Аймак

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЭМНЕ БЕРДИ?

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЭМНЕ БЕРДИ?

 1,713 Бардыгы /

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишкендиги жалпы билим берүү тармагына кандай таасир этти? – деген суроодо албетте, көптөгөн көйгөйлүү маселелерди талкууласа болот. Анткени, бир мезгилде Кыргызстан Советтер Союзу аттуу ири, абройлуу мамлекеттин бир бөлүгү болуп, жогорку жана орто кесиптик билим берүү, орто билим берүү жана мектепке чейинки таалим-тарбия тармагында көйгөйлөр аз болуп, тийиштүү колдоо, жетиштүү каржылоо, кылдат көзөмөл жогору жактан, т.а. Москвадан болгон. Кайсы бир багыт же адистик боюнча кемчиликтер СССРдин борбордук окуу жайларына жөнөтүүлөр менен чечилип келген. Билим берүү тармагында иштеш да абдан абройлуу болгон. Эгемендүүлүктү алуубуз менен көп нерселер токтоп, каржылоо, окуу-усулдук колдоо, курулуш иштери ж.б. маселелер өзүбүздүн карообузда, чечимдерибизде, мүмкүнчүлүктөрүбүздө калды. Баштапкы жылдарда көйгөйлөрүбүз абдан көп болуп, айрымдары эми гана чечилип жатат: каржылоо, эмгек акы, курулуш иштери, окуу-усулдук камсыздоо, билим берүү тармагынын аброюн көтөрүү ж.б. Бирок, аталган жылдары жалаң эле кыйынчылыктар, көйгөйлөр болду десек туура эмес болот. Ошого токтололу.

Анвар ЖОЛДОШБАЕВ, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин проректору, фил.и.к., ЭАУ профессору:

“БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА ЖАКШЫЛЫКТАР АРБЫН БОЛДУ”

-Эгемендүүлүккө жетишкенден баштап Кыргызстанда бир катар жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар ачылган, анын ичинде мамлекеттик, мекемелик жана менчик окуу жайлар. Алар мурункудай жалаң эле борбор калаабыз Бишкекте эмес, областтык борборлордо да ачылды: Ошто, Жалал-Абадда, Ысык-Көлдө, Баткенде, Таласта, Нарында. Көптөгөн жерлерде чет элдиктер менен биргелешкен окуу жайлар ачылды. Алардан сырткары чет элдиктер менен биргелешкен менчик гимназиялар, атайын лицейлер, орто мектептер пайда болду. Көптөгөн менчик мектепке чейинки таалим-тарбия борборлору, бала бакчалар ачылып ишке кирди. Натыйжада билим берүү кызматы рыногу чоңоюп, билим берүү тармагында кызмат көрсөтүү кыйла диверсификацияланды, жаңы багыттар, адистиктер өздөштүрүлдү. Өзгөчө элет жаштары, балдары үчүн түрдүү мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, жаштардын областтарда, элетте калуусуна жаңы өбөлгөлөр түзүлдү. Областтык маанидеги шаарларда илим-билим борборлору түзүлүп, жергиликтүү интеллигенциянын, жаштардын калың катмалары пайда болгон. Бара-бара сандан сапатка өтө башташты. Бир эле Жалал-Абад шаарында канчалаган жогорку жана орто кесиптик билим берүү, орто, мектепке чейин таалим-тарбия берүү мекемелери ачылып, көптөгөн жаштар Бишкекке эле кете бербей областтын борборунда топтолду. Алардын аркасынан Жалал-Абадда соода, тейлөө, кызмат көрсөтүү, курулуш көлөмдөрү кыйла өстү, калк көбөйдү, канчалаган инвестициялар тартылды, маданиятыбыз жогорулады. Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясы, шаардык мэриясы жергиликтүү өнүктүрүү маселелерин ыкчам колго алып, инфраструктурабызда канчалаган жакшы долбоорлорду ишке ашырууда: курулушта, жол курууда, электр кубаттуулугу жана суу менен камсыз кылууда, жаңы эс алуу борборлорун түзүүдө, көрктөндүрүүдө, соода тармагын иреттөөдө ж.б. Мунун баары жер-жерлерде өсүп-өнүгүүлөргө өбөлгө болду. Жалпысынан эгемендүүлүк убагында билим берүү тармагында жакшылыктар арбын болду, бул тармак өсүп-өнүгүүгө бир топ салымын кошту. Жогоруда айткандай, эми сандан сапатка өтөлү. Көйгөйлөр жок эмес, аларды, албетте, чогуу чечебиз.

Нематилла ЖЭЭНБЕКОВ, Жалал-Абад облусунун казысы:

“МАМЛЕКЕТ ДИН ЭРКИНДИГИН ЭЛ ҮЧҮН КЕНЕН БЕРДИ”

-Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин дин тармагында өсүшү туш тараптуу болду. Өлкөдө көптөгөн диний окуу жайлар ачылып, алардын биринде 2003-жылы Кыргызстан Ислам университетинин тунгуч ректору болуп эмгектенгемин. Мындан сырткары дин тармагында көпчүлүк жаштар билим алууга умтулуп, өзүбүздөн кийин дүйнөлүк чоң маштабдагы өлкөлөрдөн билимин улап келип жатышат. Эл ислам динин терең өздөштүрүүдө. Анын артынан динди түшүнгөн, диндеги амалдарды өз турмушунда колдонгон ар бир үй-бүлөдө тынччылык болуп, ынтымак орнойт. Адамзатында бири- биринин кадырына жетүү, сыйлоо жогорку деңгээлге көтөрүлөт.

