Аймак

БАТКЕНДИН ӨРҮК-ЗАР АЙЫЛЫНДА ЖАШООЧУЛАРДЫН ДЕМИЛГЕСИНИН НЕГИЗИНИДЕ 6 ЧАКЫРЫМ ЖОЛГО АСФАЛЬТ ТӨШӨЛӨТ

БАТКЕНДИН ӨРҮК-ЗАР АЙЫЛЫНДА ЖАШООЧУЛАРДЫН ДЕМИЛГЕСИНИН НЕГИЗИНИДЕ 6 ЧАКЫРЫМ ЖОЛГО АСФАЛЬТ ТӨШӨЛӨТ

 2,205 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Өрүк-Зар айылында жергиликтүү жашоочулардын күчү менен алты чакырым жолго асфальт төшөлмөкчү. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы өкүлчү Абдыкарим Алымбаев билдирди.

Маалыматка караганда, аталган маселе президенттин облустагы өкүлү Абдыкарим Алимбаевдин жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуусунда ачыкталды. Кездешүү маалында облус башчысы, район акими жана дагы жол куруучу компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү жашоочулар менен Өрүк-Зар айылынын негизги жолунун курулушу боюнча маселелерди кызуу талкуулашты жана акырында өз ара макулдашты.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчү Абдыкарим Алымбаевэлдин бул демилгесин кызуу кубаттап, калк менен кошо жасалган жумуш ийгиликтүү болооруна ишенээрин кошумчалады. Ошондой эле «Мындай учурда элди толук кандуу мобилизациялоо менин эң негизги максатым!» деп кошумчалады.

Ошентип, баткендик жетекчилер жана тургундар жол куруучу компаниянын жолду сапаттуу жана дагы арзан куруп берүүсү өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгилешти. Өрүк-Зар айылынын негизги жолун асфальттоого айыл эли өздөрү 6 миллион сом каражат топтогон. Ал эми айылдык эки ишкер 1 миллион сом кошкон. Ак-Турпак Айыл Өкмөтү жергиликтүү бюджеттен 6 миллион сом ажыратса, ал эми жергиликтүү калктын бул аракетин колдоо максатында мамлекет тарабынан 15 миллион сом каралды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17