Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)

ЖАЛАЛ-АБАД АЭРОПОРТУН КӨЧҮРҮҮ АРАКЕТИ КАРАЛУУДА

ЖАЛАЛ-АБАД АЭРОПОРТУН КӨЧҮРҮҮ АРАКЕТИ КАРАЛУУДА

 90 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Туркиянын Анталия шаарында иш алып барган “Лиманталия Гайрименкул иншаат туризм” компаниясынын жетекчилери менен жолугушту.

Тараптар Жалал-Абад облусунун аймагында саламаттыкты сактоо, курулуш жана туризм тармагында иш алып баруу демилгелерин талкуулашты. Жыйынга Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун жергиликтүү бийлик жетекчилери да катышты. Облус башчысынын орун басары компания башчыларына шаар ичиндеги Жалал-Абад аэропортун көчүрүү, ал үчүн атайын долбоор даярдалып, жер аянты ажыратылып жатканын белгиледи. Бул облусту өнүктүрүүдөгү ири демилгелердин бири экенин, аны ишке ашырууга жергиликтүү бийлик ар тараптуу көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады.

Мындан сырткары жолугушууда аймактагы медицина тармагын жакшыртуу үчүн облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө кошумча имарат салуу, шаар тазалыгын сактоодо таштандыны кайра иштетүү заводун куруу сунушу айтылды. Ошондой эле Жалал-Абад курортуна асма жол куруу долбоору сунушталды.

Жыйындан кийин Туркиялык инвесторлорго Сузак районунун Ленин жана Көк-Арт айыл аймагынан аэропорт куруу үчүн пландалып жаткан 270 гектардан ашуун болгон жер аянты көрсөтүлдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алдыда тандалган жердин авиация тармагында иштетүү, коопсуздук маселелери тийиштүү кызматтар тарабынан текшерилээри белгиленди. Туризм жаатында Сузак районунун Кара-Алма токой чарбасы менен жеринен таанышышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17