Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
1,945 Бардыгы / Жашырып не. Ош шаардык мамлекеттик архивинин жапжаңы имараты өтө шашылыш жана дагы сапатсыз курулган. Эң эле өкүнүчтүүсү: заман шарынан артта калып, эмдигиче санариптештериле дагы элек. Буга улай архивдеги бардык документтер сакталган жайдагы абанын температурасы бир калыпта кармалуучу талап дагы дээрлик сакталбай жаткан чагы… – Көрдүңүздөр го, Ош шаардык мамлекеттик архивинде 102 […]
1,946 Бардыгы / Жашырып не. Ош шаардык мамлекеттик архивинин жапжаңы имараты өтө шашылыш жана дагы сапатсыз курулган. Эң эле өкүнүчтүүсү: заман шарынан артта калып, эмдигиче санариптештериле дагы элек. Буга улай архивдеги бардык документтер сакталган жайдагы абанын температурасы бир калыпта кармалуучу талап дагы дээрлик сакталбай жаткан чагы… – Көрдүңүздөр го, Ош шаардык мамлекеттик архивинде 102 […]
ОШ ШААРЫНЫН АРХИВИ – ТАРЫХЫ КОРКУНУЧТА!
26.10.2022 / Автор anarkan_kg

1,947 Бардыгы /
Жашырып не. Ош шаардык мамлекеттик архивинин жапжаңы имараты өтө шашылыш жана дагы сапатсыз курулган. Эң эле өкүнүчтүүсү: заман шарынан артта калып, эмдигиче санариптештериле дагы элек. Буга улай архивдеги бардык документтер сакталган жайдагы абанын температурасы бир калыпта кармалуучу талап дагы дээрлик сакталбай жаткан чагы…


– Көрдүңүздөр го, Ош шаардык мамлекеттик архивинде 102 миң документ, дээрлик 292 фонд сары майдай сакталып турат, – деди кепке аралашкан Ош шаардык мамлекеттик архивинин директорунун орун басары Мырзабек МАТКАСЫМОВ, – Эң кейиштүүсү: биринчиден, заман талабына жараша дагыле санариптештириле элекпиз.Анан дагы Ош облусундагыдай өтө зарыл чоң көлөмдөгү сканер жабдыгыбыз жок! Экинчиден, кааналарыбыз дагы абдан эле тартыш. Ошондуктан ар биринде алты-жети кызматкерибиз эптеп сыйлыгышып, тыгылышып гана олтурашат. Үчүнчүдөн, мобул жаңы имаратыбыз кыска аралыкта Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы тарабынан абдан эле сапатсыз курулган. Мындайча айтканда, курулуш атайын стандарттардын талаптарына таптакыр жооп бербейт! Мунун жарым акчасын каратып туруп жеп дагы коюшкан…


– Өзү атайын талапка ылайык текчелерде алты, же жети катар гана документтер жайгаштырылышы кажет! Бирок, мындай шартыбыздын жоктугунан баарынын тең сапаты уламдан улам жоголуп эле баратат, – деп чырылдады Ош шаардык мамлекеттик архивинин атайын фондунун сактоочусу Бегайым СМАНАЛИЕВА. – Мобул документтер сактаган жайлардатемпература кур дегенде дайыма бир калыпта – 19 градус жылуулукта гана сөзсүз кармалып турушу кажет! Айрыкча кышындасы суук абдан күчөгөндө бул температура дароо ылдыйлай түшөт. Ошондо биз өлгүдөй кыйналабыз. Кондиционерибиз иштебей мукуратты…
– Жаңы имаратыбыз биздин азыркы көйгөйүбүздү толук бойдон чечет ко деп катуу үмүттөнгөн элек… – деди агынан жарылган Ош шаардык мамлекеттик архивинин директорунун орун басары Мырзабек МАТКАСЫМОВ, – Тилекке каршы,Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы бул курулуштун жарым акчасын жеп дагы койгон. Дал ушунун кесепетинен мекемебизде электрондоштуруу жана документтер базасын ирээттештирүү алигүнчө биржаңсыл нукка түшө элек…
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Ош шаардык мамлекеттик архиви түптөлгөндүгүнө мына быйыл туптуура кыркы жылдан ашты. Ушул тапта мекемеде 21 кызматкер эмгектенет. Булар документтерди иргеп-ирээттеп, эсепке алып жана дагы толук кандуу сакталышын такай көзөмөлдөп, маалыматтарды пайдаланып жана керек кезде жаңылап дагы турушат. Баса, Ош шаардык мамлекеттик архиви тээ Союз маалында, өткөн кылымдын 1978-жылында түптөлгөн. Андыктан, бул жайда 1945-жылдан берки Ош калаасында эсмектенгендердин бардыгынын документтери сакталып турат. Ал эми түбөлүктүү сакталуучу иш-кагаздар – документтер Ош облустук архивине токтоосуз өткөрүлүп турат…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
18.02.2026 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТУК КОЛЛЕГИЯНЫН ЖЫЙЫНЫНДА КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨЛӨМДӨРҮ ТАПШЫРЫЛДЫ
-
18.02.2026 / Автор anarkan_kg “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОРГОЛУУГА ЭМЕС, КОЛДОНУУГА МУКТАЖ” АТТУУ ЖЫЙЫН ӨТТҮ
-
18.02.2026 / Автор anarkan_kg ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
-
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg Сүйүнбай ЫСАКОВ: “КАРА-СУУНУН МУГАЛИМДЕРИНИН 90 ПАЙЫЗЫ – АЯЛДАР!”
-
14.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ МУНИЦИПАЛДЫК БАЗАРДЫ КУРУУНУ “МСК ГРУПП” ЖҮРГҮЗӨТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.