Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,768 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 21-февралда Ички иштер министрлигинин Генералдар клубунун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын негизинде, ошондой эле Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун демилгеси менен министрликтин 2023-жылдын13-февралындагы “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин руханий адеп-ахлактык сапатын көтөрүү жөнүндө” №97-т сандуу тескемесинин атайын графигине ылайык […]
1,769 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 21-февралда Ички иштер министрлигинин Генералдар клубунун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын негизинде, ошондой эле Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун демилгеси менен министрликтин 2023-жылдын13-февралындагы “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин руханий адеп-ахлактык сапатын көтөрүү жөнүндө” №97-т сандуу тескемесинин атайын графигине ылайык […]
ГЕНЕРАЛДАР КЛУБУНУН МҮЧӨЛӨРҮ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
22.02.2023 / Автор anarkan_kg

1,770 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 21-февралда Ички иштер министрлигинин Генералдар клубунун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын негизинде, ошондой эле Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун демилгеси менен министрликтин 2023-жылдын13-февралындагы “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин руханий адеп-ахлактык сапатын көтөрүү жөнүндө” №97-т сандуу тескемесинин атайын графигине ылайык Жалал-Абад облусуна келишип, милиция кызматкерлери менен жолугушту.
Жалал-АбадОИИБдин басма сө зкызматы билдиргендей, жолугушууга ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин Генералдар клубунун мүчөлөрү милициянын отставкадагы генерал-майорлору Рашид Тагаев, Абдукапар Мавлянов, Шеркозижан Мирзакаримов, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов, шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, өздүк курам жана ардагерлер кеңештеринин төрагалары катышты.
Алгач Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов сөз сүйлөп, келген конокторду өздүк курамга тааныштырды. Андан соң гимн ырдалып, ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовго сөз берилди.
Октябрь Урмамбетов ички иштер министри Улан Ниязбековдун 7 багыттагы приоритеттүү тапшырмаларын натыйжалуу аткаруу боюнча талаптарын өздүк курамга толугу менен жеткирип, ошондой эле бүгүнкү күндөгү кемчиликтерге токтолуу менен аларды жоюу максатында бир топ тапшырмаларды койду.
Андан соң Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев сөзгө чыгып, милициянын тарыхына токтолуу менен азыркы учурду салыштырып, материалдык-техникалык базанын жетишкен заманында жана жакшы түзүлгөн шартта милиция кызматкери ак дилден кызмат өтөөсү керектигин баса белгиледи.
Генералдар клубунун мүчөсү Абдукапар Мавлянов кызматкерлерди талыкпастан окуп, билим алууга чакырды. Ар бир кызматкер тарыхты жакшы билиши керектигин жана өзү жакшы иштеп, мүнөзү, жүрүм-туруму менен милициянын тарыхында изин калтырууга умтулуу зарылдыгын айтты.
Андан кийин сөзгө Рашид Тагаев чыгып, кызматкер дүйнөдө болуп жаткан окуялардан кабардар болуп, дин багытында экстремисттик топторго каршы күрөшүүгө көңүл бурушу керектигин белгиледи. Заманбап технологиянын өнүккөн шартында, техниканы өздөштүрүп, кылмыштуулук менен күрөшүүдө максаттуу пайдаланууга үндөдү.
Ал эми Шеркозижан Мирзакаримов кызматкерлерди маданияттуу болуп, эл менен жолугушууда интеллектуалдык даражаны өркүндөтүп, негизгиси руханий байлыгыбызды өнүктүрүү зарыл экендигине токтолду. Кызматкерлерди тарбиялоодо академияда билимди жакшы берип, катуу талап болсо, практика жүзүндө кыйналбай жумуш алып барууга шарт түзүлөрүн айтты.
Жалпысынан алганда генералдар кыргыз милициясынын кадыр-баркын жогору көтөрүү жана элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатууда ар бир кызматкерди талыкпастан эмгектенүүгө чакырышты. Андан сырткары Жалал-Абад облустук милициясы дайыма ийгиликке жетишкен, элге кызмат кылган элдик милиция болушуна тилектештигин билдиришти. Айрыкча милицияга ант берип жумушка киргенден кийин ак дилден кызмат өтөп эл үчүн, коомдук тартипти камсыздоодо мыкты иштеш керек жана кызматта өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо зарылдыгын белгилешти.
Жолугушууда Жалал-Абад облустук ардагерлери тарабынан ИИМдин жетекчилигинин аларга ден соолугун чыңдоодо жана сыйлоо учурларында көңүл бурулушун сунушташып, жалпы милиция кызматкерлерине ден соолук жана ийгиликтерди каалашты.
Жыйынды аяктап жатып Октябрь Урмамбетов кызматкерлерди элдин арыз-даттанууларын чечүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырып, кызматкерлердин күжүрмөн, кесиптик даярдыгы жогорку деңгээлде болуп, жетекчилик өздүк курамдын иштөөсүнө шарт түзүү менен биргеликте заман талабына ылайык иш алып баруу зарылдыгын жана Мекен, эл үчүн ак дилден, чынчылдык менен иштөө ар бир кызматкердин милдети экендигин баса белгиледи.
Жыйындан соң генералдар клубунун төрагасы баштаган топ Жалал-Абад ОИИБдин кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин эстелигине келишип гүл чамбар коюшуп, куран окулуп, эскерүү зыйнатын өткөрүштү.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
24.07.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-ОШ УНАА ЖОЛУНДА ДРОН МЕНЕН ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДАР АНЫКТАЛУУДА
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.