Аймак

СОВЕТТИК АСКЕРЛЕРДИН ООГАН ЖЕРГЕСИНЕН ЧЫГАРЫЛГАНДЫГЫНЫН 34 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

СОВЕТТИК АСКЕРЛЕРДИН ООГАН ЖЕРГЕСИНЕН ЧЫГАРЫЛГАНДЫГЫНЫН 34 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 1,026 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багында советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 34 жылдыгы белгиленди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ооган согушунун ардагерлери жана каза болгондордун жакындары катышты.

Эскерүү иш-чарасында каза болгон аскерлерге арналган эстеликке гүл коюлуп, курман болгондорго багышталып куран окулду. Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков каза болгон жоокерлердин жакындарына көңүл айтып, алар эч качан унутулбай тургандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, ооган согушуна 620 миң советтик аскер катышкан болсо, алардын ичинен 105 жоокер Жалал-Абад шаарынан барган. Алардын арасынан 17 жоокер курман болгон. Учурда калаада 79 ооган согушунун катышуучусу бар. Аларга мамлекет тарабынан жана жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17