Мамлекетибиздин негизин түзгөн эл-  бул мамлекеттин байлыгы. Азыркы учурда Орто Азиядагы жаштар арасында илимдүү жаштарыбыздын саны артып, ислам жаатында алдыңкы орунда турабыз десем жаңылышпайм. Анткени Чубак ажыга окшогон дүйнө тааныган аалымдар өткөн жана канчалаган жаш аалымдар өсүп келе жатышат. Эгемендүүлүк келиши менен элибиздин жашоо шарты өсүп- өнүгүүдө. Болгон дүйнөсүнө каниет алып, тынчтыкта жашоодо кечиришип келишет.

Мамлекет эркиндик алганга чейин өлкөдө ажылык сапарга баруу да өтө оор болгон. Өз алдынча эгемен Кыргызстан болуп түзүлгөндөн кийин Сауд Аравия мамлекети бизди таанып, акыркы учурларда жылына 6,5 миң адамга ажылык милдетин өтөөгө орун берип жатканы чоң кубаныч. Мындан сырткары Умрага баруунун чеги жок.  Мамлекет дин эркиндигин эл үчүн кенен берди. Ислам дининде кеңири ибадат кылууга, илим алууга, ислам закондору менен жашоо кечиргенге эбегейсиз шарт түзүп берип келет.  Муну менен катар бардык аймактарда дүйнөлүк деңгээлде мечит, медреселер салынып жатат. Биз Аллага шүгүр келтиришибиз керек. Ага шарт түзүп, уруксат берген мамлекеттик башчыларга дайым ыраазычылык билдиребиз.

Албетте, адам баласына эркиндик, эгемендүүлүк эбегейсиз чоң бакыт. Андыктан кирип келген мамлекеттин эгемендик майрамы баарыбызга кут болсун!

Кумарбек БОТОКАРАЕВ, Жалал-Абад облустук ооруканасынын башкы директору:

“АКЫРКЫ ЖЫЛДАРЫ МЕДИЦИНАДА БИР ТОП ЖАҢЫЛАНУУЛАР, ЖЫЛЫШТАР БАЙКАЛУУДА”

-Кыргызстан эгемендик алган жылдар аралыгында үч миңден ашык мечит салыныптыр, мамлекет анын ордуна ооруканаларды салдырса кандай болмок. Отуз бир жылдын ичинде Кыргызстандын эли миллиондорго көбөйдү, бирок ооруканаларда абал кубантарлык болгон эмес эле. Биз ар бир маселени объективдүү карап, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Медицина тармагында оор абал бүгүн эле чыга калган жок. Ал Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы социалдык саясаттын начардыгынан чыкты. Ооруканаларга буга чейин анча көңүл бурулган эмес. Бирок баарына азыркы бийликти же дарыгерлерди күнөөлөш туура эмес. Акыркы жылдары мамлекет медицинага болгон мамилени кайра карап чыгып, бир топ жаңылануулар, жылыштар байкалууда. Бүгүнкү шартта ар бир облустун борборлорунда заманбап ооруканаларды куруп, алдыңкы технологиялар менен жабдылышы керек.

Эгемендик жылдары Жалал-Абад облустук ооруканасы экинчи баскычтагы облустук оорукана макамын алды. Бул деген облус аймактарындагы бардык райшаарлардан кыйналып келген жарандарды дарылоого мүмкүнчүлүк алды.  Ошого жараша медициналык кызматкерлер, адистер даярдалып, ошого жараша техникалык база менен камсыздаруула.

Чындыгында оорукананын материалдык-техникалык базасы мурдагыга салыштырмалуу жогорку деңгээлдэ чыңдалды. Немецтер тарабынан ыкчам-тез жардам бөлүмүнүн имараты курулуп, анда бүт облус аймагынан келген оорулууларды бир жерден кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Андан сырткары 100 орундуу хирургия, лор, көз оорулар жана урология бөлүмдөрү жаңы имаратка ээ болушту. Ошону менен бирге бул бөлүмдөрдүн шаймандары керектүү техникалык аппараттары да жаңыланды. Мындан сырткары облустук ооруканага күйүк жана травматология бөлүмү жаңы имаратка ээ болуп жатышат. Буйруса балдар стационарынын жаңы имараты курулууда. Мамлекеттин өзүнүн көмөгүндө неврология, тарепия жана нефрология бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу пландалып, азыр долбоордук сметалык документтери даярдалууда. Муну менен катар облустук төрөт үйүнө да жаңы имарат куруу пландалып долбоордук сметалары даярдалууда.

Аэлина АЛИШЕРОВА, “Аймак” 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17