Аймак

“АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН” ФРАКЦИЯСЫНЫН ЛИДЕРИ НУРЛАН ШАКИЕВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ БОЛУП ШАЙЛАНДЫ

“АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН” ФРАКЦИЯСЫНЫН ЛИДЕРИ НУРЛАН ШАКИЕВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ БОЛУП ШАЙЛАНДЫ

 1,092 Бардыгы /

БИШКЕК. Бүгүн, 5-октябрда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин 80 депутат колдоп, алтоо каршы чыкты.

Буга чейинки спикер Талант Мамытов өз каалоосу менен бүгүн кызматын тапшырды. Мамытов буга “жакындагы окуя” себеп болду деп билдирген.

Шакиев парламенттин жетинчи чакырылышына №17 Аксы округунан шайланып келген. Ал эми быйыл мартта “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болуп шайланган.

Жаңы төрага 2006-2009-жылдары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, ал эми 2009-2010-жылдары “ЭлТР” мамлекеттик телеканалынын директору болгон. Апрель революциясынан кийин Шакиев маданият жана маалымат министри болуп дайындалган. Ал эми депутаттык мандат алганга чейин төрт жыл NewTV телеканалын жетектеген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17