Аймак

БИШКЕК – ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДАГЫ КАР КӨЧКҮ ТАЗАЛАНЫП, ЖОЛ КАТТООГО АЧЫЛДЫ

БИШКЕК – ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДАГЫ КАР КӨЧКҮ ТАЗАЛАНЫП, ЖОЛ КАТТООГО АЧЫЛДЫ

 855 Бардыгы /

БИШКЕК. Бишкек – Ош автоунаа жолундагы Көлбаев атындагы туннелдин түштүк тарабында болжол менен 4 миң куб метр кар көчкү түшкөн эле. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, автоунаа жолу толук бойдон жабылган.

Акрыкы мааалыматка караганда, жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч куткаруучусу тартылган. Тазалоо иштерин жүргүзүүгө бир жүктөгүч, эки грейдер тартылып, түнкү саат 00:15те жол толугу менен тазаланып, эки тараптуу ачылды.

Баса, Кыргыз республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Сосновка бекектинде жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилгендигин дагы бир ирет эскертет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17