Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,618 Бардыгы / БИШКЕК, Бүгүн, 7-мартта ИИМдин коллегия залында 8-Март Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ички иштер министри УланНиязбеков, милиция айымдарын куттуктап, кызматтык ишинде жогоркуийгиликтерге жетишкен милиция кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.Ички иштер министри өз сөзүндө бардык өздүк курамдын жана жеке өзүнүнатынан аял кызматкерлерди ушул жаз, жаркын жана кооз […]
1,619 Бардыгы / БИШКЕК, Бүгүн, 7-мартта ИИМдин коллегия залында 8-Март Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ички иштер министри УланНиязбеков, милиция айымдарын куттуктап, кызматтык ишинде жогоркуийгиликтерге жетишкен милиция кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.Ички иштер министри өз сөзүндө бардык өздүк курамдын жана жеке өзүнүнатынан аял кызматкерлерди ушул жаз, жаркын жана кооз […]
ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ АЙЫМДАРДЫ 8-МАРТ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
07.03.2023 / Автор anarkan_kg

1,620 Бардыгы /
БИШКЕК, Бүгүн, 7-мартта ИИМдин коллегия залында 8-Март Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ички иштер министри Улан
Ниязбеков, милиция айымдарын куттуктап, кызматтык ишинде жогорку
ийгиликтерге жетишкен милиция кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.
Ички иштер министри өз сөзүндө бардык өздүк курамдын жана жеке өзүнүн
атынан аял кызматкерлерди ушул жаз, жаркын жана кооз майрамы менен
куттуктады.
ИИМдин башчысы белгилегендей, 8-Март майрамы жаратылыштын ойгонушу,
жылдын жаңы, жаркын жана кооз мезгилинин башталышы менен байланыштуу.
Аялдардын аркасында биздин түбөлүк баалуулуктарыбыз – бул сүйүү,
үй-бүлө, берилгендик. Алар үй-бүлөлүк очокту сактап, балдарды тарбиялап,
алардын колдоосу жана сүйүүсү эркектерди татыктуу иштерге жана
эрдиктерге шыктандырат, кайрат жана үмүт берет, бул дүйнөгө кубаныч жана
гармония, тынчтык жана бейпилдик алып келет.
Өз куттуктоосунда ички иштер министри кесиби милиционер жана аскер
кызматчысы болуп калган аялдарды өзгөчө белгилеп, үй-бүлөлүк
бакыт-таалай, бакубатчылык, кесиптик тармагында ийгиликтерди каалап,
биздин дүйнөнү жарык жана кубанычтуу кылып, ар дайым ошондой эле сулуу
бойдон калуусун каалады.
“Кыргызда «аял-эне, аял-бакыт, аял-жар»-деген жакшы сөз бар. Ага улай
баарыбызга өмүр, ченемсиз бакыт тартуулаган аялзаты экенин эч ким тана
албаса керек. Жашообуздагы чоң түйшүктү мойнуна артып, чоң жоопкерчилик
менен бала тарбиялап, үзүлгөндү улап, адамзатынын улуулугун даңазалап
келген аялзаттын эмгеги зор экендигин жакшы билебиз.
Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык
энелерге башымды ийип таазим этем. Кыргыз элинин байыркы тарыхында айкөл Манасты берген Чыйырдыдан тарта Каныкей менен Айчүрөк, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкал, Курманжан Датка сыяктуу даанышман, каарман жана мээнеткеч аялзатынын образы калыптанган.
Биздин да кызматкерлердин арасында айкөл, эр жүрөк, кайраттуу айымдар
кызмат өтөшөт, биз да алар менен сыймыктанабыз.
Урматтуу биздин мыкты аял кызматкерлер жана милициянын ардагерлери!
Жаздын эң сонун майрамы – 8-Март аялдардын эл аралык күнү менен чын
жүрөктөн куттуктайбыз. Жаздын алгачкы нурлары жүрөгүңдү жылуулукка
толтуруп, жакындарыңдын сүйүүсүн, жакшы маанай тартууласын.
Баарыңыздарга бакыт, жылмаюу, бакубат жашоо, бакубат жашоо, ийгилик
каалайм», – деп баса белгиледи ички иштер министри.
Салтанаттуу иш-чарада милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков
кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжаларга жетишкен кызматкерлерине
ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.
Өткөн жылы биздин ички иштер министрлигинин кызматкерлери кандидаттык
диссертациясын жактап, илимий ишинде ийгиликтерге жетишкен. Ошондой эле
биздин аял-милиционерлердин спорттун көптөгөн түрлөрүндө жогорку
спорттук натыйжаларга жетишүүгө болгон принципиалдуу умтулуусун белгилеп
кетүү зарыл. 2022-жылы ИИМдин кызматкерлери ар кандай спорттук
турнирлерде, анын ичинде эл аралык мелдештерде 10 жолу алдыңкы орундарды
ээлешкен.
Куттуктоолордон жана сыйлыктарды тапшыруудан кийин ИИМдин ардагери,
композитор жана аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти
Туратбек Дуйшеевдин концерттик программасы болуп өттү.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.