Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫ КЫЛЫМГА ТЕТЕ ДАҢКТУУ ЖОЛДУ БАСЫП ӨТТҮ

КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫ КЫЛЫМГА ТЕТЕ ДАҢКТУУ ЖОЛДУ БАСЫП ӨТТҮ

 306 Бардыгы /

Урматтуу милиция кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдык мааракеси жана кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз милициясы кылымга тете даңктуу жолду басып өттү. Бул мезгил аралыгында милиция кызматкерлеринин коомдогу орду канчалык маанилүү экенин өлкөбүздүн тарыхындагы бир канча окуялар көрсөттү. Сиздер мыйзамдын, адам укуктарынын сакчылары болуп, уюшкан кылмыштуу топторго, терроризмге, диний-экстремизмге каршы татыктуу күрөшүп келе жатасыздар. Мындан ары да элдин ишеничин актап, коомдун коопсуздугун камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди жоопкерчилик жана абийирдүүлүк менен аткарасыздар деп терең ишенем.
Соңку жылдары Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен өлкөбүздө анын ичинде Жалал-Абадда укук коргоо органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан колдоо багытында бир катар чаралар көрүлүп, өкмөт тарабынан турак жай менен камсыздоо, айлык акыларды жогорулатуу сыяктуу жумуштар аткарылууда. Бул да болсо мамлекеттин сиздердин жумуш сапатыңыздарды жогорулатууга болгон аракети десем жаңылышпайм. Андыктан талыкпай эмгектенип, элибиздин сиздерге болгон ишенимин актайсыздар деген ойдомун.
Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук каалайм. Элибизде тынчтык жана бейпилдик болсун!
Майрамыңыздар менен!

Эрнисбек ОРМОКОВ, Жалал-Абад шаарынын мэри

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17