Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
832 Бардыгы / БИШКЕК. Баткен облусунун мурунку губернатору, ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов чек ара бекеттерин алуунун олуттуу кесепеттерин ачыктады. Эл өкүлү 1994-жылы кабыл алынган келишимге таянып гана саясат жүргүзүү керек деп эсептейт. -Стратегиялык маанидеги эки чек ара бекетинин бири 2019-жылы алынган, экинчиси “Дача”. Эгер бул дагы алынса, анда биз бул тилкени […]
833 Бардыгы / БИШКЕК. Баткен облусунун мурунку губернатору, ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов чек ара бекеттерин алуунун олуттуу кесепеттерин ачыктады. Эл өкүлү 1994-жылы кабыл алынган келишимге таянып гана саясат жүргүзүү керек деп эсептейт. -Стратегиялык маанидеги эки чек ара бекетинин бири 2019-жылы алынган, экинчиси “Дача”. Эгер бул дагы алынса, анда биз бул тилкени […]
СУЛТАНБАЙ АЙЖИГИТОВ: “ЧЕК АРА БЕКЕТТЕРИНИН АЛЫНЫШЫНА КАРШЫМЫН!”
04.10.2022 / Автор anarkan_kg834 Бардыгы /
БИШКЕК. Баткен облусунун мурунку губернатору, ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов чек ара бекеттерин алуунун олуттуу кесепеттерин ачыктады. Эл өкүлү 1994-жылы кабыл алынган келишимге таянып гана саясат жүргүзүү керек деп эсептейт.
-Стратегиялык маанидеги эки чек ара бекетинин бири 2019-жылы алынган, экинчиси “Дача”. Эгер бул дагы алынса, анда биз бул тилкени көзөмөлдөөнү толук бойдон жоготобуз. Жылма жол менен жылышып кирген тажиктердин жерлерибизди дагы ээлеп алуусуна гана өзүбүз жол ачып жатабыз. Ал эми Ворухтун чыгыш жагында Кык деген жайлообуз бар. Жайыттарды жана токойлорду коргош үчүн Булак-Башы чек ара бекети коюлган. Кедевшин деген дагы абдан чоң жайлообуз, Ак-Сай дарыябыздын башы дагы дал ошол жакта. Жылма жолду жабуу үчүн биз Тамдык чек ара заставасын түзгөнбүз. Муну менен бул аймакты тыкыр көзөмөлдөө максатыбыз бар эле. Эми аны Сойломо жолу аркылуу келишип, тажиктер беймарал ээлей беришет, – деп аябай чырылдады Жогорку Кеңеш депутаты Султанбай Айжигитов. – Ал эми Катта-Туз жакта мунай менен газдын бир топ кору дагы бар кен жайгашкан. Ушул тапта тажиктер ал газды дагыле мыйзамсыз колдонуп келе жатышат. Ошону толук алып койбошу үчүн чек ара бекетин койгонбуз. Баса, ал жерде эл жашабайт, демек, коңшуларыбыздын ачык эле басып алуусуна биз жол ачтык.
Ошондуктан Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов бул сапар Тажик тарап агрессия жолу менен мажбурлап №42-протоколго кол койдурган деп эсептейт.
-№42-протокол менен ошол чек ара бекеттери алынды. Дал ушул аянтча аскердик жаңжалдын булагы имиш, алып салсак түбөлүк тынчтык болот дешет. Бул абдан чоң жаңылыштык! Чындыгында, өз ара кагылышуулардын булагы башка жакта жатат. Ал – Тажикстандын расмий саясатында! — деп кошумчалады Баткен облусунун мурунку губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов.
Буга улай Эл өкүлү Султанбай Айжигитов ушуга дейре түзүлгөн ар кандай протоколдорду дагы токтоосуз жокко чыгаруу зарылчылыгын кошумчалады. Антпесе, документтин юридикалык күчкө ээ эместигине карабастан, Тажикстан бул документтерди бетине гана кармап кол салуусун дагыле уланта берээрин эскертти.
-Тажикстандын тышкы иштерминистри БУУда 2110 чарчы чакырым жерге дооматын артып жатат. Ушинтип укуктук мааниге таптакыр ээ эмес протоколдорду шылтоо кылып саясат жүргүзүүдө. Ушундан баш тартпаса, мындан ары деле жаңжал улана берет, коңшуларыбыз мындан дагы чоң агрессияны башташат. Биз президент Садыр Жапаровдун БУУда айткан сөздөрүн толук бойдон кубаттап, 1994-жылы чек ара аймактары тууралуу Президенттер кол коюшуп, парламент ратификация кылган келишимдер менен гана сүйлөшүшүбүз кажет! Бул эң тынчтык, компромистүү жана чукул арада чечиле турган жол. Ушуну расмий саясат кылышыбыз абзел! — деди Баткен облусунун мурунку губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов.
Белгилей кетчү жагдай: Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги ушул жылдын 25-сентябрында чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу максатында атайын протоколго кол коюшкан. Буга ылайык Кыргыз тарап “Тамдык” заставасын, “Булак-Башы”, “Катта-Туз”, “Ак-Сай” чек ара бекеттерин, Тажик тарап “Бедак” заставасын, “Кех”, “Каракчикум”, “Шаршара” чек ара бекеттерин алып салышат. Аталган бөлүктөрдүн имараттары жана курулмалары толук консервацияланат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
12.04.2024 / Автор anarkan_kg «ЖАЛАЛ-АБАД» САНАТОРИЙИ МЕНЕН «ОШ» ПАНСИОНАТЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.