң байыркы кызыктуу оюндарынын бири. Кыргыз эли бул оюнду көбүнчө күйөө кызга күйөөлөп жүргөндө, аш-тойдо, майрамдарда ойноп, калың элге тамаша курушкан. Кыз тандаган атын минип, андан артканы гана жигитке тийген. Жигит кызга жетсе артылып бетинен өпкөн, жетпей калса кыз атынын башын буруп камчы менен жигитти кайра кубалап сабаган. Кыз куумай азыр да элдик тойлордо, майрамдарда кеңири ойнолууда.
Айганыш “Топ таш” оюну-кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Оюн тегиз, түз жерде ойнолот. Оюндун жүрүшүндө оюнчу колундагы ташты жогору ыргытып, жогору ыргыткан ташы жерге түшкөнчө жерден таш ала албай калса, же жерден таш алган убакта, оюнчунун колу башка Tanrıca тийип кетсе, же ал ыргыткан ташын туталбай калса, оюнду ойноо кезеги атаандашына берилет. Топ таш оюнунун көптөгөн түрлөрү бар.
Кырыздын оюндары бир том китеп болсо, каада-салды үч том болушу анык. Жигиттерибизге мүнөздүү болгон кой союп, устукан тартуу жөнүндө биздин Абыл мырза айтып бермекчи.
Абыл: Устукан тартуу: Кой союп, устукан тартуу ата-бабабыздан калган салт, үрп-адаттар акыркы учурларда унутта калып бара жаткансыйт. Заман өзгөрүп, доор алмашкан сайын өзүбүздү заманбап адам катары көрсөткүбүз келгени жашыруун эмес. Улуу адамдардын «Жаштар эч нерсени билбей калды, кыргыз элинин нукура салттары ушинтип эле унутта калабы» деп кейиштүү айткан кептерин кулак сыртынан кетирип жатканыбыз анык. Конок келсе кой союп сыйлоо биздин ата-бабабыздан калган жакшы жөрөлгөлөрдүн бири. Эр жигиттин кой союп аны жиликтөөнү, эт бышырып табак тартууну билбегени уят катары каралаарын эске салып касапчы боло албаса да анын эрежелерин биле жүрүү ар бир жигиттин милдети.
Аруузада “Согум”Согум – кыргыз элинин кышка камдануу үчүн күз айларында мал союп, анын этин кышкыга сактоо салты. Бул үрп-адат илгертен бери ата-бабаларыбыз тарабынан колдонулуп келген жана негизинен мал чарбачылыгы менен алектенген элдерде кеңири таралган.
1. Кышка камылга – Кыргыздар суук кыш мезгилине алдын ала даярданып, малдын семиз учурунда союп, этин тоңдуруп же куурулган эт (сүрсү) түрүндө сакташкан.
2. Жамааттык салт – Согум союу көбүнчө чоң үй-бүлөлөрдө же коңшулар менен биргеликте өткөрүлүп, эт бөлүштүрүлүп, аш-той берилген.
3. Этти сактоо ыкмалары – Эт көбүнчө кургатылып, сүрсүгө айландырылып, казанга бышырып, майына куйулуп сакталган.
4. Меймандостук жана ынтымак – Кышкысын согум эти менен конок тоскон, улгайган адамдарга, кошуналарга жардам катары эт бөлүп берген салттар да болгон.
Согум негизинен уй, жылкы, кой сыяктуу малдан алынат. Айрыкча согум жылкысы кыргыздарда эң сыйлуу жана майлуулугу менен бааланат. Бүгүнкү күндө да бул салт уланып, айрыкча айыл жерлеринде кеңири колдонулуп келет.
Нуржигит: Азан чакырып ат коюу
Бала торолгондо ага азан чакырып ат коюу-кыргыз элинин улуу салты. Анткени,ага ат коюу менен адамдардын арасындагы адам болуу укугу ыйгарылат. Адамдар аны оз катарына кошот. Ат коердо балнын ата-энеси тууган-туушкандарын,айыл аксакалдарын мал союп,дасторкон жасап чакырат.
Ысымды ыйгаруу учуру ыйык эсептелип азан чакыруу кадыр-барктуу айыл аксакалына ыйгарылган.Азан чакырып жатканда бардыгы короого чыгышат.Баланы которуп алып ата-энеси азан чакыруучу адамдын жанына турат.Ат коюу аземи жон эле создорду айтып коюу менен чектелген эмес,корком ыр турундо мындайча айтылган.
Аллооакбар,аллооакбар!
Тенирим адам берди,
Ааламга адам келди.
Айыл,калаасуйунчу
Арыштааркадамкелди.
Ошентип,азан чакырчу адам кыбылага карап “Алло акбар” деп уч жолу унун которуп айтат.Андан кийин,мисалы,”Нурландын уулунун аты Санжар болсун!” деп уч жолу кайталайт.
Адеми: Баланы бешикке бөлөө салты Баланы бешикке салуу ырымы кыргыздарда кадимки чоң той менен коштолот. Ымыркайдын киндиги түшүп, төрөлгөнүнө жети күн болгондон баштап бешикке салынат. Бешик наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыңгайлуу. Салт боюнча бешикти төрөлгөн наристенин таенеси алып келет. Ал эми наристенин бешикке салынган күнүн бешик тою дешет
Аруузат Тушоо кесүү. Кыргыз эли илгертеден эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз – каз турушу, баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн. Жаш келиндерге балдарын багууга, тарбиялоого байбичелер, бала багууга өтө жөндөмдүү аялдар жакындан жардамдашышкан. Бала тамтаң – тумтаң баса баштагандан тартып, ага атайын чыгырык жасап, баланы чыгырык менен жетелеп бастырышкан. Чоң ата, чоң эне, ата – энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн. Тушоо кесүү тоюн өткөрүүгө атайын даярданышкан. Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тойго келгендерге атайын дасторкон жайылып, сый көрсөтүлгөн.
Апалар үчүн макалдар, кызыктуу оюндар
Чач өрүү
Кол күрөш
Жыйынтыктоо:
Классы: Даярдоо






Айжамал НАЗАРБЕКОВА, Д. Осмоналиев аиындагы №13 жалпы орто билим берүүчү мектеби, Ала-Бука району, Жалал-Абад областы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖОЛ МЫЙЗАМЫ-ӨМҮР МЫЙЗАМЫ
-
22.02.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ 7 РАЙОНДУН АКИМИН КЫЗМАТТАН БОШОТТУ
-
-
08.08.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ 2517 ҮЙ-БҮЛӨ МЕНЕН СОЦИАЛДЫК КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ
-
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.