Аймак

БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА БЕШ МЕКТЕП ЖАНА ҮЧ БАЛА БАКЧА ИШКЕ КИРИШТИ

БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА БЕШ МЕКТЕП ЖАНА ҮЧ БАЛА БАКЧА ИШКЕ КИРИШТИ

 1,722 Бардыгы /

БАТКЕН. 1-сентябрда билим майрамында  Баткендин Сагын Кожобаева атындагы Самаркандек орто мектебинин жаңы имаратынын ачылды. Бул салтанаттуу иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары, мугалимдер жана мектеп окуучулары катышышты.

Баткен облусунун башчысы Абдыкарим Алимбаев аталган окуу жайдын курулушуна төщлөн-түз көмөк көрсөткөн Өзбекстандын жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирип, эки элдин бир туугандык мамилеси, достугу мындан ары да ого бетер чыңдалышына тилектештигин билдирди.ү

Пайдаланууга тапшырылган агартуу мекемеси жалпысынан 330 орунга ылайыкташып, толук шартта заманбап түрдө салынды. Мындан тышкары жаңы окуу жылына карата Баткен облусунун аймагында дагы беш мектеп, ошондой эле үч балдар бакчасы пайдаланууга тапышырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17